Кыргызстандын мыкты абитуриенттери билим алуусун улантуу үчүн БААУнун тандашат

Кыргызстандын мыкты абитуриенттери билим алуусун улантуу үчүн БААУнун тандашат

15 июля 2024

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн Алтын сертификаттарын 56 бүтүрүүчү алды. Эң жогорку упай болгон 234тү 3 киши чогулткан. Алардын бири Аминат Гордаева БААУнун студенти болду. Ал билим алууга 100% арзандатууга ээ болуп, “Экономика” факультетине тапшырды.

 

– Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– Саламатсызбы? Менин аты-жөнүм - Аминат Гордаева, Бишкектен болом. Быйыл КОСУнун мектебин аяктадым. Үйдө апам жана мышыгыбыз Жессика болуп жашайбыз. Окуудан тышкары 8 жылдан бери музыка менен алектенем. 2003-жылы фортепиано классы боюнча музыка мектебин бүтүргөм. Ошондой эле орто жана узак аралыктарга чуркоого кызыгам, бош убактымда китеп окууну жана курбуларым менен убакыт өткөрүүнү жактырам.

– Эмне себептен БААУга тапшырууну чечтиңиз?
– БААУга тапшыруума андагы билим берүүдөгү заманбап ыкма, университет сунуштаган чоң мүмкүнчүлүктөр себеп болду. Мындан тышкары англис тилинде окуу мен үчүн чоң артыкчылык болуп эсептелет.

– ЖРТнын Алтын сертификаты сиздин тандооңузга кандай таасир тийгизди?
– Чынында менин тандоом ЖРТнын Алтын сертификатын алууга таасир тийгизгендир, анткени мен алгач ЖОЖду тандагам. Андан соң самаган окуу жайга өтүү үчүн Алтын сертификатка жетүү зарыл экендигин түшүнүп, сынактарга активдүү даярдык көрө баштагам.

– “Экономика” факультетине токтолгондугуңуздун себеби эмнеде?
– Факультетти тандоо мен үчүн бир нече жылдар бою татаал маселе бойдон калып келди. 11-класста окуп жаткан кезде гана болочок кесип тууралуу бир чечимге келдим. Экономика келечекте өз дараметимди ишке ашырууда, ошондой эле бизнести жана жалпы эле коомду өнүктүрүүдө кенен колдонулат деп эсептейм.

– БААУда күтүлүп жаткан 4 жылдык билим алуудан эмнелери күтүп жатасыз?
– Көп ар тараптуу жана кызыктуу тажрыйбаларды, окуудан тышкаркы сабактарды, жаңы таанышууларды жана албетте сапаттуу билимди күтүп жатам.

– БААУга окууга тапшырууну каалагандар үчүн сиздин каалоо-тилек жана кеп-кеңештериңиз?
– БААУга окууга тапшырууну каалагандардын баарына кирүү сынактарын ийгиликтүү тапшырууну жана каныккан окуу жылын каалайм.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028