Менин сүйүктүү китебим

Менин сүйүктүү китебим

23 апреля 2024

#китепкана#библиотека#library

 

“Мен китептерди сүйөм: алардын ар бири мага керемет, ал эми авторлору сыйкырчы сезилет.
Китептер тууралуу толкундануу жана кубанычтуу энтузиазм менен кеп кылуудан башканын өзү мүмкүн эмес” 

М. Горький



Айланага көз чаптыр. Бизди эмнелер курчап турат? Биз кайда гана болбойлу, бардык жакта техника. Биз күн сайын ата-бабаларыбыздын он уктаса да түшүнө кирбеген ойлонуп табылган нерселерди колдонобуз. Билим алууда да таптакыр башка булактардын жардамынан пайдаланабыз. Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата БААУнун китепканасы AUCA Library адамдын эң мыкты досу болгон китеп тууралуу сиздердин эсиңиздерге салып коюуну чечти. Китеп - бул билимдин жана шыктануунун булагы, жазуучулар менен окурмандардын кылымдар аркылуу баарлашуу жолу. Китеп адамдын акылы менен жүрөгүнө жол ачат. Жактырган китеп - бул биз кайра-кайра окуу менен өзүбүз үчүн улам жаңы нерселерди ачуубуз. Андыктан китепкана окурмандарына “Кайсы китепти жактырасыз жана эмне үчүн?” деген суроо узатты. Төмөндө сиздер менен окурмандарыбыздын жоопторун рахаттануу менен бөлүшөбүз.

 

Асель Шамырканова, ICP, 3-курс

“Шамал алып кеткендер”, Маргарет Митчелл

Мен окуган көптөгөн адабий чыгармалардын арасында Маргарет Митчеллдин “Шамал алып кеткендер” романы өзгөчө орунда турат. Бул китеп оор күндөр тууралуу кызыктуу баян гана болбостон, чыдамкайлык, сүйүү жана өзгөрүүлөр жөнүндө укмуштуудай баян болуп, жүрөккө терең таасир этүү менен ой-жүгүртүүгө түртөт. Эмгекте мени эмоционалдык тереңдик, масштаб жана автордун АКШдагы Жарандык согуш учурундагы социалдык жана жеке көйгөйлөрдү кантип чагылдырганы суктандырат. Ошондой эле татаал каармандары өзүнө тартат, өзгөчө күчтүү жана көз карандысыз башкы каарман Скарлетт О'Хара. Анын эркинин күчтүүлүгү, тобокелчиликтен коркпостугу жана өзгөрүүлөргө көнүп кетүүсү таң калтырат жана шыктандырат. Скарлетт идеалдуу эмес, бирок ал тынып-тынчыбас жана баарын эсеп-кысап менен жасайт. Бирок анын татаалдыгы аны реалдуу жана эсте калуучу кылат.

Бул чыгарма менин эң жакшы көргөн китебим болуп калат, анткени ал мага ар бир окуган сайын жаңы бир нерселерди сунуштайт. Окуган сайын каармандардын жана ошол кездеги тарыхий доордун көз жаздымда жаңы аспектилерин ачып келем. “Шамал алып кеткендер” - бул жөн гана китеп эмес, бул фантазияны кеңейткен жана адамдык табият менен тарыхтын көп аспектилери тууралуу ойлонткон саякат.

 


Муслима Турсунова, TCMA, 2-курс

“Бай жана кедей адамдардын ойлонуу стратегиясы”, Саидмурод Давлатов

Китеп көп маанилүү, талаш эмоцияларды жаратат. Жеткиликтүү тили - ооба, келтирилген фактылар - балким. Реалдуу жашоодон алынган мисалдар көп. Автор менен бардык эле учурларда кошула албайсың. Бирок ички талкууларды жүргүзүү менен окуунун өзү кызыктуу.

 


Айым Асанкулова, ВА, 2-курс

“Ала-була пижамачан бала”, Джон Бойн

Мектепте окуп жүргөн кезде окугам, абдан кызыктуу чыгарма, анан дагы тасмасы бар.

“Ала-була пижамачан бала” - бул унутулгус таасирлерди калтырган, адамдык баалуулуктар менен согуштардын трагедияларынын үстүндө ойлондурган китептердин бири. Жон Бойн өз таржымалын нацисттик өлүм лагеринин командиринин 8 жаштагы Бруно аттуу уулунун көздөрү менен укмуштуудай жеткирип берет.

