БААУнун математика боюнча Олимпиадасынын жыйынтыгы

БААУнун математика боюнча Олимпиадасынын жыйынтыгы

17 апреля 2024

Өткөн жекшембиде БААУда мектептердин 9-10-11-класстарынын коуучулары үчүн математика боюнча Олимпиада болуп өттү. Быйыл ал БААУнун Инновациялык колледжи Technical School of Innovation AUCA менен биргеликте өткөрүлдү.

Быйыл Олимпиаданын катышуучуларынын саны 160тан ашты. Адаттагыдай эле, таймаш экт турдан турду. Биринчи тур тест формасында өтүп, анда башкысы көп упай топтоо керек. Экинчи турда 10 маселени чечүү сунушталды. Аларды чечүүдө математикалык ыкмаларды гана эмес, ошондой эле логикалык ой жүгүртүүнү да көрсөтүү талап кылынган. Олимпиаданын жыйынтыгын чыгарууда эки турдун тең көрсөткүчтөрү эсепке алынат.

Быйылкы Олимпиаданын башкы өзгөчөлүгү – 9-класстардын окуучулары үчүн БААУнун Инновациялык колледжинде билим алуу үчүн арзандатуу алуу мүмкүнчүлүгү.

Олимпиаданын катышуучулары турлардын ортосундагы тыныгуу учурунда БААУнун жана Инновациялык колледждин студенттери тарабынан тартууланган бет ачарлардан колледжде жана Колдонмо математика жана информатика программасында билим берүү жөнүндө кенен маалымат алууга жетишишти.

Олимпиада аяктагандан кийин жыйынтык чыгаруу учурунда экинчи турдун маселелерин чечмелөө орун алды. БААУнун жогорку курстарынын студенттери катышуучуларга финалдык маселелерди чечүү жолдорун көрсөтүп беришти.

Сыйлык тапшыруу аземинде “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин жетекчиси Сергей Николаевич Скляр олимпиаданын катышуучуларын жакшы ийгиликтери менен куттуктады. Финалчылардын баарына сертификаттар жана атайын сыйлыктар тапшырылды.

 

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү:

9-класс

  1. Бозова Рамиля (Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей ОК) – 70%
  2. Рахматулин Айдын (BKTL) – 60%
  3. Чабулбек Далер (Oxford international school) – 50%

 

10-класс

  1. Мадимаров Азат (Zhayil Baatyr High School) – 100%
  2. Сатимбаев Исабек (Olimp) – 90%
  3. Ахметов Адиль (Л.В. Толстунов атындагы №12 мектеп-гимназия) – 80%

Белгилей кетсек, билим алууга арзандатуу Олимпиаданын жеңүүчүлөрү быйыл БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” факультетине (11-класс) же БААУнун Инновациялык колледжине (9-класс) окууга тапшырган шартта гана жеткиликтүү болот. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү БААУнун кабыл алуу сынактарынын бошотулбастыгын эскерте кетели.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана аларды күзүндө биринчи курстун студенттери катары көрөбүз деген үмүттөбүз!

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028