ПЭРЭТО Кыргызстанда HoReCa мекемелеринин арасында ECO KG ыктыярдуу экологиялык сертификациясын ишке киргизди

ПЭРЭТО Кыргызстанда HoReCa мекемелеринин арасында ECO KG ыктыярдуу экологиялык сертификациясын ишке киргизди

23 января 2024



ПЭРЭТО Кыргызстанда HoReCa мекемелеринин арасында ECO KG ыктыярдуу экологиялык сертификациясын ишке киргизди


ПЭРЭТО долбоору Борбордук Азиядагы Америка университети тарабынан төмөнкү өнөктөштүк уюмдар менен консорциумда ишке ашырылып келет: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Collaborating Centre on Sustainable Consumption and Production – СSCP (Германия).


PERETO Кыргызстанда HoReCa мекемелеринин арасында ECO KG ыктыярдуу экологиялык сертификациясын ишке киргизип, анын болуусу кардарларга кафе/мейманкана/отелдерде кандай жашыл технологиялар менен туруктуу өнүктүрүү ыкмалары киргизилгендиги тууралуу маалымат берет.


ECO KG ыктыярдуу экологиялык сертификациясынын пилоттук схемасы ПЭРЭТО долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин SWITCH-Asia программасынын алкагындагы каржылык колдоосунун алдында иштелип чыккан.


“Эко-сертификация” - бул өнүккөн туризмди жайылтуудагы маанилүү кадам. Ал HoReCa объектилеринде жашыл технологияларды пайдаланууга кошумча сурамдардын жаралышына өбөлгө түзүп, бул өз кезегинде бизнес-сектордун курчап турган айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтат”,- ПЭРЭТО долбоорунун программалык менеджери Максат Дамир уулу.


“Жеке ишкерлердин суранычтары боюнча пилоттук форматта Кыргызстан боюнча 23 мейманкана, кафе жана ресторандарда энергия жана ресурстардын эффективдүүлүгү боюнча сертификацияланган эксперттер эко-аудит өткөрүштү. Андыктан бүгүн биз андан ийгиликтүү өткөн мекемелерди тастыктоо сертификаттары жана атайын сапат белгилери менен төмөнкү категорияларда сыйладык: “Коло” (9 мекеме), “Күмүш” (9 мекеме) жана “Алтын” (5 мекеме)”,- ПЭРЭТО долбоорунун программалык менеджери Нурзат Абдырасулова.

Эко-сертификациянын негизги критерийлери:

  • экологиялык менеджмент;
  • суу менен камсыздоо жана агынды сууларды башкаруу;
  • калдыктарды башкаруу;
  • энергияны үнөмдөө жана ишке киргизүү;
  • материалдык ресурстарды экологиялык башкаруу;
  • эко-транспорттоо жана эко-мобилдүүлүк;
  • азыктарды жеткирип берүүнү уюштурууда эко-жол тутуулар;
  • жанаша аймактардагы экологиялык практикалар (эгер колдонууга мүмкүн болсо);
  • социалдык жоопкерчилик


ПЭРЭТО Ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн ECO KG мобилдик тиркемесин иштеп чыгууда. Тиркеме мекеменин экологиялыктуулугун текшерүү учүн атайын тесттен өтүп, анын негизинде Кыргызстандын каалаган аймагында эко-аудиттен өтүүгө билдирме берүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыздап берет.

 


Ылайык келүүчүлук сертификаттары ПЭРЭТОнун аткаруучу уюму жана өнөктөшү болгон Кыргызстандын Жашыл альянсынын сертификацияланган объектилеринин бирдиктүү реестрине киргизилген жана 2 жылга жарамдуу.


“Бул биздин биринчи сертификациябыз. Бүгүн биздин отелибиз “Коло” алды, бирок биз конокторубузга жаратылышка кам көрүү менен ыңгайлуулуктарды түзүүнү улантабыз. Анан албетте эң жогорку сыйлык “Алтын” категориясына умтулабыз”,- деп билдирди Tes Hotel in Osh отелинин кожойкеси Шайыргуль Абдырахманова.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028