Таза жана ишенчек баланын көзү менен биз жек көрүүнүн жана адилетсиз мамиленин дубалы менен бөлүнгөн ааламды көрөбүз. Роман достук менен болуп көрбөгөндөй курмандыкка баруунун, ошондой эле коркунучтуу трагедиялар жана негизсиз мыкаачылык учурларын чырмалыштырат.

Бул китепти окуп жатып каармандарга карата күчтүү эмоциялар жана терең тилектештик сезимдер жаралат. Бойн адамдык мамилелердин татаалдыктарын жана Холокосттун контектстинде орун алган окуялардын трагизмин жогорку чеберчилик менен чагылдырып берет.
“Ала-була пижамачан бала” - согуштун маанисиздиги жана фанатизмдин коркунучтуу кесепеттери жөнүндө ойлондура турган китеп. Ал бизге боорукердик, толеранттуулук жана айырмачылыктарга карабастан башкаларды түшүнүү тууралуу эскертет. Бул чыгарма бир дагы окурманды кайдигер калтырбайт жана аны окуган ар бир адамдын жүрөгүндө из калтырат.

 

 Калия Садырова, ANTH, 2-курс

“Пионердик галстуктагы жай”, Катерина Сильванова, Елена Малисова

“Аягында алардын экөө тең көз жумат” Адам Сильвера

“Пионердик галстуктагы жай” жана “Аягында алардын экөө тең көз жумат” чыгармаларында эмоциялар жана өзүн-өзү таануунун терең учурлары менен толуп-ташкан окуялар кездешет. Алар окурманды бала кездеги окуялар менен баштан өткөн сүйүүлөрү аркылуу жоготуулар коштогон чоң жашоого алып өтөт. Ар бир китепте авторлор атмосфераны мыкты сүрөттөп, сюжеттин ар бир бурулушунда каармандар үчүн санаага батууга мажбур кылат. Эки эмгекте тең достук, сүйүү жана жашоодогу ар бир көз ирмем тууралуу маанилүү арноолор жаңырат. Аталган китептер жүрөктөрдө өчпөс из калтырып, жашоонун жана адамдардын ортосундагы мамилелердин мааниси тууралуу ойго батырат.

 


Назми Нурланова, LAS, 3-курс

“Аң-сезим баарын жасай алат”, Джон Кехо

Бул китепке кокусунан кабылып калдым. Бул менин эң тез жана чоң кызыгуу менен окуп чыккан алгачкы китептеримдин бири. “Аң-сезим баарын жасай алат” - бул аң-сезимдин күчү жана анын биздин жашообузга тийгизген таасири тууралуу шыктандырган саякат. Джон Кехо ийгилик, бакыт жана жана өсүп-өнүгүүгө жетүү үчүн акыл менен аң-сезимди кантип пайдалануу керектигин түшүндүрүп берет. Китеп өзүңдү жана өз дараметиңди түшүнүүнүн жаңы горизонтторун ачып, окурмандын жашоого жаңы, бир кыйла эмпатикалык жана ишенимдүү түрдө кароосуна мүмкүнчүлүк берет. Практикалык кеңештер жана көнүгүүлөрдүн жардамы менен автор ичибиздеги катылып жаткан ресурстарды ачууга жана жашоонун бардык тармактарында гармония жана ийгиликке жетүүгө көмөктөшөт. Бул китеп инсандык өнүгүү жана өзүн-өзү өркүндөтүүнү каалагандар үчүн шыктануу жана акылмандыктын булагы болуп берет. Ал биздин аң-сезим - бул биздин ийгилигибиздин ачкычы, максаттарыбызга жетүү жолунда каалаган тоскоолдуктарды басып өтүүгө жөндөмдүү экенин көрсөтүп берет. Ушул китептен кийин биздин кыймыл-аракетибизге, реалдуулугубузга ойлорубуз кандай таасир тийгизери жөнүндө көп окууга кызыгып калдым. Китептеги көптөгөн саптардын иш жүзүндө чоң пайдасы тийди.

 


Фатима Эркинова, IBL, 2 курс

“Жүрөктүн дабышын угуу искусствосу”, Ян-Филипп Зендкер

Мен бул китепке кокусунан кезигип калдым, бирок кокустуктардын өзү кокусунан эмес экени белгилүү. Мага андагы таза ой жана жөнөкөйлүк жагат. Жалпысынан китепте баары ачык жана түшүнүктүү. Ал түшүнүктүү темаларды унутта калган нерселерден кем эмес козгойт. Мыкты китеп, аны кайра окуп чыгууну пландаштырып жатам.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028