Камбараалиева Жамиля, ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси

Камбараалиева Жамиля, ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси

2 октября 2024

Бишкектин тургуну Камбараалиева Жамиля, ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси эмне себептен БААУга окууга тапшырууну чечкени жана “Программалык инженерия” факультетин тандаганы тууралуу айтып берди.

 

– Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

– Менин атым - Жамиля. Бишкектеги К. Бобулов атындагы №88 орто билим берүү мектебин аяктагам. Учурда БААУда Software Engineering боюнча окуйм. ЖРТнын Алтын сертификатынын жардамы менен университетте менин билим алуум 100% грант менен ишке ашууда. Мени инновациялык технологиялар кызыктырат жана өз өлкөм Кыргызстан менен сыймыктанам.

 

– Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырууну чечтиңиз?

Менин бул ЖОЖго окууга тапшыруума билим берүүнүн жогорку сапаты, маданий ар тараптуулук жана окутуунун уникалдуу системасы негиз болгон. 11-классымда райондук билим берүү бөлүмү бизди БААУга экскурсияга жөнөтүп, мени кампустагы эркиндик жана жайлуулук атмосферасы шыктандырган.

 

– ЖРТнын Алтын сертификаты сиздин тандооңузга кандай таасирин тийгизди?

Алтын сертификат менин тандоомдо маанилүү роль ойноду, анткени мен бюджеттик орун алууга умтулгам. Ансыз мен БААУга окууга тапшыра алмак эмесмин.

 

– Сиздин багыт алуу программаңыз кандай өткөн жана БААУ жөнүндө кандай жаңы нерселерди билдиңиз?

Багыт алуу апталыгы жаңы таанышуулар жана университетке көнүү жагынан ийгиликтүү өткөн. Биздин ыктыярчыларга баары үчүн рахмат. Мага БААУда өнүгүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгү абдан жагат. Мисалы биз мусулмандар үчүн маанилүү болгон намазкана бар.  

 

– “Программалык инженерия” факультетине эмне себептен токтолдуңуз?

– Мен “Программалык инженерия” факультетин Кыргызстандын андан ары санариптик өнүгүүсү үчүн бул тармакта адистер керек экендиги үчүн тандагам. Бул кесиптин ийкемдүүлүгү өзүңдүн күчтүү жактарыңа көңүл бөлүүгө көмөктөшөт. 

 

– БААУда төрт жылдык билим алуудан эмнелерди күтүүдөсүз?

– Төрт жылда өз дараметимди ишке ашырууга өбөлгө түзө турган сапаттуу билим алууну күтөм. Мекенчил катары Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн өз салымымды кошкум келет.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028