Чыңгыз Шамшиев:

Чыңгыз Шамшиев: "PISA — бул Кыргызстандын позициясын Эл аралык масштабда баалап көрүү мүмкүнчүлүгү"

18 декабря 2023

БААУнун Инновациялык колледжинде Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун улук аналитиги Туе Холгриндин “Билим берүү системаларын эмнелер мыкты кылат - PISA`нын соңку изилдөөлөрүнүн сабактары” ачык лекциясы өткөрүлдү. Макала VESTI.KG маалыматтык агенттиги тарабынан даярдалган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мектеп окуучулары 2025-жылы аталган уюмдун изилдөөлөрүнө катышат.

PISA эмнени изилдейт? Анын Кыргызстанга кандай пайдасы бар? Ушул жана башкалар тууралуу экономика илимдеринин доктору Чыңгыз Шамшиев менен маектешебиз.

— Чыңгыз Болотбекович, PISA`нын 2022-жылга карата изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары 2023-жылдын 5-декабрында жарыяланып,арадан 3 күн өткөндөн кийин аталган уюмдун улук аналитиги БААУнун Инновациялык колледжинде лекция окуду. PISA`нын өкүлү кандай максатта чакырылды? Алардын изилдөөлөрү бизге кандай маалыматтарды берет?

— Биз калкты агартуу жана билим берүүнүн деңгээлин көтөрбөстөн туруп, элдин жыргалчылыгын жогорулата албайбыз деген ишенимдебиз. Андыктан мүмкүнчүлүктөрүбүз, билимдерибиз жана ресурстарыбызга жараша ушундай лекцияларды жана башка демилгелерди такай уюштуруп турууга аракет жасайбыз. Мында БААУнун Инновациялык колледжинин гана студенттери эмес, ошондой эле башка кенен аудиториянын да зарыл болгон билимдерди алуусун көздөйбүз. PISA менен Инновациялык колледж көптөн бери кызматташып келет. Биз программанын автору жана жетекчиси Андреас Шляхер менен тегерек стол да өткөргөнбүз. PISA`нын улук аналитиги Туе Холгрин бизге 2022-жылдын эң соңку изилдөөлөрүнүн маалыматары тууралуу бет ачар жасады. Эми бардык дүйнөлүк масс-медиа, аналитиктер, эксперттер жана саясатчылар алынган материалдарды кылдаттык менен иликтешет. 81 өлкөнүн ар бири өз көрсөткүчтөрүн билишти жана аларды башка мамлекеттердин көрсөткүчтөрү жана өзүлөрүнүн буга чейинки жыйынтыктары менен салыштырышат. Бул жыйынтыктарды өзгөртүү жана билим берүү саясатынын чараларын иштеп чыгуу үчүн баалуу маалымат болмокчу. Мисалы PISA`нын маалыматтарына ылайык, Финляндия көптөгөн жылдар бою сапаттуу орто билим берүүнүн лидерлеринин бири болуп келген. Финляндиялык үлгүнү иликтөө үчүн атайын турлар уюштурулган, финляндиялык окуучулардын ийгиликтери жөнүндө баяндаган илимий макалалар, монографиялар, илимий-популярдуу китептер жарыяланган. Бирок соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй, алардын көрсөткүчтөрү абдан түшүп кеткен. Мунун себептерин талдоо керек. Изилдөөчүлүк жана практикалык максаттар үчүн PISA абдан баалуу болуп эсептелет. Анткени анын программалары ачык, так илимий ыкмалар жана протоколдор боюнча иштейт. Бардык маалыматтар коомчулукка жеткиликтүү болуп, аларды көчүрүп алуу менен жеке эсептерди жүргүзүүгө болот. Айтор бул программа дүйнө жүзүндө билим берүүнү өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошуп келет. Бирок ошол эле учурда мен окутуунун сапатын билүү үчүн PISA жалгыз өлчөөч болуп саналат дегенден алысмын.

