“Фатима клуб” воркшопу

“Фатима клуб” воркшопу

15 апреля 2024

#цга#CCE

“Фатима клубдун” быйылкы жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү, ал күнүмдүк турмуштун туруктуу тажрыйбаларына арналды. Өз тажрыйбалары менен экоактивисттер Евгения Постнова жана Алмаз Бараталиевдер бөлүшүштү. Иш-чара БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору AUCA Center for Civic Engagement тарабынан уюштурулду

Евгения Портнованын бет ачары “Батирлер жана жеке үйлөрдүн жашоочулары үчүн туруктуу тажрыйбалар” деп аталып, үй шартында экологиялык принциптерди кармануу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Көп нерселер Евгения жана Алмаз негиздеген “Экодом на Быстротоке” борборунун мисалында болду.

Евгения айым билдиргендей, учурда дүйнө жүзү боюнча экологиялык үйлөргө болгон кызыгуу күч алган. Мунун баары албетте адамзат күн сайын кабылып жаткан экологиялык көйгөйлөрдөн улам жаралып жатканы түшүнүктүү. Ал белгилегендей, “баарыбыз жана ар бирибиз кыймылдай турган учур келди”.

Экоүй деген өзү эмне? Адамдын турмуш-тиричилик процессиндеги экологиялык ресурстар чогултулган система. Ал энергоэффективдүү үй жана жер тилкесинен туруп, алар таштандыларды утилизациялоо үчүн жана экологиялык ресурстарды жогорулатуучу өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн зарыл.

Жеке жана көп кабаттуу үйлөрдө туруктуу бекем өнүгүү үчүн энергоэффективдүүлүк, суу үнөмдөө, агындыларды тазалоо, органикалык жана органикалык эмес таштандыларды башкаруу, микроклиматты башкаруу, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жана органикалык азыктарды өстүрүүгө көңүл буруу кажет. Бет ачарда мына ушундай маселелерди чечүү, аларды чечүүдө пайда боло турган кыйынчылыктар тууралуу кенен түшүндүрүлүп берилди. Өзгөчө көңүл тамак-аш коопсуздугунун маанилүү звеносу болгон органикалык азыктарды өстүрүүгө бурулду. Көрсө мындай көйгөйдү чечсе болот тура, болгондо да батирдин шартында.

Алмаз Бараталиев батирде чектелген мейкиндикте ар кандай маданияттарды өстүрүүнүн практикалык чечимдерин көрсөтүп берди. Бул текчедеги огород, гидропониканы пайдалануу менен вертикалдык чөнөктөр. Воркшоптун дал ушул бөлүгү катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун туудуруп, суроолор аябай көп болду.

Green AUCA долбоорунун координатору Маргарита Лазуткинанын бет ачары пайдалуу көнүмүш адаттар жана алардын үнөмдөөгө кантип жардам берери тууралуу болду. Маалым болгондой, экологияны жакшыртууга багытталган аракеттердин баары эле эффекктивдүү эмес экен. Мисалы баары плаастикалык баштыкчалардан баш тартып, кагаз баштыктарга өтүп жатышат. Бирок кагаз баштыктардын зыяндуулугу пластикалык баштыктардан калышпайт. Биринчиден аларды өндүрүү үчүн кагаз керектелип, бак-дарактар кыйылат. Экинчиден кагаз баштыктарды даярдоого абдан көп энергия кетет. Айтор баарынан жакшысы - бул кездеме шопперлер. Энергия менен ресурстарды үнөмдөө маанилүү. Суунун эсептегичин орнотуу, тиш жууп же башка тазалык процедураларын жасап жатканда сууну өчүрүп туруу абдан зарыл. Мунун баарын күнүмдүк турмушта кармануу кыйынга турбайт, анын үстүнө бул экологияга пайда алып келүү менен бирге акча-каражаттарын үнөмдөйт.

Воркшопту атайын оюн жыйынтыктап, анын активдүү катышуучулары алган билимдерин бышыктап, баалуу белектерге да ээ болушту.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028