“Программалык инженерия” факультетинин студенттери ИТ-компанияда иштөө тажрыйбасына ээ болушту

“Программалык инженерия” факультетинин студенттери ИТ-компанияда иштөө тажрыйбасына ээ болушту

12 июля 2024

#программная инженерия#Software Engineering#sfw

“Программалык инженерия” факультетинин жогорку курстарынын студенттеринин жазгы семестринде реалдуу ИТ-кампанияда билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. БААУ белгилүү TimelySkills компаниясы менен келишим түзүп, насаатчы мугалимдердин жетекчилиги астында 14 студент бир долбоордун алкагында бардык адистер менен өз-ара аракеттенишип, реалдуу бизнестин маселелеринин үстүндө иштешти. Студенттер төмөндөгү курстардын бирин тандоо укугуна ээ болушту: “Маалыматтык системаларды башкаруу” же “Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча долбоорлорду башкаруу”. БААУ студенттерге мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген Кыргызстандагы алгачкы жогорку окуу жай болуп калды.

Биз TimelySkills компаниясынын директору Андрей Довбыш менен жолугуп, БААУнун студенттеринин билим алуусу кандай болгонун билдик.

Андрей Довбыш

 

– Айтсаңыз, мындай кызматташтык идеясы кантип жаралды?

– БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн бири Тимур Данияров биздин компанияда Data Engineering иштеп чыгуучу болуп иштейт жана ал БААУ менен кызматташууну, “Программалык инженерия” факультетинин студенттери жана жетекчилери менен жолугушууну сунуштады. Мага бул идея кызык көрүндү жана биз жолугушуу тууралуу макулдаштык. Натыйжада жолугушуп, мен команиябыздын иши жөнүндө айтып бердим. Биздин адистиктер боюнча ЖОЖдордун факультеттерин аяктаган бүтүрүүчүлөрдө ишке орношуу жана долбоорлордо иштөө үчүн актуалдуу билимдер, практикалык ымкалар жетишпеген учурлар көп кездешет. Андыктан биз дал ушундай ажырымды жокко чыгаруунун үстүндө аракеттенип келебиз жана иш жүзүндө бул максатка жетүүдөбүз.

– Окутуу кандай өткөрүлдү? Студенттер кандай маселелерди аткарышты?

– Бул пилоттук долбоор болуп, бир семестрге улануу менен январда башталып майда аяктады. Форматы элективдик курстардай болду. Максатыбыз студенттерди иштеп чыгуу процесстерине аралаштыруу болчу, ошондуктан биз аларды БААУнун аудиторияларында сабак өтпөстөн, биздин кеңсеге чакырдык. Бизде TimelySkills, TimelySoft жана Kanda Central компаниялары иш алып баргандыктан, студенттер билим алуу менен бирге реалдуу долбоорлордо эмгектеништи. Жогорудагы үч компаниянын иштеп чыгуучулары студенттерге кеп-кеңеш жана багыт берип, эркин насаатчылардын милдетин аркалашты. Бүгүнкү күндө тиркемелерди иштеп чыгуу – бул жетишерлик даражада чоң көлөмдүү долбоорлор. Андыктан өз долбоордук тобуңду түзүү кажет. Мына ушул баскычта студенттер эмне кылууну, долбоорду жаратуу үчүн эмнелерди пайдаланууну билбей өзүлөрүн жоготуп коюшат. Мында бир топ тажрыйбалуу талапкерлер жеңишке жетишет. Биз кантип долбоорлоо системасын тандоону, долбоордук топ менен өз-ара аракеттенишүүнү, PM-менеджер ким экенин жана ал эмнеге жооп берерин үйрөтөбүз. Алгач биз аларды төрт адистик боюнча топторго бөлдүк, андан соң техникалык мүнөздөгү тестирлөө жүргүздүк. Бизде эки долбоор болгондуктан, тиешелүү түрдө иштеп чыгуучулардын толук кандуу эки командасы түзүлдү. Белгилей кетсек, биздин Практикалык тажрыйба академиябызда (TimelySkills) социалдык багыттагы долбоорлор менен алектенебиз. Негизинен коомдук фонддордун долбоорлору. Компания эч кандай акча каражатын иштеп таппайт, бирок алар коомго абдан керек. Ошондой эле ал долбоорлордо биз жаштарды окутабыз, командада иштөөнү көрсөтүп беребиз. Мисалы Жогорку технологиялар паркы, ошондой эле Спорттук программалоо федерациясы үчүн долбоорду активдүү өнүктүрүп келебиз.