— 2009-жылы биздин өлкө эң акыркы орунду ээлеп, бишкектик мектептердин мугалимдери PISA`нын изилдөөлөрүнө даяр эмес экендигибизди айтып чыгышкан. Ушуга байланыштуу сиздин оюңузча биздин окуучуларыбызды 2025-жылы аталган изилдөөлөргө катыштырууга эртелик кылбайбы? ?

— Жок, тескерисинче биз 2009-жылдан бери көп убакыт жоготуп алдык. Акыркы орунду ээлегендигибизге кайгырып жатып калуунун кажети жок. PISA изилдөөлөрүнө катышуу - бул Кыргызстандын кайсы орунду ээлерин жана Эл аралык көрсөткүчтөргө карата мамиле боюнча кандай деңгээлде тургандыгыбызды билип алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бул билим берүү системабызды жакшыртуу жана өткөрүлүп жаткан реформаларды баалоо, Эл аралык тренддерди карай туура жолдобузбу же жокпу, орто билим берүү системасын кантип өнүктүрүү керек экендигин билүү мүмкүнчүлүгү. Биздин билим берүү системабызда абал начар экенин жашыргандан эмне пайда? Муну биз ансыз да жакшы билебиз. Ал эми анын себептерин жана чечүү жолдорун билүү бул башка маселе. Мына ошол үчүн PISA бере ала турган ишенимдүү маалыматтар керек.

— Биздин айрым мугалимдер акыркы орунду ээлеп калгандыгыбызды билим берүү системасындагы көйгөйлөр менен эмес, а аталган тесттин спецификасына даяр эмес болуп калгандыгыбыз менен түшүндүрүшкөн. PISA`нын сынактарына даярданса боолбу?

— Программа мектептер орто статистикалык окуучуну атайын даярдыксыз катардагы режимде кантип даярдоосун өлчөйт. ЖРТнын тесттерине же олимпиадага тандалма балдарды даярдап, алардын байгелүү орундарды ээлеп, мектебинин аброюн көтөрүүсү мектеп үчүн жана ошол конкреттүү окуучулар үчүн жакшы. Бирок мындай ийгиликтер орто статистикалык окуучунун билиминин сапатын чагылдырбайт. Мектеп жана педагог үчүн ийгилик - бул Эл аралык олимпиадаларда өзгөчөлөнгөн жана чет өлкөлүк компанияларга жумушка орношкон өзүнчө чемпиондор эмес. Мындай студенттер бизде көп жана биз алар менен чынында сыймыктанабыз. Бирок ийгиликтин башкы критерийи - артта калып жаткан студенттердин канча пайызы ийгиликтүүлөрдүн катарына кошулуусу. Билим берүү мекемелери жана окутуучулар үчүн ийгиликке жетүүнүн башкы критерийи мына ушул. PISA`га атайын даярданбоонун дагы бир себеби - бул мектепти баалоо үчүн окуучуларды кокустан тандап алышат. Эгер мектептерди жана окуучуларды алдын-ала тандап, аларды атайын даярдап баштаса, анда бул билим берүүнүн сапатын текшерүү эмес, а бурмалоо болуп калбайбы.

Лекция учурунда спикер кызык бир маалымат менен бөлүштү. Көрсө саясий стабилдүүлүгү жок өлкөдө да көрсөткүчтөр мыкты болушу мүмкүн экен, эгер стабилдүү билим берүү саясаты болсо. Биздин билим берүү саясатыбыз жөнүндө эмнелерди айта аласыз?

