Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарларында БААУнун көчмө кабыл алуу сынактары

Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарларында БААУнун көчмө кабыл алуу сынактары

12 февраля 2024

Борбордук Азиядагы Америка университети Ош, Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарларында бакалавриат программасына көчмө кабыл алуу сынактары өткөрүлүп башталгандыгы тууралуу маалымдайт.

Ага англис тилин жакшы өздөштүргөн лицей, колледж жана университеттердин бүтүрүүчүлөрү жана 11-класстын окуучулары чакырылат. Сынак акысыз бекер өткөрүлөт!

БААУга окууга өтүү үчүн үч бөлүктөн турган БААУнун кабыл алуу сынактарын AUCA Admission Exam ийгиликтүү тапшыруу кажет:

  • Англис тилинен тест – English Language Proficiency Test (ELPT) – 80 мүнөт
  • Мектеп программасынын математика сабагы боюнча тест – 60 мүнөт
  • Англис тилинде дилбаян – 60 мүнөт

 

Сынактардын жүгүртмөсү:

 

Бейшемби, 15-февраль 2024-жыл, Кызыл-Кыя шаары

 11:00 – БААУнун кабыл алуу сынактары

Сынак өтүүчү жай: №2 орто мектеп, 1-кичирайон, 10

 

Жума, 16-февраль 2024-жыл, Жалал-Абад шаары

11:00 – БААУнун кабыл алуу сынактары

Сынак өтүүчү жай: ЖАМУнун китепканасы, Ленин көчөсү 57

 

Ишемби, 17-февраль 2024-жыл, Ош шаары

13:00 – БААУнун кабыл алуу сынактары

Сынак өтүүчү жай: Ош гуманитардык педагогикалык институту, Түштүк-Чыгыш кичирайону, Исанов көчөсү 73

 

Жекшемби, 18-февраль 2024-жыл Ош шаары

9:00 – БААУнун кабыл алуу сынактары.

Сынак өтүүчү жай: Ош гуманитардык педагогикалык институту, Түштүк-Чыгыш кичирайону, Исанов көчөсү 73

 

Эскерте кетчү нерсе, Сиз БААУнун кабыл алуу сынактарын бир гана жолу жана бир гана шаардан тапшыра аласыз.

 

Тесттерге биздин веб-сайттан даярданууга болот: https://auca.kg/en/auca_exams_prepare/

Англис тили, математика жана дилбаян боюнча минималдык өтмө упайларды сайттан көрүп алсаңыз болот: https://auca.kg/en/auca_exams_scoring/

 

БААУнун кабыл алуу сынактарын тапшыруу үчүн эмнелер керектелет?

  • Паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү
  • Аттестаттын/дипломдун көчүрмөсү же мектептен (колледжден, лицейден) сиздин бүтүрүүчү класста билим алып жаткандыгыңызды тастыктаган сүрөт тиркелип, мөөр басылган маалымдама.
  • Ак фондо 3x4 см өлчөмүндө 1 даана сүрөт
  • Ручка, калем, өчүргүч

 

Өзүңүз менен кошо суусундук жана жеңил тамак алып келсеңиз болот, анткени математикадан кийин чакан тыныгуу каралган.

Кошумча маалымат алуу үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетине кайрылыңыздар.

Студенттерди кабыл алуу боюнча кеңсе, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, кеңсе G20

Бишкек, Кыргыз Республикасы

E-mail: admissions@auca.kg 

Сурап-билүү үчүн телефон:+996 312 915 000 (407, 409)
Website: www.auca.kg

Whatsapp: +996 770 004 113

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028