Дэвид Лахдир БААУнун Окутуу-конструктордук борборунун Makerspace Learning and Design Center of AUCA имаратынын курулушуна капсула салды

Дэвид Лахдир БААУнун Окутуу-конструктордук борборунун Makerspace Learning and Design Center of AUCA имаратынын курулушуна капсула салды

11 марта 2024

2024-жылдын 21-февралында БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдир курулуп жаткан БААУнун Окутуу-конструктордук борборунун Makerspace Learning and Design Center of AUCA имаратынын курулушуна капсула салды. Бул БААУ менен Бард Колледждин биргелешкен долбоору АКШнын Эл аралык өнүтүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен ишке ашырылууда.

Мейкерспейс уникалдуу билим берүү, чыгармачыл жана ишкерлик чөйрө болмокчу. Ал 3D-принтерлер, робототехниканын топтомдору, компьютер менен башкарылган станоктор жана кубаттуу графикалык станциялары бар компьютердик лаборатория менен жабдылат. Мындан тышкары анын борборунда окутуу мейкиндиктери, ири конференц-зал, баарлашуу, жеке иштөө жана мээ чабуулун уюштуруу үчүн аймактар жайгашат. Мейкерспейс бүткүл Кыргызстан менен Борбордук Азиянын окумуштуулары, инженерлери, жеке ишкерлери жана иштеп чыгуучулары үчүн жеткиликтүү. Имарат БААУнун ачык, жеткиликтүү жана жашыл кампусунун бир бөлүгү болуп калмакчы.

“БААУнун Мейкерспейси” Окутуу-конструктордук борбору БААУнун студенттери үчүн гана эмес, ошондой эле технологияларга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон коомдун ар кандай катмарларына, анын ичинде аялдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү жана башка топторго жеткиликтүү болот. Долбоорлордун катышуучулары өз билимдерин башкалар менен бөлүшүп, өз кезегинде башкалардан да билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028