Аалам үчүн суу: 3 спикер, Эл аралык сүрөт көргөзмө, байгелери бар викторина

Аалам үчүн суу: 3 спикер, Эл аралык сүрөт көргөзмө, байгелери бар викторина

26 марта 2024

#цга#CCE

27-мартта БААУда “Аалам үчүн суу” иш-чарасы өтүп, анын алкагында Water = Life (“Суу = Жашоо”) аталышындагы Эл аралык сүрөт көргөзмөнүн бет ачары болот. Анда КРнын Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн Суу ресурстары кызматынан жана ЮСАИДден 3 эксперт сөз сүйлөшөт. Иш-чаранын катышуучулары үчүн суу темасында викторина уюштуруп, белектерди ойнотобуз.

ДАТАСЫ: 27-март

УБАКТЫСЫ: 15:00 – 17:00

ӨТҮҮЧҮ ЖАЙЫ: конференц-зал (4-кабат)

Иш-чаранын тили: орус тили

 

2022-жылы Египеттеги климатикалык саммиттин алдында Нидерланды дүйнө жүзү боюнча фотографтарды фотосынакка катышуу үчүн чакырган. Мына ошол фотографтардын ар кандай өлкөлөрдөгү суу көйгөйлөрүн чагылдырган эмгектерин биздин иш-чара учурунда БААУдан көрө аласыздар.

Фотоэмгектерди сиз иш-чара жыйынтыкталгандан кийин да көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз - ал БААУнун 4-кабатындагы жыйындар залында 2024-жылдын 8-апрелине чейин илинип турат. Кирүү БААУнун коомчулугу үчүн гана эмес, каалоочулардын баары үчүн акысыз.

Планетанын калкын азык-түлүктөр менен камсыздоо климаттын өзгөрүшү, кургакчылык жана ошондой эле ирригациялык түйүндөрдүн канааттандырарлык эмес абалда болуусу жана суу-чарба объектилеринин жетишсиздигинен улам кыйынга турууда. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсү түшүмсүздүк жана ачкачылыктын айынан жапа чегип келет. 2024-жылы дүйнө коомчулугу азык-түлүк менен камсыздоо боюнча буга чейинки жылдарга караганда татаал жана оор кырдаалга кабылат. Андыктан биз колдо бар бардык ресурстар менен мүмкүнчүлүктөрдү, жагымдуу жаратылыш менен өлкөбүздүн климатын, өзгөчө суу ресурстарын рационалдуу жана эффективдүү түрдө пайдалануубуз кажет.

Сиз спикерлер менен биргеликте Жердеги жашоо жана тынчтык үчүн суунун маанилүүлүгү тууралуу ой-жүгүртө аласыз. Коноктор суу, энергия жана азык-түлүктөрдүн өз-ара байланышын баалоонун НЕКСУС жолу жөнүндө маалымат алышат. Белгилей кетсек, мындай ыкманы жаратылыш ресурстарын мыкты башкаруу үчүн жергиликтүү мамлекеттик органдар баалоо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн комплекстик негизди камсыздоо менен карманып келишет.

ММКлардын өкүлдөрү уюштуруучулар менен спикерлерге кызыктырган суроолорун узата алышат.

БААУда сүрөт көргөзмөнүн ачылышы Нидерланды Падышачылыгынын Борбордук Азиядагы Элчилиги жана Динара Амантурлиева айымдын жеке колдоосу менен ишке ашты.

Иш-чаранын уюштуруучулары – БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана ЮСАИДдин суу ресурстары жана курчап турган айлана-чөйрө боюнча долбоорунун колдоосу астында КРнын Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн Суу ресурстары кызматы.

Иш-чаранын программасы: https://drive.google.com/file/d/1GmzN1Z0I-1cWOINsdGEluCnkCirRXJ1f/view?usp=sharing.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028