БААУнун президенти Тимоти Эдвард О'Коннордун Ачык эшиктер күнүндө сүйлөгөн сөзү

БААУнун президенти Тимоти Эдвард О'Коннордун Ачык эшиктер күнүндө сүйлөгөн сөзү

12 февраля 2024

#Тимоти О’Коннор#Президент#President

Ишемби күнү, 10-февралда Борбордук Азиядагы Америка университетинде Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Анда абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине БААУнун президенти Тимоти Эдвард О'Коннор кайрылуу жасады:

 

Урматтуу абитуриенттер жана ата-энелер!

Жогорку квалификациялуу, билимдүү жана эл аралык деңгээлдеги кесипкөй адистерди даярдаган Борбор Азиядагы Америка университетине кош келиңиздер!

Бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүндө БААУнун жалпы жамааты сиздерге абитуриенттерди кабыл алуу эрежелери жана билим берүү программалары тууралуу толук айтып берип, сиздер кызыккан суроолорго жооп берүүгө даяр. Бүгүн сиздер БААУнун атмосферасын байкап, биздин окуу жайда студент болуу кандай экенин биле аласыздар.

Ар бир студенттин БААУга тапшырууну каалоосу жана чечими - бул сиздин эң маанилүү кадамыңыз экенин айткым келет. БААУда ар бир 1-курстун студенти жыл ичи атайын адистер тарабынан колдоого алынат. Себеби ар бир студент мектепти аяктагандан кийин жашоонун жаңы баскычына кадам таштаганы турат. Толкундануу жана тынчсыздануу менен кабатырланган студенттерибизге кам көрүү биздин милдет деп билебиз. Биздин кам көрүүбүз комплекстүү болуп, өз ичине академиялыкб моралдык жана тарбиялык багыттагы колдоону камтыйт.

БААУга тапшыруу менен сиздердин жашоодо жаңы барак беттери ачылып, сиз буга чейин мектеп парталарында алган билимиңизге кылчайып карап, бирок алдыда жаңы максаттарды аныктап, жеке умтулуулар менен катар баалуулуктарыңыздарды аныктоочу убакыттын келгенин байкайсыз.

Ал эми билим берүү процесси тууралуу айтсам, БААУда окуу процесси жана жалпы багытыбыз гуманитардык илимдердин уңгусунда курулуп, биздин университет академиялык жана ой жүгүртүү эркиндиги менен катар жеке чыгармачылык менен сын ой жүгүртүүнү баалайт. БААУ студенттерге гуманитардык, коомдук, табигый жана так илимдерди үйрөнүүгө көп кырдуу окуу процесстеринин негизинде билим берүү максатын көздөйт. Биздин студенттерибиз  ааламдашуу заманында болуп жаткан тез өзгөрүүлөргө жараша кесиптик даярдык көрүп, терең билим алышат. Буга мисал, биздин бүтүрүүчүлөр ар кырдуу билимге ээ болуп, эл аралык деңгээлде мыкты даярдыктарын көрсөтүшөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана жалпы Борбор Азиянын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошушуп, сапаттуу билим ээлери катары биздин чоң сыймыгыбыз болуп келишет.

БААУга тапшырууда атайын даярдык талап кылынса, ар бир студентке математика, англис жана орус тилин мыкты деңгээлде билүүңүз шарт дегим келет. Акылдуу, аракетчил, билимдүү жана таланттуу жаштардын катарын сиз дагы толуктайсыз деген ишенич менен, БААУнун студенттеринин тарбиясынын бийиктигин, дүйнөдөгү позитивдүү өзгөрүүлөргө умтулуп, чөйрөсүн жакшы жакка өзгөрткүсү келген кыялдарын баса белгилеймин. Дүйнөдөгү ар кыл өзгөрүүлөргө кайдыгер карабаган жаштарыбыздын билим алуусуна толук шарттарды түзүп берип, каалаган багытта билим алып, мыкты адис болууга камдайбыз. Мисалы, замандын талабына ылайык “Экологиялык туруктуулук жана климатология” программасы студенттерди жаңыча окутуп, мыкты адистерди даярдайт.

Окуу жайыбызда БААУнун студенттери тынымсыз өнүгүү, билим алуу менен катар башкаларга салыштыргыс сапаттарын таанып-билишип, илимий багытта гана өнүкпөстөн, инсандык өсүшүнө да өзгөчө көңүл бурабыз. Ар бир студент өзүн ишенимдүү сезип, өз дараметин толук көрсөтө алышы бизге маанилүү. Бул үчүн БААУ студенттерге бардык шарттарды түзүп, тынымсыз колдоо жана сапаттуу билим берүүнү камсыз кылып келет. Өз кезегинде студенттер берилген мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып, милдеттерин так аткаруу менен билим алып келишет. Биз атайын “социалдык” келишим түзгөн сымал, БААУнун жалпы жамааты менен студенттерибиз, ал гана эмес ата-энелер менен дагы кызматташуунун негизинде биргеликте ийгиликтерди багындырып келебиз. БААУнун жана биздин ата-энелердин бирдиктүү максатты - бул балдарыбыздын бакубат жашоосун камсыз кылуу болуп саналат. Ал эми ата-энелер балдарынын демилгелерин жана чечимдерин колдосо, моралдык жардам көрсөтүшүп жандарында болушса, биздин студенттерибизге адистикти тандоодо гана эмес, жалпы эле келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө берилип мамиле жасоосуна жана жеке жөндөмдүүлүктөрүн арттырууга жардам берет.

Ал эми жеке жөндөмдүүлүктөрдүн негизи - бул баарлаша билүү. Мисалы, БААУнун студенттеринин 40%га жакыны чет элдик студенттер болгондуктан, студенттерибиз бир канча тилдерде баарлашышып, билим алуудагы артыкчылык жана атаандаштык артып, жаңыча мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат. Ошону менен катар, БААУнун ар бир студенти кесипкөй адис болуу багытында билим алууда лидерлик сапаттарын дагы арттырууга жетишет. Чыныгы лидерлик сапатка ээ болуу, ал сапатты жашоодо колдонууга ылайыктуу шарттарды түзүп берүү дагы БААУнун жоопкерчиликтеринин бири болуп саналат.

Бирок сиз кантип чыныгы лидер боло аласыз? Лидерлик сапат тубаса өзгөчөлүкпү же үйрөнүп кете турган сапатпы? Балким лидерлер жергиликтүү жана глобалдык чакырыктардын негизинде өтө зарыл болгон учурларда пайда болушат? Мына ушул суроолорго жооп ирээтинде, менин оюмча чыныгы лидерди философ катары кабыл алсак болот. Анткени табиятынан жана билиминен философ болгон инсан ар дайым чындыкты издеп келет. Ал изденүүчү, кызыкдар жана ар кыл маселелерди изилдөөгө даяр. Дал ушул сапаттар БААУнун бүтүрүүчүлөрүндө бар болуп, ар бир студентти башкалардан айырмалап турат. БААУнун студенттери бактылуу жана бардар жашоосун камсыз кылууга умтулуп, өздөрүнүн негизги баалуулуктарын билишет. Демек, БААУнун гуманитардык илимдердин негизинде курулган жашоо жана билим уюткусу мыкты натыйжаларды берип келет. Андыктан, сиздерди дагы БААУга тапшырып, бизде билим алууңузду чыдамсыздык менен күтөбүз. Сиздерди Борбор Азиядагы Америка университетинин чоң үй-бүлөсүнө кубаныч менен тосуп алууга даярбыз!

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028