Чынаркуль Рыскулова:

Чынаркуль Рыскулова: "Жазуучунун философиялык ой жүгүртүүлөрүн студенттер менен талкуулайбыз"

15 декабря 2023

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына БААУде өтүп жаткан жумалыгынын алкагында БААУнун илимий иштери боюнча вице-президенти Чынаркуль Рыскулованын жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө ой жүгүртүүсү.

 – Менин Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен таанышуум, жазуучунун чыгармалары боюнча тартылган кино тасмалардан башталган. Менин бала кезим Жети-Өгүз районунун Саруу айылында өттү. Ал кезде 70-жылдардын башында, айылда анда-санда үйлөрдө гана телевизор бар эле. Андыктан кошуналар чогулуп алып бир үйдөн «Саманчынын жолун» көрүп атканыбыз эсимде. Бул тасма азыркыга чейин мага өтө кайгы-муңдуу кино сезилет. Кийинчерээк «Жамийла», «Мен Тянь-Шань» кинолорун жанталашып кайра-кайра көрөөр элек. Мага «Ак-кеме» абдан жагат, андагы адеп, ыйман сыяктуу темалардын көтөрүлүшү, Нургазынын балалык кыялдары, Момун карыянын Бугу эне тууралуу жомогу өтө маанилүү деп эсептейм.

Менимче Чыңгыз Айтматовдун ар бир чыгармасынын тарбиялык мааниси абдан чоң. Азыр биздин университетте «Биринчи курстар үчүн семинар» курсубуздун негизги текстеринин бири «Кылым карытаар бир күн". Бул чыгарманын «Маңкурттар» жөнүндөгү бөлүгүн студенттер менен англис тилинде окуп, андагы жазуучунун философиялык ой жүгүртүүлөрүн талкуулайбыз. Биздин студенттер бул чыгарма боюнча дилбаяндарды жазышат. Былтыр группамда Ооганстандан келген студенттер биринчи жолу Айтматов менен таанышышып, абдан кызыктуу бет ачарларды жасашты. Кечээ жакында эле Түркмөнстан тарткан «Маңкурт" кино тасмасын студенттерге көрүүгө сунуштадым.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028