Муратжан уулу Асхат: Мен үчүн Чынгыз Айматов —Кыргыз адабиятын түптөөчүлөрүнүн бири

Муратжан уулу Асхат: Мен үчүн Чынгыз Айматов —Кыргыз адабиятын түптөөчүлөрүнүн бири

15 декабря 2023

Китепкана кызматкери Муратжан уулу Асхат улуу жазуучу жана анын чыгармалары тууралуу ой болүштү.

– Мен үчүн Айматов Чыңгыз Төрөкулович — Кыргыз жазма адабиятынын пайдубалын түптөөчүлөрдүн бири. Ошондой эле, ал өз чыгармалары аркылуу дүйнө жүзүнө кыргызды, кыргыз адабияттын жана калеми курч Чыңгызды тааныткан. Башкача айтканда, Чынгыз Айтматов кыргыз элинин чолпон жылдызы. Мындай таланттуу  инсан миң жылда бир жаралчу адам. Мага анын чыгармалары ар кыл теманы камтып, адамзат, жашоо, сүйүү, тынчтык, жаратылыш жана башка ушул сыяктуу темада окурмандарды моралдык жактан кандайдыр бир маңыздуу маанини туюунткан ой калтыргандыгы менен таасир этет. Мисалы: “Жамийла”, “Атадан калган туяк”, “Кылым карытаар бир күн”, “Бетме-бет”, “Эрте келген турналар”  чыгармалары аркылуу эненин-балага, баланын-атага, эр-жигиттин мекенге болгон сүйүүсүн баяндап, адамзатты жаратылыш  менен эриш-аркак мамиледе болууга үңдөгөн. Мындан тышкары, Чынгыз Айтматов өзүнүн чыгармаларынын артынан кыргыз кинематографиясынын түптөлүп-өнүгүүсүнө негиз жана себеп болгон.   Кандай гана кырдаал болбосун адам баласы жеке өзүнө, бири-бирине, жаратылышка баардык учурда адамгерчилик мыкты сапаттар менен мамиле кылууну осуят кылган. 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028