БААУнун Президентинин жаңы жылдык куттуктоосу

БААУнун Президентинин жаңы жылдык куттуктоосу

22 декабря 2023

Урматтуу Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери!

2023 - жылдын сапары карып бараткан учур. Мен дал ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып баарыңыздардын талыкпас эмгегиңиздерге ыраачылык билдирип жылдын жыйынтыгын бирге чыгарууну ниет кылып турамын.

Сиздерге маалым болгондой эле, мен БААУга 2023-жылдын август айында ишке кириштим, бирок биринчи Бишкек шаарына келген мезгилден тарта биздин университет эң мыкты кесиптештер менен студенттерге бай экенин бааладым. Университеттин ичинде илимий, билим берүү жана класстан тышкаркы иш-чаралар ар дайым эң жогорку деңгээлде өтө турганына ынандым. Дал ошол салтка айланган адат менен быйылкы жылы дагы бир катар жетишкендиктерге бирге жетише алдык. Билим берүү жана илимден тышкары шаардын турмушуна активдүү катышып жатканыныбызды биздин аянтчаларда өткөрүлгөн көптөгөн социалдык маанилүү иш-чаралар тастыктап турат.

Ошол эле учурда университеттин жамаатын анын негизги кызыкдар тараптары – студенттерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Биздин студенттер БААУнун жогорку билим берүү стандарттарынан ашып гана тим болбостон, ар бир иш-чарага активдүү катышаары анык. Университетибизде ушундай таланттуу, дилгир жана жоопкерчиликти баалай билген жаштардын билим алуусу бизге чоң сыймык тартуулайт. БААУ студенттерибиз үчүн кесиптик даярдоону гана камсыз кылбастан жеке жана илимий жактан дагы колдоо көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулат. Ар бир студенттин жеке өнүгүүсү дагы биздин көңүлүбүздүн борборунда болуп келет. БААУнун студенттерине болгон мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө умтулуусу ар бир студенттин  жеке потенциалын ишке ашырууга жардам берет деп ишенем. Башка билим берүү мекемелери сымал БААУ дагы чыгармачыл, жөндөмдүү жана кызыкдар адамдар менен жолугушуу үчүн аянтчаларды курууну улантуу менен студенттерибиздин биздин коомчулуктун бир бөлүгү катары сезе ала турганына жардам берет. Биздин университет Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоодо студенттердин чыныгы патриоттук жарандык аң-сезимдерин тарбиялоону улантып келет.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн чыңдоо сымал ири милдеттердин тизмесин карап отуруп, аларды ишке ашыруу үчүн университеттин келечеги үчүн күйгөн чыныгы кызматкерлердин бар болуусу - бул жетишкендик. Ар бир кызматкер топто баалуу болуп, өзүнүн өзгөчө ролун аткара алат. Мисалга алсак, БААУнун окутуучу-профессордук жамааты бир гана окутуучу эмес чыныгы инсандык багыт берген жана кесиптик колдоо көрсөткөн насаатчы болуп саналат. Ар бир талыкпас эмгеги жана кылган кызматы өнүгүүокутуучу-профессордук жамаат терең урматка татыктуу.

Ал эми БААУнун кызматкелеринин жана жетекчилердин ишмердүүлүгү башкалардан кем эмес мааниге ээ. Университеттин бүткүл системасынын күнүмдүк иштешин камсыз кылууда жана өнүгүү багытын баамдап белгилөөдө кызматкерлердин орду дагы чон. Аткарган сапаттуу кызматтары үчүн сиздерге дагы терең ыраазычылык билдиремин. Чындыгында, университетте жасалган бардык нерсе, биринчи кезекте, азыркы жана келечектеги биздин студенттер үчүн жасалат.

Акыркы бир нече айдын ичинде мен БААУнун жамааты үй-бүлө деп аталарын бир эмес, бир нече жолу уктум жана университеттин кызматкерлери бизге келген студенттер өздөрүн өз үйүндөй сезе тургандай атмосфераны түзүү үчүн чындап аракет кылаарын байкадым. Жалпы жамаатыбыздын мүчөлөрү өз иштерин берилүү менен аткарышат, себеби, бизге эмгегибиздин жемиши өтө маанилүү. Андыктан жаңы жылда мен сиздерди бири-бириңиздерди бардык иш тарабынан же жекече болобу колдоого чакырам. Бири-бирибизге колдоо көрсөтүү, дем берүү жана конструктивдүү пикирлерди бөлүшүү - бул биргеликте иш алып барууга жол ачат.

Биз 2024-жылы жаңы эл аралык байланыштарды куруу менен бирге өнөктөштөрүбүз менен учурдагы кызматташтыктарыбызды өнүктүрүп, чет элдик кызматташууларыбызды биргелешкен илимий жана билим берүү долбоорлору аркылуу ишке ашырып, эл аралык академиялык коомчулукта өзүбүздүн ээлеген ордубузду дагы да бекемдей алууга шарт түзөт. Мындан тышкары, биздин университет “мейкеризм”ди өнүктүрүү аянтчасы болууга болгон аракетин жумшайт. Себеби бул багыт ар бир адамга технологиялык чыгармачылыкка жана жеке санарип өндүрүшүнө аралашууга менен иш алып барууга мүмкүндүк берет. Алдыга койгон максаттардын негизинде, 2024-жылдын жазында БААУда “Makerspace Learning and Design Center” борбору иштей баштайт. Бул борбор ойлоп табууга жана жаңы нерселерди жаратууга даяр ар бир инсан үчүн өз эшигин ачуу менен Кыргыз Республикасынын технологиялык жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошот деген  үмүттөбүз.

Урматтуу студенттер жана жалпы кесиптештер!

Сиздерге талыктаган ак эмгегиңиздер жана аткарган кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиремин! Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм жана келе жаткан жылы бардык кыялдарыңыздардын орундалышына тилектешмин! Жаңы Жыл кубанычтуу окуяларга бай болуп, жакындарыңыз менен бирге сизге бактылуу жана жылуу көз ирмемдерди тартуулашын каалайм!

Жаңы жылыңыздар менен!

Терең урматым менен, Тимоти!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028