БААУнун Юридикалык клиникасы

БААУнун Юридикалык клиникасы

6 февраля 2024

БААУнун “Эл аралык жана бизнес укук” департаментинин Юридикалык клиникасы  жарандарга укуктун көптөгөн тармактарында акысыз бекер юридикалык жардам көрсөтүп келет: жарандык укук, эмгек укугу, үй-блөлүк укук, социалдык камсыздандыруу укугу. БААУнун Эл аралык жана бизнес укук департаменти менен биргеликте клиниканын иши калктын аярлуу катмарларынын өкүлдөрүнө акысыз бекер юридикалык жардам көрсөтүү жолу менен коомубуздагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Консультациялар үч тилде берилет: кыргыз, орус жана англис тилдеринде.

Юридикалык клиниканын иш-тартиби: дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 12:00 - 17:00 аралыгында

Биздин дарек: БААУнун кампусу, Бишкек шаары Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, С04-кабинет (№10,11,17 троллейбустардын соңку аялдамасы).

Телефон: 0312 915-000 (ички номер 478).

Кенен маалыматтарды юридикалык клиниканын социалдык түйүндөрдөгү баракчаларынан алууга болот: https://auca.kg/ru/legal_clinic/; Facebook - @LegalClinicAUCA ; Instagram - @lawclinicauca; жет төмөнкү электрондук дарекке кайрылыңыз: legalclinic@auca.kg.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028