Николас Друкваер: “БААУда орус тилин иликтөө менен кандай ийгиликтерге жетиштим?”

Николас Друкваер: “БААУда орус тилин иликтөө менен кандай ийгиликтерге жетиштим?”

4 октября 2024

Окурмандардын назарына БААУнун жайкы мектебинде орус тилин үйрөнгөн чет элдик студенттердин эсселерин сунуштайбыз. Аталган жайкы мектеп жыл сайын Бард-колледж менен биргеликте уюштурулуп келет. Орус тилинин курсун өткөн студенттер орус тилин иликтөөдө чоң ийгиликтерге жетишкен.

 

«Иликтөөдө токтоп калууга болбойт» Сюнь-Цзы

Менин аты-жөнүм - Николас Друкваер, Америкадан келген студентмин. Мен Бард-Колледжде окуйм, ал жакта дүйнө менен Россиянын тарыхын жана албетте орус тилин иликтейм. Мен Бишкекке келгенге чейин орус тилин 2 жыл үйрөнгөм.

Эң оболу “Манас” аба майданына келип конгондо эле мени баары таң калтырган, бул жакта мен таптакыр башка өлкөдө болуп калдым. Кайда болбоюн билбеген сөздөрдү окуйсуң жана угасың. Белгилеп кетсем, бул менин Америкадан тышкаркы алгачкы сапарым! Мага көбү такси аласыңбы деп кайрылышканда, эмне дешти билген эмесмин. Такси кызматынын айдоочулары менен орус тилинде сүйлөшүүдөн коркком. Эми минтип арадан убакыт өтүп, менин орус тилимдин деңгээли жакшырды жана эгер такси кызматкерлери мага келишсе ишенимдүү түрдө баш тарта алам. Ал эми башында аба майданында унчукпоо менен гана чектелгем.

Орус тили сабагында Астрид Линдгрендин чыгармасынын негизинде тартылган “Бөбөк жана Карлсон” мультфильмин көрдүк. Анда чатырда жашаган Карлсондун жакшы бир кеңеши бар жана ал мага абдан жардам берди. Ал ар дайым минтип айтат: “Шашпа, таптакыр шашпа”. Андыктан орус тилинде сүйлөп жатканымда толкунданбоо керек экендигин билем жана дал ошол кеңешти эстейм.

Таптакыр тааныш эмес, эч нерседен кабарың жок мамлекетте жашоо оңой эмес. Анын үстүнө мен бул жакка үй-бүлөсүз жана досторсуз келдим. Кыргызстанга келерде дос таба аламбы же жокпу деп коркчумун. Мени менен кошо университетибизден 3 студент келген. Окуунун башында баарыбыз достошуп кеттик. Карта ойнойбуз, жума күндөрү сабактардан кийин жолугушабыз. Биздин БААУдагы тьюторлорубуз мыкты кишилер болчу. Алардын бири Самар менен үй тапшырмаларын дайыма бирге аткарганыбызга кубанар элем. Ал менен достошуп да алдык. Канчалык кооптонууларга карабастан, мен өмүр бою эстеп кала турган адамдар менен тааныштым. Менин БААУдагы алгачкы жетишкендиктеримдин бири жаңы досторду тапканым деп эсептейм.

Менин Бишкектеги программаларымдагы эң бир кызыктуу окуялардлын бири экскурсиялар болду. Мен Ысык-Көлгө жана Соң-Көлгө барып келдим. Ысык-Көлдө көп эс алдым, күнгө какталдым жана россиялык “Аквариум” рок-группасы тууралуу бет ачар жасадым. Бет ачарды орус тилинде эркин жасаганыма абдан кубандым. Менин бет ачарым жана “Аквариум” тобунун жаңырган ырлары баарына жакты деген ойдомун. Ысык-Көл - абдан керемет көл экен. Биз токтогон пансионат да жакты. Ал жакта орус тилдүү эс алуучулар менен баарлашууга жетиштим. Негизи мен тартынчаак адаммын жана тааныш эмес адамдар менен көп сүйлөшө бербейм. Бирок пансионатта орус тилинде көп баарлашкым келди. Эми мен орус тилинде тааныш эмес адамдар менен эркин сүйлөшө алам. Орус тилинде кандайдыр-бир нерселерди ийгиликтүү жасап жатканым менен сыймыктанам. Чынында мындайды жада калса эне тилимде да дайым эле жасай бербейм.

Бишкек - мен көргөн мыкты жайлардын бири. Бул жерде мен кызыктуу адамдар менен тааныштым,  орус тилимдин деңгээлин жогорулаттым. Кээде орусча сүйлөп жатып катачылыктарга жол берсем да, такыр толкунданбайм.

Мен БААУнун жайкы мектебинде орус тилимди өркүндөтүү сунушун берген Бард-Колледждеги окутуучуларым Олег менен Ольгага ыраазычылык билдирем.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028