Кербендин кулуну болгон Айша кантип Fulbright программасына тапшырып, Остиндеги Техас университетинде окуу үчүн толук грант алууга жана режиссёр болууга жетишти

Кербендин кулуну болгон Айша кантип Fulbright программасына тапшырып, Остиндеги Техас университетинде окуу үчүн толук грант алууга жана режиссёр болууга жетишти

31 июля 2024

#alumni##LifeAfterGraduation

Биз сиздер менен кино тууралуу баарлашабыз. Тактап айтканда, Айша Султанбекова кантип Fulbright программасына тапшырып, 100% грант алууга жетишкендиги тууралуу. Айша Кербен шаарында төрөлүп-өскөн, БААУнун 2018-жылкы “Журналистика жана массалык байланыштар” факультетинин бүтүрүүчүсү. Айша өз академиялык жолун Америкада улантып, Остиндеги Техас университетинин “Кино өндүрүш” факультетинин “Режиссура” багыты боюнча магистратурасын аяктады. Ал ондогон кыска метраждуу тасмалардын автору, анын дебюттук “Ad Astra” тасмасы кинофестивалдарга катышкан. Анын максаты толук метраждуу тасма тартып, Кыргызстандын аймактарында кино индустрияны өнүктүрүү болуп эсептелет. Жакында анын Limon Media`да маеги жарык көрүп, анда ал MFA (Master of Fine Arts) даражасын кантип алгандыгы жана аны алуу үчүн эмнелер керек экендиги жана ошондой эле программа катышуучулар үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачары тууралуу айтып берген.

– Айша, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз: кандай үй-бүлөдө төрөлүп-өскөнсүз жана балалыгыңыз кандай өткөн?

– Мен Аксы районундагы Кербен шаарында төрөлүп-өскөм жана ал жакта орто мектепти аяктап, Бишкекке көчүп келгенге чейинки 17 жылдык өмүрүм өттү. Менин үй-бүлөм педагогика менен тыгыз байланышкан: менин эки чоң атам мугалим болушкан, таяке жана эжелерим да билим берүү тармагында эмгектенишкен. Атам да мугалим болсо, апам мектепте математикадан сабак өтүүгө 40 жылын арнады.  

Мектепте кандай окугансыз жана кайсы сабактар сизге жакын болчу?

– Мен ар дайым тил алчак бала болуп, мектепте жакшы окучумун. Бирок окуу оңой болчу дегенден алысмын. Мектепте өзгөчө англис тилине кызыкчумун.

8-классымда бүт жай мезгили бою кара кайналы кургатуу менен алектенип, анан кышында аларды сатып, түшкөн акчага англис тили боюнча китептер менен дисктерди сатып алуу үчүн Бишкекке барганым эсимде. Ошондо 7000 сомго окуу материалдарын сатып алгам.

Ал мезгил үчүн бул чоң суммадагы акча болгон. Ал каражаттарды өз эмгегим менен иштеп тапканымды түшүнүп жетүү мага абдан жагымдуу сезимдерди тартуулаган.  

Сиздин инсандык жактан калыптанууңузга ким таасир тийгизди?

– Инсандык жактан калыптанышыма менин ата-энемдин тарбиясы чоң таасирин тийгизди. Алар баарын чеги менен жасачу. Эркиндик берүү жана чектөө жактан. Алардын мен үчүн жасаган эң баалуу нерсеси - бул мени өз алдымча болууну үйрөтүп тарбиялаганы. Өзгөчө мында менин апамдын салымы зор.

– Мектепте кандай окугансыз?

– Мектепте активдүү окуучу болчумун, классымда староста элем. Мектепте өтчү дээрлик бардык иш-чараларга катышып, англис тили боюнча олимпиадаларга барчумн.  

Сиздин академиялык жолуңуз эмнеден башталды?

– 2014-жылы мен №36 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепти аяктап, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин “Журналистика жана массалык байланыштар” факультетине тапшырдым.  

Кесипти тандоодо сизге кимдир-бирөө жардам бергенби?

– Чынын айтсам, ал кезде бул боюнча анча деле башым ооручу эмес, анткени менин башкы максатым БААУга окууга өтүү болчу. Ал эми кесипти тандоодо мен активдүү ишмердүүлүктөн туруп, кеңсе жумушу менен чектелбеген адистикке умтулгам. 

– Сиз БААУга окууга тапшырууга кантип даярдангансыз? Даярдык көрүүнүн негизги баскычтары тууралуу айтып бериңиз?

