БААУда Ачык эшиктер күнү

БААУда Ачык эшиктер күнү

5 февраля 2024

Жакынкы ишемби күнү, 10-февралда БААУда Ачык эшиктер күнү өтөт.

Бул абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн окутуу программалары жөнүндө билип алууга жакшы мүмкүнчүлүк - бакалавриат жана магистратура, ошондой эле каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрү, кабыл алуу сынактары жана окууга тапшыруу шарттары тууралуу.

БААУ – Борбордук Азиядагы гуманитардык илимдер тармагында америкалык билим берүү системасы боюнча окуткан уникалдуу университет. Британиялык Quacquarelli Simmons (QS) агенттигинин QS World University Rankings Asia 2024 рейтингине ылайык, БААУ - Кыргызстандагы №1 жогорку окуу жайы жана Борбордук Азиянын алдыңкы окуу жайларынын мыкты ондугуна (ТОП-10) кирет. БААУ “Окутуучулар - студенттер”, “Эл аралык студенттик коэффициент” ара катышы жана ошондой эле Эл аралык академиялык тышкы баалоолор жана жумуш берүүчүлөрдүн баалоолору боюнча эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен.

Кыргызстандын бардык башка окуу жайларынан БААУ ошондой эле өзгөчө атмосферасы менен айырмаланат. Студенттик жашоо окуу менен гана чектелип калбайт: университетте ар тараптуу хоббилери жана кызыгуулары боюнча студенттердин башын бириктирген көптөгөн активдүү студенттик уюмдар жана клубдар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

БААУ – бул мультимаданий чөйрө, мында ар кандай өлкөлөрдүн студенттери билим алышат. Университет дүйнөнүн 60тан ашуун ЖОЖдору менен өз-ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерге ээ болуп, студенттерге дүйнөнүн 24 мамлекетинде 50дөн ашуун алмашуу программаларын сунуштайт.

Сиз бир күнгө БААУнун атмосферасына сүңгүп киресиз: студенттер жана окутуучулар менен таанышуу, “Миррорс” студенттик театрынын өнөрүнө күбө болуу. Албетте иш-чаранын коноктору үчүн университет боюнча экскурсия уюштурулат.

10-февралда университет абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн өз эшигин ачат!

 

Өткөрүп жибербе! Башталышы БААУнун кампусунда 12:00дө. Дареги: Аалы Токомбаев көчөсү 7/6!

Каттоо үчүн шилтеме: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdavU0ECyDNgGnw96v4JHXT_hjwDyGAInz9Up0rbWtEi79k7A/viewform.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028