22 октября 2024
Бир нече айлардын аралыгында “Антропология, урбанизм жана Эл аралык өнүктүрүү” магистратурасынын “Урбанизм” концентрациясынын жана “Эркин искусстволор жана илимдер” факультетинин студенттери доцент Эмиль Насритдиновдун жетекчилиги астында SILK командасынын жана Ачык коом университеттеринин түйүнүнүн колдоосу менен Бишкектеги Түштүк магистралы жана Ала-Арча суусунун жээгинин кесилишиндеги каралбай калган аймакты кайра өзгөртүп, долбоорду “Шаардагы дарыя” деп аташты. Бүгүнкү күндө бул дем алуу жана убакытты көңүлдүү өткөрүү үчүн кооз жайга айланган. Чөнтөк сейил багынын ачылышы өткөн аптанын аягында орун алды. Бул тууралуу “Любимый” телеканалы тарабынан даярдалган сюжет баяндайт.