Сыргак Кыдыралиев БААУга жаңы китептерин тартуулады

Сыргак Кыдыралиев БААУга жаңы китептерин тартуулады

18 декабря 2023

##математика##китепкана##library

БААУнун китепканасында “Колдонмо математика жана информатика” департаментинин профессору Сыргак Капарович Кыдыралиевдин “Финансы жана инвест эсептер” жаңы китебинин бет ачары болуп өттү. Китеп “Компаньон” банкынын каржылык колдоосу менен жарык көрдү. Мындан бир нече жыл мурда бул эмгек орус тилинде басып чыгарылган болчу, эми минтип кыргыз тилине которулуп отурат.

Иш-чара БААУнун академиялык маселелери боюнча вице-президенти Чынаркуль Рыскулованын сөз сүйлөөсү менен башталды. Чынаркуль айым китептин маанилүүлүгүн белгилеп, ал ар кайсы муундун өкүлдөрүнө кызыктуу болорун айтуу менен бирге китепти басып чыгарууга каржылык колдоо көрсөткөн “Компаньон” банкына ыраазычылык билдирди. “Китеп калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган жана баарынан баалуусу - бул андагы маалыматтардын жеткиликтүүлүгү”,- деп баса белгиледи Рыскулова.

Бет ачарга “Компаньон” банкынын кызматкерлери да катышты - банктын операциялык ишмердүүлүгү боюнча Борбордук өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Наргиза Аттокурова жана банктын операциялык ишмердүүлүгү боюнча Борбордук өкүлчүлүгүнүн директорунун орун-басары Бекболот Буларкиев.

Бекболот Буларкиев өз сөзүндө китептин авторуна жана аны жаратууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык билдирди. “Биздин мекеме банк кызматтарынын классикалык спектрин көрсөткөн жөн гана банк эмес. Ал социалдык миссияны көздөп, каржылык сабаттуу коомду түзүү жана өнүктүрүүгө активдүү катышууга аракет жасап келет. “Финансы жана инвест эсептер” китебинин жарык көрүшүнө колдоо көрсөтүү банктын миссиясына шайкеш келет. Банк Кыргыз Республикасынын калкынын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган көптөгөн долбоорлор менен программаларды ишке ашырып келет”,- деп билдирди ал.

Бет ачардын бардык катышуучуларына банк белектерди камдап коюптур: “Финансы жана инвест эсептер” китебинин өзүн жана чакан сувенирлерди.

Бет ачарда Сыргак Капарович математикалык эрежелерди жана туура инвестиция жасоону билүү үй-бүлөлүк бюджетти бекемдөөгө жана келечекте пенсиянын өлчөмүн жогорулатууга кантип жардам берерин айтып берди. Мындан тышкары иш-чаранын катышуучулары дүкөндөрдөгү 50% арзандатуулар ар дайым эле үнөмдөө эмес экенин жана өлкөдөгү салык саясаты ар бир жарандын жашоосун жакшырта аларын билип алышты.

Ушуну менен катар балдарга арналган “Жандуу математика” циклиндеги дагы эки китеп окурмандардын назарына коюлду. “Шалгам” жомогу май айында көрсөтүлгөн. Андыктан бул ирет “Үч жомок” аталышындагы жаңы китепке көңүл бурулду. Эмгек БААУнун 30 жылдыгына карата “Колдонмо математика жана информатика” департаментинин колдоосу астында жарык көрдү. Бул китептин өзгөчөлүгү болуп андагы ар бир жомоктун үч тилде берилгени эсептелет - кыргыз, орус жана англис тилдеринде. Андыктан аны тил үйрөнүү үчүн колдонмо катары пайдаланууга болот. Китепти “Колдонмо математика жана информатика” департаментинин улук окутуучусу Елена Бурова тартуулады. “Нули тууралуу жомоктун” мисалында ал китептин материалдарын базалык математикалык билимдерди үйрөтүү үчүн кантип пайдаланып, ошол эле учурда балдарды математикага кызыктыруу керек экендигин көрсөтүп берди.

“Үч жомок” китептери да иш-чаранын катышуучуларына белекке берилди.

 

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028