— Биздин өлкөдө билим берүү системасы чынында оор абалда. ЖРТнын орто упайларынын динамикасы боюнча тыянак чыгарсак болот. Абитуриенттердин деңгээли жыл сайын төмөндөп жатканын көрүп жатабыз. Албетте буга пандемия чоң таасир тийгизди. Бүтүн бир окуу жылы текке кетти. Кимдир-бирөөлөргө бул коркунучтуу эмес абалдай көрүнүүсү мүмкүн, бирок билим берүү процесси - бул пирамида сыяктуу, бир сабактын үстүнө экинчи сабак коюлуп куралат, бир окуу жылын кийинки окуу жылы кабаттайт. Жоготулган сабактарды толуктаса болот, бирок бул өтө татаал эмгек. Белгилүү бир накыл кепте айтылгандай, дубалдан кулап кеткен кышты кайра ордуна койбойсуң, анктени ал дубалды эми бекемдей албайт. Билим берүүдө да дал ушул сыяктуу. Муну изилдөөлөр да тастыктаган. Бир нече ай бою калтырылган сабактар билим алуудан артта калууга алып келип, болочоктогу карьерага да кедергисин тийгизүүсү мүмкүн. Пандемия бүтүн бир окуу жылын өткөрүп жиберүүго аргасыз кылды. Өзгөчө башталгыч класстарга оор болот.  Кээ бир изилдөөлөргө таянсак, Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы билим алуунун жоголушу согуштан кийин 40 жыл бою адамдардын кирешесине таасирин тийгизген. Брукингс Институтунун окумуштууларынын эсептөөлөрүнө ылайык, окуучунун бир жылдык билим алуудан куру калуусу анын карьерасындагы кирешесинин 10% жоготуусуна алып келет.

— Пандемиядан улам билим берүү деңгээли басаңдай түшкөнү бул дүйнөлүк тенденциябы?

— PISA`нын көрсөткүчтөрү көрсөткөндөй, соңку 10 жылда бүт дүйнө жүзү боюнча окуучулардын ийгиликтеринин төмөндөшү байкалат. Бул өтө олуттуу жана коркунучтуу тенденция. Мунун негизги себептеринин бири - маалыматтардын жана санариптик аспаптардын көбөйүүсүнөн улам балдардын жана ата-энелердин когнитивдик жөндөмдүүлүктөрүнүн төмөндөшү. Пандемия өз таасирин тийгизди, бирок укмуштуу темпте бара жаткан санариптештирүү - бир кыйла маанилүү роль ойноодо. Мындан тышкары башка терең себептер да бар, алар тууралуу бир маектин алкагында айтып берүү мүмкүн эмес.  

Пандемия учурунда билим берүү милдеттерибизди так аткара алдыкпы?

— Бул маселе боюнча абал ар кандай болду. Мыкты инфраструктурасы бар мектептер салыштырмалуу түрдө негизги милдеттерин так аткара алышты. Бирок жалпысынан республика боюнча мектептердин көпчүлүгүндө зарыл болгон жабдуулар жетишсиз болду. Мектеп окуучуларынын үй-бүлөлөрүндө да абал ар кандай болду. Кээ бир үй-бүлөлөрдө интернет жок болсо, айрымдарында компьютер жок дегендей. Бул чынында Кыргызстан үчүн гана көйгөй эмес. Жада калса Улуу Британия, АКШда да чоң көйгөйлөр жаралды. АКШда жакшы байланыш жана компьютердин жоктугунан миллиондогон окуучулар онлайн билим ала алышкан жок. “Ички Африка” деген түшүнүк бар. Бул өнүккөн өлкөдө да кедей өлкөлөрдөгүдөй жашоо деңгээли арта калган аймак же шаар болот дегендик. Пандемия өлкөлөргө ар кандай таасир тийгизгени менен, теңсиздикти алга карай бир нече жылга күчөттү. Теңсиздик буга чейин да болгон, бирок пандемия аны курчутту.  

— ЖКнын депуттаттары жыйындарда билим берүү системасынын каржылоосу жылдан-жылга көбөйүп жатса да, анын сапаты начарлоодо деп айтып келишет. Сиз аталган системанын өкүлү жана окумуштуу-экономист катары мунун себептери эмнеде деп ойлойсуз?

