Якуб Халуска: “Бул мезгилди жашоомдогу чоң ийгиликтер коштогон учур деп эсептейм”

Якуб Халуска: “Бул мезгилди жашоомдогу чоң ийгиликтер коштогон учур деп эсептейм”

1 октября 2024

Окурмандардын назарына БААУнун жайкы мектебинде орус тилин үйрөнгөн чет элдик студенттердин эсселерин сунуштайбыз. Аталган жайкы мектеп жыл сайын Бард-колледж менен биргеликте уюштурулуп келет. Орус тилинин курсун өткөн студенттер орус тилин иликтөөдө чоң ийгиликтерге жетишкен.

«Акыл эр жүрөктүүлүктөн өйдө» Федр

Менин аты-жөнүм - Якуб. Орус тилин иликтөө үчүн Чехиядан келдим. Менин орус тилин үйрөнүү мотивациям БУУда эмгектенүү менен байланышкан. Бишкекке келген кезимде орус тили боюнча менин билимдерим минималдуу эле. Бул менин Азияга болгон алгачкы сапарым болуп, эмне күтөрүмдү билген эмесмин.

Азыр мен орус тилинде сүйлөгөндө өзүмдү бир кыйла ишенимдүү сезем. БААУда мен сонун студенттер менен профессорлорду кезиктирдим жана алар менин орус тил деңгээлимди жогорулатууга чоң көмөк көрсөтүштү. Алар чын дилинен мага жардам берип, грамматикалык эрежелерди кайра-кайра кайталап, мени менен орус тилинде сүйлөшүп жатышты.

Мен Кыргызстанды сүйүп калдым! Менин оюмча бул жер жаратылыш менен шаардын ортосундагы мыкты баланс сакталган жашоо үчүн мыкты жайлардын бири. Адамдары да жагымдуу жана кең пейил. Кыргызстанда мен коньки тебүүнү жана улуттук тамак-аштарды жасоону үйрөндүм. Ошондой эле ар кандай маданий эстеликтерди, улуттук парктарды жана музейлерди кыдыруу менен өлкөнүн тарыхы жана маданияты тууралуу көп жаңы маалыматтарга ээ болдум. Жаркын учурлардын бири Соң-Көлгө болгон сапар болду. Анда мен жаратылыштын кооздугунан жана салттык жашоодон рахат алдым.

Күндөрдүн биринде биз группалаштарыбыз менен түштөн кийин Соң-Көлгө жөнөп калдык. Жолдо баратып асмандагы көк желеге күбө болдук жана бул саякатыбызга өзгөчө маанай тартуулады. Боз үйлөрдөн турган лагерге жеткенибизде, бизди жылуу тосуп алышты. Улуттук тамак-аштардан даам сыздык. Экинчи күнү биз саякатка аттанып, петроглифтерге күбө болдук. Андан соң көлдү бойлой ат миндик. Кечинде ар кандай оюндарды ойноп, баарлашуудан рахат алдык. Жекшемби күн бат эле өтүп кетти жана биз Бишкекти карай жөнөдүк. Жолдо кыргыз үй-бүлөсүнүн үйүнө токтоп, даамдуу тамактандык. Айтор сапарыбыз унутулгус, жаркын таасирлерге жана ачылыштарга бай болду. Мен өзгөчө жергиликтүү тургундардын кең пейилдигин жана меймандостугун эстеп калдым. Бул көптөгөн жагымдуу эскерүүлөрдү калтырган укмуштуудай саякат болду.

Дагы бир саякатымда мен орус тилдүү гиддердин коштоосунда 3800 метр бийиктикке көтөрүлүүгө жетиштим.

Өзгөчө менин эсимде бизди даамдуу тамактарды жасап кубанктан меймандос үй-бүлөнүн үйүндө жашаганым эсте калды. Бишкекте өткөргөн 2 ай аралыгында көп нерселерге жетиштим. Орус тилимдин деңгээлин жакшырттым, Нью-Йорк жана БАЭден келген кызыктуу адамдар менен тааныштым. Алар менен Колумбиялык университетте дагы жолугушам деген үмүттөмүн.

Бул мезгилди жашоомдогу чоң ийгиликтер коштогон учур деп эсептейм.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028