– Чынын айтсам, мектепте окуп жүргөн кезде Бишкектин окуу жайлары жөнүндө көп билчү эмесмин. Апамдын БААУ, Кыргыз-Түрк “Манас”, КОСУ, Ататүрк-Ала-Тоо унивреситеттерин карап көр дегени эсимде. БААУ приоритетке ээ экенин жана ага окууга өтүү үчүн англис тилин мыкты деңгээлде билүү зарылдыгын билчүмүн. 10-класстын ортосунан тартып БААУга окууга тапшыруунун жол-жоболорун кененирээк иликтей баштадым.

10-классты аяктагандан кийин Кербенден Бишкекке келип, 1 айлык БААУнун кабыл алуу сынактарына даярдоо курстарын окудум. 11-класста чыңалуулар абдан көп болду, анткени сынактар январь-февраль айында эле башталды. Бишкекке такай барып турууга туура келип, жолдо гана 10-12 саат жүрчүмүн. Өзгөчө моралдык жактан кыйын болду. Кабыл алуу сынактары оор, ал эми атаандаштык күчтүү эле.

– Окуу учурунда кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз жана аларды кантип жеңдиңиз?

– БААУдагы биринчи курс менин жашоомдогу эң татаал жыл болду. Мен кабыл алуу сынактарынан ийгиликтүү өтүп, акыры окууга өттүм. Бирок мен үчүн укмуштуудай жана ошол эле учурда абдан татаал аалам ачылды. Аймактан келип Америкадан FLEX программасы боюнча окуп келген, Бишкектин №61 мектебинин ЖРТнын Алтын сертификаттары бар жана түрк лицейлердин бүтүрүүчүлөрү менен группалаш болуп калдым. Алардын баарынын англис тилинин деңгээли жогору болчу, а меники бир топ эле төмөн эле.

Мен өзгөчө бир сабактан чоң стресске кабылчумун. Анын алкагында мисалы Достоевскийди англис тилинде окуп, ал боюнча түзүмдөлгөн жана деталдаштырылган эссе жазуу керектелчү. Ушул сабкатан улам мен күнүнө 3 саат гана уктчумун, тынчтантуучу дары ишчүмүн жана кичинекей туугандарым мага тоскоол болбошу үчүн үй-бүлөм менин бөлмөмдүн эшигине кулпу орнотуп коюуга рагасыз болушкан.

Ошол эле учурда ал жыл абдан маанилүү болду, себеби дал ошол жылы жакын досторду таптым. Алар менен ушул күнгө чейин жакын мамиледе болуп келем.

– Эмне себептен журналистиканы тандадыңыз?

– Мага журналистика кызыктуу көрүндү. Бул кесипте ар бир күн бири-бирине окшобостон, өзгөчө болот. Ал кезде мен фотоаппарат менен сүрөткө тартууга кызыкчумун жана биздин окуу жайда тиешелүү курстар бар болчу. Андыктан журналистикада шаңдуу жана кызыктуу болот деп ойлочумун.

– Сиздин чыгармачыл жолуңузга таасир эткен устаттар жөнүндө айтып берсеңиз?

– Артыкпай Суюндуков мен үчүн кино ааламына жол ачкан киши болуп калды. Ал менин дебюттук кыска метраждуу “Ad Astra” тасмамдын көркөм жетекчиси болду. Бул тасмам Америка, Испания, Греция жана башка өлкөлөрдө өткөн Эл аралык кинофестивалдарга катышты.

– Бакалавриаттан кийин билим алууңузду уланттыңызбы? Кайда тапшырдыңыз?

– Бакалавриаттан кийин Остиндеги Техас университетинин “Режиссура” багыты боюнча “Кино өндүрүү” факультетинин магистратурасына тапшырдым.

Магистрдик программа тууралуу айтып берсеңиз.

– Менин магистрдик программам (MFA - Master of Fine Arts) Остинде (Техас) 3 жылга созулган. Бул аралыкта биз режиссер катары 4 кыскаметраждуу тасма тартып, буга кошумча башка долбоорлордо ар кандай позицияларда (оператор, экинчи режиссер, үн режиссеру же сүрөтчү-постановкачы) катышуубуз керек болчу. Мен режиссерлукка окугандыгыма карабастан, программа кино өндүрүүнүн бардык аспектилерин камтыган: сценарий жазуу, камера менен иштөө, монтаж, үн жана башкаларды.

Учурда мен ошол ыкмалардын баарын өздөштүрүү канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнүп жатам, себеби режиссер катары команда менен иштөөгө туура келет. Андыктан иш алып баруунун кенен тармактарын билүү байланышты жакшыртууга жана өз идеяларыңды так түшүндүрүүгө жардам берет. 

