Кыргызстандагы жер титирөөлөр жана сейсмологиянын өнүгүүсү

Кыргызстандагы жер титирөөлөр жана сейсмологиянын өнүгүүсү

26 января 2024



Соңку күндөрдө маалыматтык агенттиктер Кытай жана анын Кыргызстан менен чектешкен аймактарында болуп жаткан жер титирөөлөр тууралуу кабарлар менен толуп кетти. Алгачкы силкинүү 23-январда түнкү саат 00:09да Ак-Сууда орун алып, анын магнитудасы 7,1 балл болду. Кытайдан тышкары ал ошондой элк Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда сезилди. Расмий билдирүүлөр боюнча Бишкекте жер титирөө 4 баллдык болсо, Кумтөр кенинде 6,5 балл, Каракол менен Кажы-Сайда 4,5 баллга чейин жеткен. Түндөн таң атканга чейин 5-6 баллдык афтершоктор орун алган. Кийинки түндө 2,5 баллдык дагы эки жер титирөө катталган. Биздин аймактын жашоочулары үчүн 22-январдан 23-январга караган түн тынчсыздануунун түнү болду. Социалдык түйүндөр менен мессенджерлердеги кайталануучу күчтүү жер титирөөлөр тууралуу жалган маалыматтардан улам ири шаарлардын кээ бир жашоочулары түндү көчөдө же туугандарыныкында жеке секторлордо өткөрүүгө мажбур болушкан. Эгер Кыргызстан менен Өзбекстандын расмий кызматтары курмандыктар менен жапа чекендердин болбогондугу тууралуу билдиришсе, Казакстанда 44 киши медициналык жардам сурап кайрылган. Алар жер титирөө учурунда үйлөрүнөн качып же терезелерден секирип чыгып баратып, ар кандай жаракаттарды алышкан - кокустатуу, чоюлуп калуу, чыгып кетүү.


Биз жогорку сейсмикалык активдүү аймакта жашап жаткандыгыбызды унутпашыбыз керек. Мында жер титирөөлөр өзгөчө көрүнүшкө караганда норма болуп саналат. КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, Кыргызстанда бир жылда орто эсеп менен 13 миңге жакын жер титирөөлөр катталып, алардын ичинен биз 25ин гана сезебиз. Алардын күчү 4-5 баллдан ашпайт. Булар күчтүү эмес силкинүүлөр болуп эсептелет жана алар жөнүндө маалыматтарда “курмандыктар жана кыйроолор жок” деп айтылат. КРнын УИАнын Сейсмология институту Кыргызстан жана коңшу өлкөлөрдөгү жр титирөөлөргө тынымсыз түрдө мониторинг жүргүзүп келет. Бул жер титирөөлөр тууралуу ишенимдүү маалыматтарды берген расмий орган. Институттун https://seismo.kg/ сайтындагы маалыматтардын негизинде кыргызстандыктар жер титирөөлөрдүн күчү жана эпицентрлери тууралуу ишенимдүү маалыматтарды алып келишет.


Биздин аймакка мүнөздүү болгон жогорку сейсмикалык активдүүлүк фактысы кылдат жол тутуу, систематикалык илимий изилдөөлөрдү жана олуттуу агартуу ишмердүүлүгүн талап кылат. Бул маселелер менен талаптардын көпчүлүк бөлүгү КРнын УИАнын Сейсмология институтунун милдети болуп саналат. Институттун аларды кантип чечери - бул каржылоо жана кызматташуу маселелери менен байланыштуу. Мунун баарын түшүнүү менен БААУ КРнын УИАнын Сейсмология институтуна интеллектуалдык гана эмес, материалдык да жардам көрсөтүүгө умтулуп келет. Өткөн жылдын июнь айында Сейсмология институту жаңы администартивдик имаратка ээ болду. Ал 2018-жылы БААУ жана Сейсмология институтунун ортосунда түзүлгөн консорциумдун алкагында курулду. Долбоордун бюджети 1,2 миллион доллардан ашты. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын сейсмологдорунда мезгилдин талабына жооп берген жана мониторинг менен илимий иштерди жүргүзүүгө мүмкүн болгон заманбап изилдөөчүлүк борбору бар. БААУ мындан ары да КРнын УИАнын Сейсмология институтунун окумуштууларына жардам берүүсүн уланта берет.


Белгилей кетсек, Казакстанда Оrda.kz маалыматтык порталынын билдирүүсүнө ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сейсмология институтуна 5 миллиард теңге бөлүнөт. Акча каражаттары илимий уюмду тиешелүү турдө жабдууга жана кадрдык потенциалын жакшыртууга жумшалат.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028