Өнүктүрүүнүн саясаттары жана практикалары боюнча Аткаруучулук программасынын стипендияларына өтүнмөлөрдү кабыл алуу

Өнүктүрүүнүн саясаттары жана практикалары боюнча Аткаруучулук программасынын стипендияларына өтүнмөлөрдү кабыл алуу

20 февраля 2024

Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Армения, Азербайжан жана Грузиянын жарандарын Эл аралык мамилелер боюнча Женева институту тарабынан каржыланган магистрдик программага чакырабыз. Сынактын жыйынтыгында билим алуу үчүн стипендияга ээ болуу мүмкүнчүлүгү жаралат! Өнүктүрүүнүн саясаттары жана практикалары боюнча Аткаруучулук программага өтүнмөлөрдү бериңиздер https://www.graduateinstitute.ch/dpp.

Коомдун бардык тармактары менен катмарларынын өкүлдөрүн камтыган 80ден ашуун өлкөнүн 200 миңден ашуун бүтүрүүчүсүнөн турган биздин коомчулукка кошулуңуздар! Алардын арасында Executive Education-i жана DPP-i бүтүрүүчүлөрү гана 110 улуттун өкүлдөрү болуп эсептелет.

Программа өнүктүрүүнүн эң актуалдуу көйгөйлөрүн иликтейт жана сизге инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу ыкмаларын берет. Аймактык алты борбордун бирине сүңгүп кирүү менен сиз жергиликтүү реалдуулуктарды глобалдык контекст менен байланыштыра аласыз.

Сиз программа менен таанышуу үчүн анын директору Александр Дормие Фрер жана программанын бүтүрүүчүсү, Грузиядагы Ворлд Вижндин директору Екатерина Гургенадзе менен атайын видеону көрсөңүз болот: www.youtu.be/xDcX2lybZc4.

Өнүктүрүүнүн саясаттары жана практикалары боюнча Аткаруучулук программа кесипкөйлөрдү каалаган тармакта өнүктүрүүнү көздөйт. Окутуунун биринчи баскычы Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетинде орун алат. Экинчи баскычы онлайн болсо, ал эми жыйынтыктоочу модулу Женевада өткөрүлөт.

 

Өтүнмөлөрдү берүүнүн мөөнөтү: 15-март 2024-жыл

 

The Graduate Institute Geneva - Executive Education менен биргеликте Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча швейцариялык агенттик тарабынан каржыланат.

 

Бул жерден катталуу кажет: ee.graduateinstitute.ch/dpp2024

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028