— Баары ага кандай кароодон көз каранды. Эгер ИДПнын же республикалык бюджеттин пайыздары менен карасак, анда сандар чынында үлкөн. Бирок мугалимдердин айлык-акыларына назар салсак, анда алар каржылоо жогорулаганына карабастан, төмөн бойдон калууда. Ооба өкмөт мугалимдердин айлык-акыларын жогорулатуу үчүн болгон күч-аракеттерин жумшоодо, бирок бул билим берүү системасында чоң өзгөрүүлөр үчүн жетишсиз. Билим берүүгө сарпталган башка чыгымдарды айтсак, жаңы мектептер курулууда жана ошол эле учурда калктын саны өсүүдө. Эгер бир окуучунун чыгымдарын алсак, өсүү бар, бирок анча чоң эмес. Ал эми инфляцияны эске алсак, анда таптакыр аз. Качан мугалимдердин айлык-акысы уюлдук байланыш компаниялары же коммерциялык банктардын орто жана жогорку звеносунун кызматкерлеринин айлык-акылары менен тең болсо, мына ошондо бул жогорку айлык акы болот. Билим берүү системасына салыштырмалуу күчтүү кадрлар келе баштайт. Бирок мунун өзү жетишсиз, анткени өсүү перспективасы, атмосфера, жумуш чөйрөсү да маанилүү. Азыркы жаштар үчүн айлык-акы гана эмес, жамааттын сапаты, баалуулуктар жана компаниянын корпоративдик маданияты, кесипкөйлүк, интеллектуалдык жактан өсүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, жамааттагы социализациянын сапаты да маанилүү. Бул үчүн билим берүү системасында жогорку квалификациялуу кадрлардын сын көз-караштагы массасы жана тиешелүү мамлекеттик саясаттын калыптануусу керек.  

PISA`нын көрсөткүчтөрү боюнча мамлекеттин ээлеген орду менен анын экономикалык өнүгүүсүнүн ортосунда өз-ара байланыш барбы?

— Эгер бардык 81 мамлекетти алсак, анда киши башына ИДП менен PISA`нын жыйынтыктарынын ортосунда байланыш жогору. А эгер алдыңкы ондукту (ТОП-10) алсак, байланыш дээрлик жок. Алсак, Сингапур PISA көрсөткүчтөрү боюнча математикадан 1-орунда турса, ал эми киши башына ИДП боюнча 7-орунда. Макао математика боюнча 2-орунда туруп, ал эми киши башына ИДП боюнча 35-орунда. Математаикадан 3-орунда турган Тайбэй киши башына ИДП боюнча 33-орунда. Андан ары 4-орунда турган Гонконг киши башына ИДП боюнча 20-орунда. Ооба аталган өлкөлөр кедей эмес, бирок билим берүү системасы өзүнүн базалык керектөөлөрүн көтөрө алса, маанилүү маселе каржылоо эмес, а каражаттар эмнеге жумшалып аткандыгы болуп калат. 

Сиздин оюңузча каражаттар эмне максатта жумшалышы керек? 

— Каражаттардын көп бөлүгүн мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүүгө багыттоо керек. Финляндия, Сингапур, Корея, Япония, Эстонияда мектепте мугалим болуу бул абройлуу кесип. Ири ЖОЖдордун магистратурасын аяктаган магистранттар бизнес-компанияларга барбастан, мугалим болуу үчүн мектептерге барышат. Эгер орто статистикалык мугалимдин билим берүү деңгээли орто статистикалык окуучунун ата-энесинин билим деңгээлинен жогору болсо, анда мектеп окуучусунда мугалимге карата сый-урмат пайда болот. Эгер мугалим билим деңгээли боюнча окуучунун ата-энесинин билим деңгээлинен төмөн болсо, анда ал окуучулар үчүн авторитет боло албайт. Билим берүү процессинде мектеп жана мугалимдин авторитети чоң мааниге ээ. Бирок мындай авторитет бийлик жана жазалоого эмес, мугалимдин жагымдуу ролдук үлгүсүнө таянышы керек. Окуучулар мугалиминдей ийгиликтүү болууну каалагандай. Мугалимде акылдуу, кызыктуу, перспективдүү жана ийгиликтүү кишинин образы болуусу кажет. Бул өз кезегинде бир күндүк жана бир министрликтин иши эмес.