Мындан тышкары, университеттин талаптарына ылайык, экинчи жана үчүнчү курстарда окутуучулардын жардамчысы болуп иштөө милдеттүү түрдө каралган. Биз бакалавриаттын студенттери үчүн белгилүү бир дисциплиналар боюнча сабак өтчүбүз. Башында абдан оор болду. Англис тилдүү болбогондугум үчүн гана эмес, а кээ бир сабактарды буга чейин таптакыр окубагандыгыма байланыштуу. Анткени мен журналистика боюнча окугам. Америкалык студенттер менен англис тилинде иштөө оңой болгон жок албетте.

Ошого карабастан, 3 жылдык билим алуу, анын ичинде Америкада сабак өтүү, мага кино тармагында көптөгөн билимдерди жана кино өндүрүүдө зарыл болгон практикалык ыкмаларды берди.

–Fulbright Scholars стипендиясына кантип жетишкенсиз?

– 2018-жылы мен БААУну аяктадым. Окууну аяктагандан кийин бир жыл өтүп өтпөй 2019-жылы дебюттук кыска метраждуу тасмам “Ad Astra” менен кинофестивалдарга сапар алуулар башталды. Сан-Францискодогу кинофестивалда мен Калифорнияда 20 жылдан ашуун документалистикадан сабак берген Марк атуу америкалыкты жолуктуруп калдым. Аталган программага өтүнмө берүүнү дал ошол киши сунуштап калды. Мен программа тууралуу билчүмүн, бирок өтүнмө берүү тууралуу ойлонгон эмесмин. Биринчиден менде өз тармагымда жетишерлик тажрыйбам жок болчу – бакалавриатты аяктагандыгыма бир гана жыл болгон. Экинчиден атаандашуу абдан күчтүү эле. Акыры Марк менин өтүнмө берүүмө түрткү болду. Чынын айтсам, анын алдында ыңгайсыз боло баштагандыгым үчүн гана өтүнмө бергем.   

Толук грант алуу үчүн программанын талаптары кандай?

– Fulbright – бул АКШнын магистратура же аспирантураларында билим алуу үчүн толук каржылоо тартуулаган стипендиалдык программа. Ал үч баскычтан турат: өтүнмө берүү, маектешүү жана университетке тапшыруу. Алгачкы баскычта эки эссе жана үч сунуштама кат берүү керектелет. Эссе деталдуу жана так, ашыкча сөз жана кооздоолорсуз болушу кажет. Төмөнкүлөрдү так айтып беришиңиз керек: сиз кимсиз, эмне себептен Америкада окугуңүз, кайсы программага окууга тапшыргыңыз келет жана эмне себептен.

Кабыл алуу комиссиясы эмнелерге көңүл бурат?

– Fulbright программасына берилген арыздар 3-4 айдын аралыгында каралат жана программа биринчи турдан өткөндөрдү экинчи баскычка чакырат. Маектешүү учурунда темадан оолактабастан, суроолорго так жооп берүү керек. Адатта суроолор жазган эссеңизге негизделет, андыктан маектешүүнүн алдында эссеңизди кайрадан көңүл коюп окуп чыгыңыз. Жоопторуңуз эсседе белгиленген маалыматтар менен дал келүүсү максатка ылайык.

Эгер үчүнчү баскычка өтсөңүз, анда америкалык ЖОЖдорго өтүнмөлөрдү берүү башталат. Fulbright сунуштаган тизмедеги университттердин бирин тандап, ага документтерди тапшырууңуз зарыл. Программа арыздарды берүү акысын камсыздап берет, бирок окууга тапшыруу үчүн өзүңүз жоопкерчиликтүү болосуз.  

Арыз берүү процесси канча убактыңызды алган?

– Бардык процесс болжолу менен бир жылга созулду: арыз менен 2019-жылдын майында кайрылып, Fulbright программасына кабыл алынгандыгым тууралуу тастыктаманы 2020-жылдын апрель айында алгам. Америкага сапар тартуу үчүн ошол эле жылдын сентябрь айына даяр болуу керектелген.

– Тажрыйбаңыз тууралуу айтып берсеңиз, чыгармачыл жолуңуз эмнеден башталган?

– БААУда 4-курста “Журналистика жана массалык байланыштар” факультетинин студенттеринде тандоо болгон: изилдөө ишин жазуу же дипломдук иш катары тасма жаратуу. Мен тартуу иштерине бир да жолу аралашрпасам да, экинчи вариантты тандагам. Өзүмдүн алгачкы дебюттук тасмамды тартууда тартуу процессине биринчи жолу кабылгам жана баарын ордунда үйрөнүүгө туура келген.  

Эмне себептен режиссер болууну чечтиңиз?

– Башында ал мага жөн гана кызыктуу жана өзгөчө көрүнгөн. Жасап көргөндөн кийин кызыгуум артып, мени өзүнө тартып алды.  

