БААУнун математика боюнча Олимпиадасына каттоо аяктоодо!

БААУнун математика боюнча Олимпиадасына каттоо аяктоодо!

10 апреля 2024

#олимпиадапоматематике#математика#appmath

Эртең, 12-апрелде 14-апрелде өтүүчү математика боюнча БААУнун Олимпиадасына каттоо аяктайт. Олимпиадага 9-10-11-класстардын мектеп окуучулары катыша алышат.

Олимпиадага кантип катышуу тууралуу кенен маалымат - https://www.auca.kg/ru/mathcontest/.

Олимпиада 2024-жылдын 14-апрелинде БААУнун имаратында өткөрүлөт. Башталышы 10:00дө.

Олимпиаданын маселелеринин мисалдары:

1-тур: https://auca.kg/uploads/SFW/Маселелер-2013_1%20-тур.pdf 

2-тур: https://auca.kg/uploads/SFW/Маселелер-2013_2%20-тур.pdf 

 

Ошондой эле ачык колдонууда БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” программасынын мугалимдери тарабынан даярдалган “БААУнун жогорку класстардын окуучулары үчүн математикалык олимпиадалардын маселелеринин жыйнагы” интерактивдүү электрондук китеби бар: https://dspace.auca.kg/handle/123456789/2776.

 

 Олимпиаданын байге ээлерине жана финалына жолдомо алгандарга сыйлыктар жана эстелик белектер тапшырылат. Ал эми жеңүүчү, экинчи жана үчүнчү орунду камсыздагандарга 2024-жылы БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” адистигине окууга өткөн шартта билим алуу үчүн тиешелүү түрдө 100%, 90%, жана 80% арзандатуулар берилет.

БААУнун Инновациялык колледжи 2024-жылы БААУнун Инновациялык колледжине окууга тапшырган 9-класстын окуучуларынын арасында жеңүүчүлөргө 70%, 60% жана 50% өлчөмүндө арзандатууларды тартуулайт.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028