“Журналистика жана массалык байланыштар” факультети

“Журналистика жана массалык байланыштар” факультети

25 июля 2024

Факультет массалык маалымат жана байланыштар тармагында адистерди даярдайт. Ал журналистика, массалык маалымат каражаттарын изилдөө, коомчулук менен байланыштар (PR), Эл аралык жана саясий байланыштар сыяктуу адистештирилген курстары боюнча жалпы билим берүү курстарын бириктирет. Факультет эки адистикти сунуштайт: “Журналистика” жана “Маркетинг жана коомчулук менен байланыштар”.

Факультет БААУнун эң улуу факультеттеринин бири болуп , ал 1997-жылы түптөлгөн. Факультеттин студенттери компьютердик класстарды, кесипкөйлүк видео-, фото- жана аудио жабдууларды пайдалануу менен медиа өндүрүүнүн ыкмаларын өнүктүрүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөргө ээ. Студенттердин карамагында толугу менен жабдылган телевизиондук студия, монтаждык кабинет жана үн жаздыруучу студия бар. Кесипкөйлүк жабдуулар жыл сайын жаңыланып турат. Тажрыйба арттыруу системасы, практикалык жана теоретикалык курстук иштердин, ошондой эле университеттин массалык маалымат каражаттарынын негизинде студенттер тармактын эң жогорку стандарттарына жооп берген кесипкөйлүк ыкмаларга ээ болушууда. Факультеттеги окутуу баарлашуу, сын көз-карашта ой жүгүртүү жана кесиптин этикалык аспектилерин түшүнүүгө багытталган.

“Журналистика жана массалык байланыштар” багытынын бүтүрүүчүлөрү төмөнкү жергиликтүү жана глобалдык ММКларда жана ошондой эле ар кандай Эл аралык уюмдарда медиаменеджер, медиа-ишкер жана кесипкөй журналист катары эмгектенип келишет: BBC, Associated Press, Radio Free Europe/Radio Liberty (Азаттык үналгысы), Times of Central Asia, Eurasianet, The Conway Bulletin, Nikkei Asian Review, Open Democracy, Freedom House, Internews, Institute of War and Peace Reporting, БУУнун агенттиктери, ЕККУ, Helvetas, Евразия Фонду, GIZ, Deutsche Welle Akademie жана башкалар.

Бүтүрүүчүлөр “Журналистика” программасы боюнча БААУнун магистратурасында окуусун уланта алышат же АКШ, Европа, Азия жана Австралиянын университеттерине окууга тапшыра алышат.

Факультет тууралуу толук маалыматтарды бул жерден алууга болот: https://auca.kg/en/jmc_main/. Электрондук почта: jour@auca.kg.

Окууга тапшырууга байланышкан маселелер боюнча кайрылуу керек:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg 

https://t.me/AdmissionsAUCA 

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca.kg 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028