Ишке ашырууну каалаган алгачкы идеяңыз кандай болгон? Алгачкы тасмаңыз эмне жөнүндө?

– Алгачкы тасмамды үй-бүлөмө арнагам. Анткени мен мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлүп-өскөм жана менин документалдык тасмам айылдык мугалим тууралуу. 

Режиссер болуу үчүн эмнелер керек? Негизги кайсы сапаттар же ыкмалар болуусу кажет?

– Менимче режиссер тасмасы аркылуу эмнени көрсөтүү же айтып берүүсүн так билиши керек. Практикалык ыкмалардан болсо адамдар менен тил табышуучулук өзгөчө пайдалуу. Анын жардамы менен тартуу тобу жана актерлор менен ийгиликтүү өз-ара аракеттене аласыз.

– Кино өндүрүш тармагында бүгүнкү күндө кандай тенденциялар жүрүп жатат?

– Ушул тапта уникалдуулук болуп көрбөгөндөй чоң мааниге ээ болуп баратат. Көрүүчүлөрдү таң калтырып, дүйнөлүк аренада өзгөчөлөнүү кыйын болууда.  

– Ыкмаларыңызды кантип өркүндөтөсүз?

– Кинодо ага практика аркылуу гана жетише алабыз. Күн сайын сценарий жазуу, тартуу аянтчасына чыгып туруу жана аянтчада өз ыкмаларыңызды курчутуп туруу керектелет.  

Тасмаларыңыз үчүн темаларды кантип тандайсыз?

– Мен эң оболу өзүңдү толкунданткан анан өзүң жакшы түшүнгөн теманы тандоо керек экендигин түшүндүм. 

Кайсы долбооруңуз эң кыйын болгон жана эмне себептен?

– Менин алгачкы тасмам деп ойлойм. “Ad Astra”  абдан татаал долбоор болду. Биз аны кышында Чаткалда -30 градус суукта тартканбыз жана тартуу аянтчасында балдар көп болгон. Ал эми тартуу тобу болгону 3 кишиден турган.

– Кесибиңиздин түйшүктүү жактары тууралуу да айтып берсеңиз.

– Кино өндүрүш – каржы жактан да, фзикалык жактан да туруктуу эмес тармак. Тартуу иштери чоң шаарда кайнаган аптаптуу ысыкта же болбосо жапайы жаныбарлар менен толуп-ташкан алыскы тоолордо болуп калышы мүмкүн. Бир тасма тартуу күнү 9 сааттан 19 саатка чейин уланса, ал эми тасма жаратуу процесси 25 күндөн 60 күнгө чейинки убакытты талап кылуусу мүмкүн. Документалдык тасма жылдап тартылышы мүмкүн. Баары сен үстүндө иштеген конкреттүү долбоордон көз каранды болот.

Каржылык жактан да абалды так айтууга болбойт: көп нерсе сенин долбоордогу позицияңдан жана ишиңдин көлөмүнөн көз каранды. Бир долбоорду аяктагандан кийин дароо кийинкисин баштоо кажет, анткени туруктуу катталган айлык акы жок. Киреше долбоордон жана жолдун болуусунан көз каранды.

– Алдыга койгон максатыңыз?

– Учурда мен алгачкы толук метраждуу тасмамды тартууну көздөп жатам.

– Жакынкы 5 жылдагы пландарыңыз?

– Толук метраждуу тасма тарткан соң Кыргызстандын аймактарындагы тасмаларга байланышкан бир нече билим берүү долбоорлору менен алектенүү.

Ким же эмне сизди шыктандырат? Сизди кыймылдаткан күч?

– Мени жаркын жана кызыктуу өмүр кечирүү каалоосу шыктандырат.

Сиздин кумирлериңиз?

– Мага Динара Асанованын эмгектери абдан жагат.

– Сиздин жактырган мыкты кеп-кеңештериңиз.

– Эгер сиз окууга тапшырмакчы болсоңуз, анда ошол программаны басып өткөн адамдар менен жолугуп, сизге келечекте жардым тийип калуусу мүмкүн болгон ньюанстар менен таанышуу кеңешин берет элем. Бирок эң башкысы – коркпоңуз жана кийинкиге калтырбаңыз. Туура учур эч качан жаралбайт. Сиз ар дайым бош эмес болосуз, сизде документтерди тапшыруу үчүн ар дайым ресурстар жетишсиз болот жана сиз бул процесстен корко бересиз. Ошондуктан жөн гана чыгынып жасап салыңыз! Көп ойлонуп, татаалдантпаңыз – жөн гана жасап көрүңүз! 

– Окурмандарга каалоолоруңуз.

– Келгиле эр жүрөктүүрөөк жана бактылуураак бололу!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028