Айдаана Хасанова Кыргыз Республикасынын япон тилинде чечендик өнөрү боюнча сынагында 1-орунду ээледи

Айдаана Хасанова Кыргыз Республикасынын япон тилинде чечендик өнөрү боюнча сынагында 1-орунду ээледи

15 апреля 2024



2024-жылдын13-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде КРнын япон тилинде оратордук искусствосу боюнча жыл сайын өтүүчү сынагы орун алды.
Башталгыч деңгээлде 10 студент катышса, ал эми орто жана жогорку деңгээлде жеңиш үчүн 14 студент ат салышкан.
БААУнун Колдонмо математика жана информатика факультетинин төртүнчү курсунун студенти Айдаана Хасанова орто жана жогорку топто 1-орунду камсыздап, сынактын май айында Ташкентте өтүүчү кийинки Орто Азиялык баскычына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ал сынакка февраль айынан тарта БААУнун япон тили боюнча профессору Динара Оморованын жетекчилиги астында даярдык көрүп келген.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028