Коноктор лекциясы:

Коноктор лекциясы: "Медиа жана бизнес: тренддер, акча жана блоггерлерден эмнени үйрөнсө болот"

9 февраля 2024

Кымбаттуу студенттер!

Сиздерди Борбордук Азиядагы Америка университетинин Журналистика жана массалык байланыштар факультетинин бүтүрүүчүсү Азим Азимовдун лекциясына чакырабыз.

Темасы: Медиа жана бизнес: тренддер, акча жана блогерлерден эмнени үйрөнсө болот

Качан: 15-февраль, 2024

Убактысы: 15:30-16:50

Өтүүчү аудитория: 435

Тили: Орус тили

Лекция БААУнун Журналистика жана массалык байланыштар факультетинин улук окутуучусу Тынымгуль Эшимованын “Медиакөчмөндөр: фрилансердин жолу” курсунун бир бөлүгү болуп саналат.

Спикер жөнүндө:

Азим Азимов - Media Kitchen продакшн-студиясынын негиздөөчүсү, 15 жылдык тажрыйбасы бар продюсер жана сценарист. Эл аралык фестивалдар менен сынактардын лауреаты. Медиа тармагындагы сторителлинг жана тренддер боюнча насаатчы. БААУнун Журналистика жана массалык байланыштар департаментинин 2011-жылкы бүтүрүүчүсү.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028