“Китепканалар үчүн санариптик технологиялар” семинары өнөктөш университеттер үчүн

“Китепканалар үчүн санариптик технологиялар” семинары өнөктөш университеттер үчүн

1 июля 2024

#китепкана#библиотека#library

2024-жылдын 25 - 26-июнунда БААУ өлкөнүн областтарындагы жана Бишкек шаарындагы өнөктөш университеттердин 25 өкүлдөрү үчүн эки күндүк “Китепканалар үчүн санариптик технологиялар” аталышындагы семинар өткөрдү. Семинарда китепканачылар жана илимий кызматкерлер эң акыркы санариптик куралдар жана китепкана кызматтарын жакшыртуу стратегиялары боюнча маалымат алышты.

БААУ президенти профессор Тимоти О’Коннор өзүнүн сөзүндө билим берүү ресурстарын өнүктүрүүдө университеттер ортосундагы кызматташтыктын ролунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле иш-чарага АКШ элчилигинин маалымат боюнча кызматкери Нелли Петлик катышты. Анын катышуусу АКШ элчилигинин Кыргызстандагы санариптик трансформацияны жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты илгерилетүүнү колдоосун жана кызыгуусун далилдейт. Үстүбүздөгү окуу жылда университеттердин китепканаларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана аймактык мекемелерде алдыңкы электрондук ресурстарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында уюштурулган «Жаркын келечек үчүн билим алуудагы теңчилик жана жеткиликтүүлүк» аталыштагы долбоор АКШ элчилигинин колдоосу менен ишке ашты. Мындан тышкары, БААУ менен Нарын мамлекеттик университетинин китепканалары биргеликте кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн “Билим берүү мекемелери үчүн электрондук ресурстар” практикалык колдонмосун иштеп чыгышты.

Академиялык ресурстардын эл аралык провайдери болгон EBSCO Information Services компаниясы бул иш-чарага демөөрчү болуп, семинардын катышуучуларына практикалык тренингдерди өткөрүү менен программага өз салымын кошту. EBSCOнун кызматкерлери өздөрүнүн издөө базалары, электрондук китептери жана электрондук кызматтарындагы акыркы жаңыртуулар жана инновациялар менен бөлүшүштү.

Ошондой эле, программага эл аралык өнөктөштөр –EIFL китепканалар консорциуму жана Германиянын Улуттук Университеттеринин Ассоциациясынын (DVV) өкүлчүлүгү катышышты.

EIFL консорциумунун Ачык Жеткиликтүүлүк программасынын кызматкерлери Ирина Кучма жана Милица Шевкушич ачык жеткиликтүүлүк чөйрөсүндөгү өнүгүүлөр жана тенденциялар жөнүндө айтып беришти, ошондой эле илимий басылмалардын сапаты жана кадыр-баркы маселелерин талкуулашты. DVV долбоорунун менеджери Айнура Макебаева Кыргызстандагы чоңдорго билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, китепканалык тейлөө контекстинде андрогогика принциптерин интеграциялоо концепциясы менен бөлүштү.

Семинарга БААУ окуу бөлүмдөрү дагы активдүү катышты. Катышуучулар БААУнун билим берүү, окутуу жана технологиялар борборунун директорунун орун басары Екатерина Комбарованын «Жасалма интеллект жана китепканалар» аталыштагы практикалык сессиясын жогору баалашты.

Математика илиминин профессорлору Кыдыралиев Сыргак Капарович жана Урдалетова Анаркүл Бурганаковна БААУ репозиторийинде ачык жетикиликтүүлүктө жайгаштырылган «Финансылык жана инвестициялык эсептөөлөр», «Математикалык олимпиадалардын тапшырмалар жыйнагы» аттуу акыркы методикалык китептерин тартуулашты.

 

Иш-чаранын алкагында семинардын катышуучулары жаңы ачылган AUCA Makerspace окуу жана долбоорлоо борборуна да барышты. Иш сапардын жүрүшүндө алар прототип түзүү, 3D басып чыгаруу, лазердик кесүү жана башкалар үчүн орнотулган жабдуулар жана шаймандар менен таанышышты. Баарлашуунун жүрүшүндө чыгармачылыкты, инновацияларды жана практикалык окутууну өнүктүрүү үчүн кызматташуунун потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

“Китепканалар үчүн санариптик технологиялар” семинары акыркы үч жыл ичинде академиялык китепканалар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн БААУ төртүнчү семинары болуп саналат. Бул демилге ЖОЖ китепканаларында кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана инновацияларды киргизүү үчүн зарыл болгон китепканачыларды жаңы технологияларга үйрөтүүгө багытталган.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028