БААУда экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча лекция өткөрүлдү

БААУда экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча лекция өткөрүлдү

6 марта 2024

КРнын Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 5-мартта БААУда экстремизим жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча лекция өткөрүлдү. Лекцияны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын кызматкери, милициянын полковниги Ратбек Убайдылдаевич Турусбеков өттү.

Ратбек Убайдылдаевич Кыргыз Республикасында террористтик деп таанылган уюмдар, алардын мүчөлөрүнүн өлкөгө кантип кирүүсү, кызматтын иштөө ыкмалары тууралуу айтып берди. Өзгөчө социалдык түйүндөрдө жайылтылып жаткан маалыматтарга кылдаттык менен мамиле жасоо эскертилди. Такталбаган булактардан алынган маалыматтарга ишенбөө жана жайылтпоо зарылдыгы баса белгиленди. Эсиңиздерде болсун, лайк басуу же бөлүшүү да экстремисттик маалыматты жайылтуу катары бааланып, буга  жазык жоопкерчилиги каралган.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028