Нарын жана Караколдо көчмө сынактар

Нарын жана Караколдо көчмө сынактар

28 февраля 2024

 


Борбордук Азиядагы Америка университети бакалавр программасына көчмө кабыл алуу сынактарын өткөрүү тууралуу маалымдайт.


Ага англис тилин жакшы билген лицей, колледж жана университеттердин, ошондой эле 11 жылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү чакырылат.

Сынак акысыз бекер өткөрүлөт!

БААУга окууга өтүү үчүң 3 бөлүктөн турган AUCA Admission Exam сынагы тапшырылат:

  • Англис тилинен тест – English Language Proficiency Test (ELPT) – 80 мүнөт
  • Мектеп программасы боюнча математикадан тест - 60 мүнөт
  • Англис тилинде дилбаян - 60 мүнөт

Сынактардын жүгүртмөсү:

Ишемби, 9-март 2024-жыл, Нарын шаары
9:00 – БААУнун кабыл алуу сынактары
Сынак өтүүчү жай: “Хан-Тенгри” мейманканасы (сырткы конференц-зал, 3-корпус), Асан Юсупов көчөсү 2.

 

Жекшемби, 10-март 2024-жыл, Каракол шаары
9:00 - БААУнун кабыл алуу сынактары
Сынак өтүүчү жай: “MADANUR” отели, Конференц-зал, Токтогул көчөсү 201.


Эске салсак, Сиз БААУнун көчмө кабыл алуу сынактарын бир гана жолу жана бир гана шаардан тапшыра аласыз. Сынакты кайра тапшыруу кийинчерээк БААУга келгенден кийин гана мүмкүн.


Сынактарга биздин веб-сайтттан даярданууга болот: https://auca.kg/en/auca_exams_prepare/ 


Англис тили, математика жана дилбаян боюнча минималдык өтмө упайларды сайттан көрүп алууга болот: https://auca.kg/en/auca_exams_scoring/ 

БААУнун кабыл алуу сынактарын тапшыруу үчүн эмнелер керектелет?

  • Паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү
  • Аттестат/дипломдун көчүрмөсү же сиздин бүтүрүүчү класста окуп жаткандыгыңызды тастыктаган мектептен (колледжден, лицейден) алынган сүрөтү жана мөөрү бар билдирме.
  • Ак фондо 3x4 өлчөмүндө бир түстүү сүрөт
  • Ручка, карандаш, өчүргүч

 

* Өзүңүз менен кошо суусундук жана жеңил тамак алып келүүнү сунуштайбыз – дилбаян жазуудан кийин чакан танапис каралган.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетинин

Студенттерди кабыл алуу кеңсесине кайрылыңыздар: Аалы Токомбаев көчөсү, 7/6, кабинет G20

 

Бишкек, Кыргыз Республикасы

E-mail: admissions@auca.kg

Сурап-билүү үчүн телефон: +996 312 915 000 (407, 409)

Website: www.auca.kg

Facebook: facebook.com/MyAUCA

Instagram: @myauca

Whatsapp: +996 770 004 113

 

 

 

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028