“ВИКТОРИЯ” сынагы

“ВИКТОРИЯ” сынагы

7 февраля 2024

#европатаануу#виктория#victoria#European

“ВИКТОРИЯ” сынагы – бул БААУнун “Европа таануу” факультетинде бакалаврдык программа боюнча билим алуу үчүн стипендияга ээ болууну каалаган Кыргыз Республикасынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү жана орто билим тууралуу аттестатка ээ 22 жашка чейинки жаштарынын арасында европалык реалдуулуктар жөнүндө билимин текшерүү сынагы.

Сынактын программасына Европа Биримдигинин география, искусство, тарых, адабият жана саясаты тууралуу суроолор киргизилген. Ар бир катышуучу каттоодон онлайн өтүүсү керек. Сынак БААУнун компьютердик класстарында өткөрүлөт. Сынактын жеңүүчүлөрү окутуунун акысын төлөө үчүн чоң арзандатууларды алышат.

 

“Виктория-2024” сынагынын маанилүү даталары:

  • Каттоонун башталышы: 17-февраль 2024
  • Каттоонун аякташы: 15-март 2024, 18:00
  • Сынак өтүүчү күн: 17-март 2024, 9:00

Жыл сайын өтүүчү VICTORIA сынагынын Жобосу менен кылдат таанышып чыгууну өтүнөбүз.

Сынактын жеңүүчүлөрү “Европа таануу” факультетинде билим алуунун бардык мезгили үчүн арзандатуулар менен сыйланат:
  • 1-орунду ээлеген жалгыз жеңүүчүгө - LAS-Европа таануу багытында 8 семестр билим алууга 100% арзандатуу
  • 2-орунду ээлеген эки студентке - LAS-Европа таануу багытында 8 семестр билим алууга 60% арзандатуу
  • 3-орунду ээлеген 3 студентке - LAS-Европа таануу багытында 8 семестр билим алууга 40% арзандатуу.

Сынак тууралуу кенен маалыматты БААУда 10-февралда өтүүсү күтүлүп жаткан Ачык эшиктер күнүндө алсаңыз болот.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028