Моюнга алуу керек, БААУнун студенттери өзүлөрүн жакшы жагынан көрсөтө алышты. Башында кыйынчылыкка кабылышканы менен түзүмдөрдү түшүнгөндөн кийин жакшы күүлөнүп алышты жана аягында абдан жакшы жыйынтыктарга жетишишти. Алардын айрымдары өз алдынча кийинки агымга жазылышып, билим алуусун улантышты. БААУнун студенттеринин жалпы деңгээли биздин компанияда тажрыйба арттырып жаткан башка ЖОЖдордун студенттеринин деңгээлинен жогору. Даярдоо деңгээлинин бийиктиги жана окууга жана өсүп-өнүгүүгө даяр экендиги сезилип турат. 

– TimelySkills компаниясы тууралуу маалымат бере кетсеңиз, кантип иштейсиңер жана кандай максаттарды көздөп келесиңер?

– Мен айтып өткөндөй эле, TimelySkills – бул Практикалык тажрыйба академиясы. Программалоодо теоретикалык билими барларга практикалык иштөө тажрыйбасын алууга жардам берет. Биз тажрыйба арттыруучунун иштөө багытынан көз каранды түрдө баарлашууларды өткөрөбүз, анын тажрыйбалары менен ыкмаларын эске алабыз. Ошондой эле биз ал командага кантип аралашып кетүүсүн түшүнүшүбүз керек. Эгер базалык маалыматтары жок болсо, анда белгилүү бир ресурстар менен адабияттарды сунуштайбыз. Андан соң окууга кабыл алуунун алдында тестирлөөдөн өткөрөбүз. Курс бекер эмес. Бирок учурда биздин USAID менен келишимибиз бар, алар грант берүүчү болуп саналат. Андыктан биздин угуучуларда тажрыйба арттырууну чоң арзандатууу менен өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланып, тажрыйба арттырып, иштеп чыгуучу компанияда реалдуу тажрыйбага ээ болуу зарыл деп ойлойм. Насаатчылыкка TimelySoft жана Kanda Central Asia компанияларынын адистерин чакырабыз. Тажрыйба арттыруучуларда аталган компанияларда иштеп баштоо мүмкүнчүлүгү бар. Бизде билим алууну ийгиликтүү аяктап, тажрыйба арттыруу учурунда же андан кийин ишке орношуунун пайыздык катышы бир топ эле жогору. Биздин угуучулар “Газпром”, “Финанс софт”, “Оптима банк” сыяктуу компанияларга жумушка орношушат.

ЖОЖдорго окутуу программасын өзгөртүү кыйынга турат - аны Министрликте бекитип, кайра сертификациядан өтүү керектелет. Бул өңүттө TimelySkills компаниясы бир кыйла ийкемдүү. Биздин адистер учурда рынокто актуалдуу болуп жаткан билимдерди окутуп, иштөөнүн практикалык ыкмаларын көрсөтүп беришет. Программа “Программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу” деп аталат, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиясын алганбыз. Биз мобилдүүбүз жана багытты оңой өзгөртө алабыз.

– Мындан аркы кызматташууну кандай көрүп жатасыз?

– Бул башталышы гана деген үмүттөмүн. Биз ар кандай варианттарды карап жатабыз. Жаштардын болушунча көбү практикалык иштөө ыкмаларын алуусун каалайбыз.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028