“Искусство, Технология жана Адилеттүүлүк: баарлашуунун чеги” көркөм көргөзмөсүнө чакырабыз

“Искусство, Технология жана Адилеттүүлүк: баарлашуунун чеги” көркөм көргөзмөсүнө чакырабыз

9 апреля 2024

“Искусство, Технология жана Адилеттүүлүк: баарлашуунун чеги” көркөм көргөзмөсүнүн форматындагы чыгармачылыктын, техникалык инновациялардын жана социалдык өзгөрүүлөрдүн интеракциясына катышыңыз. Биз татаал социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган жана аларды искусство жана технологиялар менен өз-ара аракеттенишүүсү аркылуу ачып берген сүрөтчүлөрдү чакырабыз. Ар кандай көркөм каражаттары аркылуу коомдун актуалдуу көйгөйлөрү боюнча ар тараптуу көз-караштарды ачкан эмгектерди көрүүгө кубанычта болобуз.

 

Тема: “Искусство, Технология жана Адилеттүүлүк”

Көргөзмөнүн датасы: 21-май (шейшемби) 2024-жыл

Өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү: 10-май 2024-жыл

Өтүүчү жайы: Борбордук Азиядагы Америкалык университети (Бишкек)

 

Көргөзмөнүн максаты

Көргөзмө социалдык көйгөйлөрдү чечүү жана аларга коомчулуктун көңүлүн бурдурууда искусство менен технологиялардын ролу тууралуу баарлашуусу менен талкууларга көмөктөшүү максатын көздөйт. Ар тараптуу көркөм туюнтмалар жана чечимдердин жардамы менен биз катышуучулар менен көрүүчүлөрдү көйгөйлөрдүн маанилүүлүгүн аңдап-сезүүгө жана адилеттүү ааламга кадамдарды иштеп чыгууга шыктандырууга умтулабыз.

 

Катышуучулар: 18 жаштагы жана андан улуу курактагы сүрөтчүлөр, алардын арасында көркөм жамааттар.

 

Өтүнмөлөрдү берүү тартиби жана эмгектерге карата талаптар

 

Өтүнмөлөрдү берүү Google Форма аркылуу БААУнун сайтында ишке ашырылууда

Көргөзмөгө катышууга оригиналдуу көркөм эмгектерге гана уруксат берилет. Эгер эмгектер жасалма интеллекттин технологияларын колдонуу менен аткарылса, анда катышуучулар бул тууралуу маалымдоосу керек. Мындан тышкары алынган көркөм жана техникалык материалдар сүрөттөлүшү абзел. Антпесе көргөзмөнүн уюштуруучуларынын пикиринде жасалма интеллекттин белгилери бар деп табылган эмгектер сынакка катыштырылбайт.

Эмгек менен кошо сүрөтчүнүн коомдук билдирүүсүн (400 символго чейин) да берүүгө болот. Бул абстракттуу искусство жана жасалма интеллектти колдонуу менен жасалган эмгектерге милдеттүү болсо, калган түрдөгү жана жанрдагы эмгектер үчүн билдирүү милдеттуу эмес, бирок сунушталат.

 

Эмгектердин түрлөрү:

  • живопись, графика, сүрөттөлүштөр, сүрөттөр;
  • физикалык объекттер, мисалы, айкелдер;
  • мультимедиялык искусство, анимациялар, кыска видеолор (30 сек - 1 мин), 3D-үлгүлөр;
  • көргөзмөнүн темасына ылайык башка көркөм эмгектер.

 

Интеллектуалдык жеке менчик укугу

 Катышуучулардын берилген материалдарынын интеллектуалдык жеке менчик укугу сакталат. Болгону алар эмгектерин уюштуруучулардын көргөзмө жана башка иш-чаралар учурунда демонстрациялоого, ошондой эле социалдык түйүндөрдө жана уюштуруучулар менен өнөктөштөрдүн сайттарында жарыялоого уруксат берет.

Көргөзмөнүн катышуучулары интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына толук укукка ээ экенин же эмгекти жасоодо колдонулган материалдардын биринчи ээлеринен зарыл болгон уруксат кагаздарына ээ экенин тастыкташат.

 

Жеңүүчүлөрдү аныктоо тартиби

Көркөм эмгектер креативдүүлүгү, темага төп келүүчүлүгү, көркөм сапаты, техникалык татаалдыгы, көркөм дискурска салымы жана эрежелерди кармануусу боюнча бааланат.

 

Номинациялар

Көргөзмөнүн жеңүүчүлөрүн төмөнкү номинацияларда сыйлоо пландаштырылган:

  •  “Чыгармачылык жол тутуусу жана чечим чыгаруудагы оригиналдуулугу үчүн”
  • “Маанисин ачып бергендиги үчүн”
  • “Кызыктуу техникалык чечим үчүн”
  • “Эл сүймөнчүгү”

Көргөзмөнүн номинациялар боюнча жеңүүчүлөрү уюштуруучулар тарабынан графикалык планшеттер түрүндөгү  ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланат.

Көргөзмөнүн уюштуруучуларынын чечими менен бир же бир нече номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталбай калуусу же бир номинацияда бир нече жеңүүчү аныкталып калуусу толук ыктымал.

 

Ошондой эле

Суроолорду узатуу үчүн электрондук дарек: arttechexhibition2024@auca.kg

Тандалып алынган катышуучуларга 2024-жылдын 16-майына чейин маалымат берилет.

Көркөм эмгектерди жеткирүүгө байланышкан чыгымдарды катышуучулардын өзүлөрү көтөрүүгө милдеттүү болот.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары төмөнкү иш-аракеттер үчүн көргөзмөгө коюлган эмгектерди четтетүү укугуна ээ: интеллектуалдык ишмердүүлүк укугун бузуу, башка бирөөлөрдүн ар-намысына шек келтирүү, жеке жашоосун бузуу, диний, расалык, этникалык, улуттук жаңжалдарды пайда кылуу, мазактоо, уят сөздөрдү жана сүрөттөрдү камтуу жана башкалар.

Уюштуруучулар келип түшкөн эмгектердин баарын чыгарууга жана чыгарбай коюунун себебин айтууга милдеттүү эмес. Ал эми эмгектери абыл алынган катышуучулар бул тууралуу маалымдалат. Көргөзмөнүн жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча нааразылыктар кабыл алынбайт жана каралбайт.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028