Тагай Тазабеков: “Эгер адам ийгиликтүү болсо, анда ал айланасындагы адамдарды да ийгиликтүү кылат”

Тагай Тазабеков: “Эгер адам ийгиликтүү болсо, анда ал айланасындагы адамдарды да ийгиликтүү кылат”

1 февраля 2024

#журналистика#journalism#jour

БААУда Limon Media`нын түптөөчүсү Тагай Тазабековдун ачык лекциясы болуп өттү. Лекциянын жүрүшүндө ал Limon брендинин өнүгүүсү жөнүндө айтып, студенттердин суроолоруна жооп берди. Лекция БААУнун Журналистика факультети тарабынан уюштурулган.


Лекция чогулгандарга “Limon.kg деген эмне?” деген суроо узатуу менен башталды. Жооптор ар кандай болуп, бирок бул жаңылыктар порталы Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө ийгиликке жетишкен кыргызстандыктардын ийгилик сырлары менен ассоциацияланат. Ошондой эле көпчүлүк үчүн аталган сайттагы макалалар бул ийгиликке жетүүнүн, эмгектин таанылуусунун көрсөткүчү болуп саналат.


Негизи чынында ушундай, анткени Limon.kg бизди кесипкөйлүк, билим берүүчүлүк, коомдук ишмердүүлүгүндө ийгиликке жетип, коомчулукка таанылган мекендештерибиз менен тааныштырат эмеспи. Бирок ар дайым мындай болгон эмес. Баары 1993-жылы “Лимон” гезитинин ачылышы менен башталган. Ал жаштардын аудиториясына багытталып, популярдуу жана суроо-талапка ээ болгон. 2001-жылы ошол эле команда Кыргызстандагы №1 маалыматтык сайт “АКИ-прессти” ачкан. Маалыматтык интернет-ресурстардын өнүгүүсү менен басма булактардын популярдуулугу төмөндөп баштайт. Натыйжада 2009-жылы гезитти жаап, интернет айдыңына өтүү чечими кабыл алынат. Кезектеги урунтуу учур 2019-жыл болгон, дал ушул жылы “АКИ-пресстен” бөлүнүү орун алган. Лекция учурунда Тагай Тазабеков басманын саясаты кантип өзгөргөнү, ага эмне себеп болгондугу жана экономикалык туруктуулукка кантип жетишилгендиги жөнүндө кенен айтып берди.


Лекциянын экинчи бөлүгүндө катышуучулар кызыктырган суроолорун узатышты. Алар ар түрдүү болду: макалалардын каармандары кантип тандалат, ички рубрикация барбы, медиа-бизнес 10 жылдан кийин кандай болот жана Limon.kg`ге кантип жумушка орношууга болот?

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028