БААУнун студенттери текбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамында Дүйнө чемпионатына катышты

БААУнун студенттери текбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамында Дүйнө чемпионатына катышты

19 января 2024

Текбол – Венгрияда 2013-жылы ойлонуп табылган. Бул салыштырмалуу түрдө тез өнүгүп жаткан жаш спорт түрү. Ал өзгөчө Европада кеңири кулач жаюуда. Азия чөлкөмүндө, өзгөчө КМШ өлкөлөрүндө текбол таптакыр жаш спорт түрү. Эл аралык текбол федерациясы (FITEQ) спорттун бул түрүн олимпиадалык спорт түрүнө айлантуунун үстүндө иш алып барууда. Дүйнө чемпионаты жыл сайын ар кайсы мамлекеттерде өткөрүлүп келет. Эң алгачкы жолу КРнын улуттук курама командасы 2022-жылы Германияда өткөн Дүйнө биринчилигине катышкан. Быйыл мелдеш Таиландда орун алды.

Дүйнө чемпионаты каалаган спорт түрү үчүн эң маанилүү мелдештердин бири болуп, спортчулар айткандай, алар Эл аралык аренада татыктуу атаандаш болуу үчүн бүт күч-аракеттерин жумшашат.

Мелдешке даярдануу учурунда көптөгөн тоскоолдуктар орун алгандыгына карабастан, дүйнө коомчулугунун бир бөлүгү болуу каалоосу кыргыз спортчуларына бардык кыйынчылыктарды басып өтүүгө жардам берди. Эң чоң көйгөй - бул каржылык колдоо табуу болду.

Кыргызстандын текбол федерациясы ишеним жана колдоо үчүн @sakbol_kg`ге ыраазычылык билдирет. Ошондой эле @bermettlasbek`тин колдоосу да даярдык көрүү учурунда чоң көмөк болду. Мына ушундай колдоолордун негизинде биздин спортчулар Таиландда өткөн мелдешке катышып, Кыргызстанда аталган спортту андан-ары өнүктүрүү үчүн жаңы тажрыйбалары топтошту. Спортчулар мелдештеги маданият жана жалпы жагымдуу атмосфераны белгилеп кетишти. Натыйжада чемпионат да дал ушундай маанайда өткөн. Таймаштар динамикалуу жана эмоцияларга бай болду. Ал жакта текболду өнүктүрүү идеясы күч адамдардын чогулгандыгын түшүнүп жетүүнүн өзү кубаныч тартуулады. Белгилей кетсек, Таиланд текбол боюнча Дүйнө чемпионатын кабыл алган туңгуч азиялык мамлекет болуп калды.

– Биз бардык Эл аралык мелдештерге катышуу мүмкүнчүлүгүбүз жок болсо да, Дүйнө чемпионатында татыктуу таймаш көрсөтөбүз деп ишенгенбиз. Биз жаңы чокуларды багынтып, алгачкы Эл аралык жеңиштерге жетиштик. Биз текболдун дүйнөлүк коомчулугуна катышыбыз бар экенин сездик жана башка өлкөлөрдүн оюнчулары жана өкүлдөрү менен тажрыйба алмаштык.

 Буюрса кезектеги мелдештерде жакшы натыйжаларга жетишебиз деген үмүттөбүз. Мелдештен кийин текболду Кыргызстанда өнүктүрүүгө абдан шыктандык. Келечекте текбол Кыргызстанда популярдуу болуусу үчүн колдон келген күч-аракеттерди жумшамакчыбыз,- деп билдиришти текбол боюнча Дүйнө чемпионатына катышып келген ата мекендик спортчуларыбыз.

Ошондой эле өз таасирлери менен текбол боюнча Дүйнө чемпионатына барган Кыргызстандын делегациясынын өеүлдөрү болгон БААУнун студенттери да бөлүштү.

 

Айтегин Максатбек, BA-122:

– Мен айыгышкан жана кооз спорт түрү болгон текболго 3 жылдык өмүрүмдү арнадым. Жакында Кыргызстандын текбол федерациясынын президенти болуп шайландым. Мына ушул күндөн тарта текбол менин жөн гана хоббим эмес, а жашоодогу максатыма айланды. Текбол болуп көрбөгөндөй күч-аракеттерди талап кылат жана бул мен үчүн көйгөй эмес. Спорт менин жашоомдун маанисине айланды жана анын өнүгүүсү үчүн болгон иш-аракеттеримди жумшап жатам. Соңку мелдеште мыкты ондукка кирүүнүн пландаштыргам, бирок психологиялык көйгөйлөргө кабылдым. Бирок бул алдыдагы кадамдарым үчүн чакырык болду. Эң толкунданткан учурлардын бири - бул легендарлуу Роналдиньо менен жолугушуу болду. Аны менен жолугушуу үчүн бир катар тобокелчиликтерге бардым жана буга өкүнбөйм. Баары акталды. Ал менен жолугушуудан шыктануу гана албастан, ошондой эле анын кол тамгасына да ээ болдум.

 

Нуркыз Сыдыкбекова, SFW-122:

– Спорт ар дайым менин жашоомдун маанилүү бөлүгү болуп келген. Мен үчүн текбол кесипкөйлүк ыкмаларымды ачкан спорт болуп калды. Таиландда мен Кыргызстандын текбол федерациясынын өкүлү болдум. Ал жакта текболдун негиздөөчүсү жана Эл аралык текбол федерациясынын (FITEQ) башкы катчысы менен тааныштым. Бул тажрыйба мен үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөбүздө текболдун өнүгүшүнө күч топтоого жардам берет деп ишенем. Мен жасаган аракеттерибиз менен сыймыктанам. Анткени Эл аралык аренада текболдун эң жаш өкүлдөрү болгонубузга карабастан, башка өлкөлөр менен бир катарда ири мелдештин бир бөлүгү боло алдык. Даярдануу учурунда колдоо көрсөткөн жакындарыма ыраазычылык билдирем. Алардын колдоосу кыйынчылыктарга моюн сунбай, жасап жаткан ишибизди улантууга чоң себепчи болду. Мен болочокто да бул спорттун бир бөлүгү болуп, ийгиликтерге жетишүү үчүн мүмкүн болгон нерселердин баарын жасоого даярмын.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028