— Баса азырга чейин советтик билим берүү эң мыкты система болгондугу тууралуу кептер айтылып келет. Лекция учурунда коноктордун бири да бул жөнүндө айтып өттү. Советтик билим берүүнүн артыкчылыгы жана көйгөйлөрү эмнеде болгон?

— СССР жаш өлкө катары түптөлгөн кезде анын калкынын көп бөлүгү сабатсыз болгон. Элдер барак тибиндеги жана топурактан сокмо жасалган үйлөрдө жашашчу. Советтик бийлик мына ошол үйлөрдөн кооз, жаркын мектептерди курган. Мугалимдер билим деңгээли жана маданияты жактан окуучулардын ата-энелеринен бийик турчу. Алар жаңы жашоонун үлгүсү болушчу жана окуучулар аларга тартылышчу. Окуучулар мугалимдерине окшогусу келип, билим алууга мотивациясы жогору эле. Мына ушундай көрүнүш СССРге артта калган агрардык өлкөдөн космостук супердержава абалына өтүүгө жардам берген. Бирок убакыттын өтүшү менен абал кескин өзгөргөн. Сабатсыздык жоюлуп, адамдардын жашоо-турмушу жакшырган. Натыйжада экономикада жаңы тармактар жаңы адистиктер пайда болгон. Бул көптөгөн инженерлер менен заводдордогу жумушчулардын мектеп мугалимдерине карганда жогорку айлык-акы алуусуна алып келген. Өлкөдө билимдүүлүктүн орто деңгээли мектеп мугалиминин билимдүүлүгүнүн деңгээлинен жогорулаган. Театр, музей, завод жана министрликтердин жаңы кооз имараттары курулуп, мектеп имараттары кызыксыз курулуштарга айланган. Мугалимдин аброю, жагымдуулугу басаңдай баштаган. Биздин шаарда эң кооз имараттар кайсылар?

Бизнес-борборлор, мейманканалар, соода борборлору жана айрым үйлөр го дейм...

— Кеп мына ушунда болуп жатпайбы. Мисалы Финляндияда эң кооз имараттар - бул мамлекеттик мектептер. Өз мезгилинде бул мамлекеттин өкмөтү мамлекеттик мектептердин курулушуна чоң каражаттарды бөлгөн. Мектептердин дизайндарын мыкты архитекторлор иштеп чыгышкан. “Балык тереңди, адам жакшы шартты издейт” деп бекеринен айтылбаса керек. Мындай жол менен Финляндиянын өкмөтү мектептин, мугалимдик кесиптин жана жалпысынан билим берүүнүн аброюн, кадыр-баркын жогорулаткан. Ал билим жана илимге карата өз мамилесин көрсөткөн. Жаштардын билим жана илимге тартылуусу үчүн ушундай шарттарды түзүү керек. Мына ошондо социалдык-экономикалык өнүгүү да көпкө күттүрбөйт. PISA изилдөөлөрү бизге билим берүү системабыздагы көйгөйлөрдү түшүнүүгө жана тыянак чыгарууга жардам берет. Балким алгачкы жыйынтыктар кубанычтуу болбосо да, бул өнүгүүгө карай кадам болот. Коңшу Өзбекстан өткөн жылы аталган изилдөөлөргө биринчи жолу кошулуп, 81 мамлекеттин ичинен 80-орунду ээледи. Мында коркунучтуу эч нерсе жок. Биз да акыркы орундарда калабыз деп эч чочулабашыбыз керек.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028