Маргарита Лазуткина: “Айтматовдун биз баарыбыз - бирдиктүү бүтүнбүз, эгер жаратылышты сактабасак, анда адамзаттын да күнү бүтөт деген идеясы мага абдан жакын”

Маргарита Лазуткина: “Айтматовдун биз баарыбыз - бирдиктүү бүтүнбүз, эгер жаратылышты сактабасак, анда адамзаттын да күнү бүтөт деген идеясы мага абдан жакын”

14 декабря 2023

Биз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөөнү улантуудабыз. Бүгүн жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө өз ойлору менен БААУнун Жарандык активдүүлүк борборунун Green AUCA долбоорунун координатору Маргарита Лазуткина бөлүшөт.

– Менин Чыңгыз Айтматов менен таанышуум мектепте “чоңдор үчүн” философиялык “Кылым карытар бир күн” жана “Кыямат” чыгармаларынан башталган. Маңкурт тууралуу уламыш, түгөй карышкырлар баяны, баңгилер жөнүндө кызыктуу сюжеттер мени абдан таасирленткени эсимде. Көрсө чыныгы жырткыч бул айланасындагы баарын, мейли адам болсун же жаныбар, кырып жок кылган адам тура... “Кыяматтын” айрым каармандарына караганда карышкырларда адамдык сапаттар көбүрөөк турбайбы!

Негизи Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармаларында башкы каарман катары адамдар менен катар жаратылыш, жаныбарлар болуп, жазуучу алардын терисине чеберчилик менен кирип, ааламды алардын көзү менен көрсөтөт. Автор менен бирге сен ар бир сап менен баарын сезесиң: ар бир жаныбардын, гүлдүн, чөптүн, көлдүн жана жада калса таштын кубанычын жана кайгысын сезесиң. Айтматовдун биз баарыбыз - бирдиктүү бүтүнбүз, эгер жаратылышты сактабасак, анда адамзаттын да күнү бүтөт деген идеясы мага абдан жакын.

Кийинчерээк мен өз алдымча окуп жана жактырган анын алгачкы болсо да, кайталангыс чыгармалары булар болду - “Эрте келген турналар”, “Ак кеме”, “Делбирим”. Ошентсе да менин эң жактырган чыгармаларым - бул “Биринчи мугалим” жана “Жамийла”. Бул эмгектердин баары жакшы жана жеңил жазылгандыктан, оңой окулат. Бирок эмоционалдык жактан мен үчүн абдан оор. Ар бир китепти окуп жатып ыйлагам. Китепти окуп бүткөндөн кийин аягы кайгылуу болсо да, жан дүйнөң жеңилдей түшөт. Анткени сенде, сенин жан-дүйнөңдө кандайдыр-бир нерсе өзгөрөт жана сен жашоодо эмнени жасоо туура жана эмнени жасоо туура эмес экенин түшүнүп жетесиң.

Чеберчилиги, эмоционалдык кубаттуулугу жана жазылуу тили жактан мен үчүн Айтматовдун китептери менин сүйүктүү жазуучуларым Пушкин, Островский, Чехов, Булгаков менен бир катарда турат.

 

Менде Чыңгыз Айтматов менен Кыргызстандан тышкары кызыктуу бир жолугушуу болгон. БААУда иштегенге чейин бөлөк жумуштарым менен командировкага Россияга баргам. Москвадагы соңку күнүбүздө уюштуруучулар бизге белек камдашыптыр. Эң мыкты белек эмне болушу мүмкүн? Албетте китеп! Бизди кезек менен сахнага чакырып, сертификат жана китептерди тапшырып жатышты. Катышуучулар ар кайсы өлкөлөрдөн болчу. Китептер да сонун болуп жасалып, сыртынан капталган эле. Китепти алгандан кийин гана кимге кандай китеп туш келгенин упаковканы ачып билүүгө боло турган. Ошондо мага Чыңгыз Айтматовдун китеби тийип, абдан кубанганым эсимде. Катышуучулардын арасында китептерин алмаштыргандар болду. Мага да алмашууну сунушташты. Бирок бул жогорудан белги деп алмашкан жокмун. Ал китеп бүгүн да менин үйүмдө жана кайра-кайра окуп турам. Ошентип, мен сыймыктанган мекендешим мени башка өлкөдө таап алган.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028