Бекмухамбетов Асхат ЖРТнын Алтын сертификаты жана БААУдан эмнелерди күтүп жатканы тууралуу

Бекмухамбетов Асхат ЖРТнын Алтын сертификаты жана БААУдан эмнелерди күтүп жатканы тууралуу

18 июля 2024


Ийгилик бул 1% талант жана 99% талыкпаган эмгек деп айтышат. Бул кептин маанисин ЖРТнын Алтын сертификаттарына ээ болуп, бизге окууга 100% арзандатуу менен кабыл алынган студенттер жакшы түшүнүшөт. Мына ошондой “алтын” студенттердин бири Бекмухамбетов Асхат болуп отурат. Анын маегин төмөндө окуңуз.

– Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– Менин атым - Асхат. №61 мектептин бүтүрүүчүсү болом. Бишкекте төрөлүп-өскөм. Мен эң көп убакыт арнаган кызыгууларым сууда сүзүү жана футбол болду. Сууда сүзүү менен 7 жылдан бери алектенсем, футбол менен машыкканыма 6 жыл болду. Китеп окууну да жактырам, бирок ага ойдогудай убакыт бөлө албай келем. Бош убактымда таң аткыча уктабай бир катар нерселер менен алектенип отуруп, анан түшкө чейин уктайм. Музыка угууну жактырам. Буюм, адам жана персонаждардын маанисине тереңдеп кирип кетмейим бар. Негизинен көп убактым үйдө өтөт. Ал эми менталдык жактан чарчоо жана чыңалууларды тренажердук залда машыгуу менен жеңгенге аракет кылам. Соңку жылда SAT боюнча сабак өтүү жана окууга тапшыруу боюнча кеп-кеңеш берүү менен активдүү алектенип келдим.


– Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырууну чечтиңиз?
– БААУ Кыргызстандын башка окуу жайларынан айырмаланып турат. Бул жерде окутуунун бир кыйла заманбап ыкмалары, ар кандай өлкөлөрдөн келген адамдардан турган көп түрдүү коомчулук жана өз дараметиңди ишке ашыруу үчүн толтура мүмкүнчүлүктөр бар. Анын үстүнө мен кампустан алыс эмес жерде жашайм.


– Жалып республикалык тестирлөөнүн Алтын сертификаты сиздин тандооңузга кандай таасир тийгизди?
– Тандоомдун бекитти. Алтын сертификатка ээ болбосом, БААУга окууга тапшырмак эмесмин.


– Айтсаңыз эмне үчүн “Психология” факультетин тандадыңыз?
– Конкреттүү бир нерсе менен алектенгим келбей эле. Университетке окууга тапшырганымдын себеби жашоодо эмне менен алектенгим келерин билгим келет. Ата-энем мени өмүр бою экономика жана бизнеске багытташты, башка жакын адамдарым мен каалаган багытта өз дараметимди ишке ашыра аларымды айтышат. Тааныштарым болсо мени айтишник деп ойлошот, бирок мен психолог болуу үчүн баратам. Психология багытын мен жокко чыгаруу ыкмасы менен тандадым десем болот. Эгер сен алектенүүнү каалабаган нерселерден арыла баштасаң, анда жооп өзүнөн-өзү эле аныкталат. Эмне менен алектенүүнү узак убакыт бою азапка батып ойлонсо болот. Бирок эмне менен алектенгиң келбей жатканы акылга өзү эле келет. Айтор БААУнун мүмкүн болгон факультеттеринин тизмесин карап отуруп баарын чийип салдым, болгону психологияга келгенде көбүрөөк ойлондум. Тандоону мына ушинтип жасадым.


– БААУдагы 4 жылдык билим алуудан эмнелерди күтүп жатасыз?
– Көбүрөөк окуудан тышкаркы жашоону (мектепте андай болгон эмес) жана жаңы таанышууларды.


– БААУга окууга тапшырып жаткандарга сиздин каалоолоруңуз?
– Окууга ийгиликтүү өтүп алууну каалайм!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028