БААУда Ачык эшиктер күнү

БААУда Ачык эшиктер күнү

13 февраля 2024

#Тимоти О’Коннор#Президент#АЭК#Ачык эшиктер күнү

Өткөн ишембиде Борбордук Азиядагы Америка университетинде Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Абитуриенттер менен алардын ата-энелери окутуу программалары жана университеттик жашоо менен таанышып, БААУнун өзгөчө атмосферасын сезип көрүштү.

Мындай өзгөчө атмосферага коноктор кампуска баш баккандан тарта сүңгүп киришти, анткени аларды окуу жайдын босогосунан ыктыярчылар кубаттуу жана шайыр кыйыкырык-сүрөөндөр менен тосуп алышты. Буга кошумча колдоруна факультеттердин сессияларынын өтүүчү жайлары жана убактылары көрсөтүлгөң маалыматтык баракчалар тарпшырылды. Биринчи кабатта бакалавриат жана магистратуранын факультеттеринин жарманкеси орун алып, кабыл алуу сынактары, окууга өтүүнүн шарттары, каржылык колдоо жана башка БААУда билим алууга тиешелүү маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындан тышкары Жаңы муун академиясы, Инновациялык колледж, Кошумча билим берүү борбору тууралуу да маалыматтар берилди. Ал эми экинчи кабатта университеттин окуудан тышкаркы жашоосу менен таанышууга мүмкүн болуп, ар кандай студенттик клубдар тартууланды.

Расмий бөлүктө конокторду БААУнун президенти Тимоти Эдвард О’Коннор жылуу тосуп алды. Ал өз сөзүндө БААУда билим алуу принциптери, студенттерге болгон талаптар, студенттер үчүн перспективалар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди. Алсак ал буларга токтолду: “БААУда билим берүү процесси эркин искусстволор жана илимдердин үлгүсү боюнча түзүлгөн. Студент үчүн бул эмнени билдирет? Бул университетте эркин ой-жүгүртүү жана академиялык эркиндик, чыгармачылык жана сын көз-карашта ойлонуу принциптери бааланат дегенди айтып турат. БААУ студенттерди гуманитардык, социалдык, табигый жана так илимдерди иликтөөгө таянган билим берүү менен камсыздоого умтулат. Бул студенттерди тар адистиктин чектөөлөрүн жокко чыгарган билимдерге интегративдүү холистикалык ыкмалар бааланган тез өзгөрүп жаткан ааламга даярдоого жардам берет”.

 

Расмий бөлүктөн кийин факультеттердин сессиялары башталды. Алар бир учурда форумда, конференц-залда жана аудиторияларда өткөрүлдү. Факультеттердин жетекчилери жана окутуучулары программаларга тапшыруунун өзгөчөлүктөрү, окутуу процесстери, студенттердин алмашуу программалары, бүтүрүүчүлөрдүн жетишкендиктери тууралуу айтып беришти. Жүгүртмө абитуриенттердин факультеттердин сессияларына катышуу менен кызыктырган маалыматтарын алууга ыңгайлуу кылып түзүлдү.

Күндүн жыйынтыктоочу аккорду “Миррорс” студенттик театрынын өз өнөрүн тартуулоосу болду. БААУнун көркөм жетекчиси Николай Шульгин университет үчүн театрдын өзгөчө маанисин айтып, студенттин окуудан тышкаркы жашоосу анын ыкмалары менен байланыштарын калыптандырарын белгиледи. Театрдын артисттери “Эсибиздин толкундары боюнча” спектакли жана Diversity Week иш-чарасындагы чыгуулардын үзүндүлөрүн тартуулады.

 

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028