БААУ айылдык мектепке колдоо көрсөттү

БААУ айылдык мектепке колдоо көрсөттү

8 декабря 2022

Борбор Азиядагы Америкалык университети Чүй облусунун Аламүдүн районун О. Турсуматов атындагы Бер-Булак жалпы билим берүү орто мектебине 20 компьютер өткөрүп берди. Мектепте БААУнун президенти жана Бард-Колледждин вице президенти Джонатан Беккер жана БААУнун вице-президенти Чыңгыз Шамшиев болуп кайтышты.

Буга чейин мектеп университетке кайрылып, компьютерлер менен камсыз кылуу боюнча материалдык-техникалык колдоо көрсөтүүнү өтүнгөн. БААУнун жетекчилиги ал кайрылууну карап чыгып, мектепке колдоо көрсөтүү чечимин кабыл алган. 1-декабрда БААУнун өкүлдөрү мектепке барып, анын окуучулары жана мугалимдеринин жамааты менен жолугушту.

Окуу жайдын директору Гульнара Мамбетиманова билдиргендей, мектеп 191 окуучуга ылайыкташып, бирок ушул тапта анда 419 окуучу 2 смена менен билим алышат. Эң кичинекей тарбиялануучулар 3 смена менен окууга аргасыз. Мектепте болгону 11 компьютер менен камсыздалган бир чакан информатика кабинети бар. Орто эсеп менен бир класста 20 жана андан ашуун окуучу окуп келет. Андыктан 1 компьютерге 2-3 окуучу туура келип, бул өз кезегинде окутуу процессине терс таасирин тийгизүүдө.

Төмөнкү класстардын окуучулары коноктор менен чын дилинен баарлашып, англис жана кыргыз тилдеринде ырларды жакшы билерин көрсөтүштү. Ал эми жогорку класстын окуучуларын көбүнчө чет өлкөдө билим алуу жана БААУ менен БААУнун Инновациялык колледжинин стипендиалдык программаларына окууга тапшыруу шарттарына байланышкан суроолор кызыктырды. БААУнун президенти Джонатан Беккер БААУнун калктын аярлуу катмарларынан чыккан жаштарга колдоо көрсөтүүгө болгон умтулуусу тууралуу айтып, окуучулар үчүн БААУда таанышуу турун уюштурууну убада берди.

Джонатан Беккер: “БААУнун компьютерлер түрүндөгү чакан арзыбаган белеги окуучуларга окуусунда ийгиликтерди жаратууга жана жашоо-турмушка даярданууга жардам берет деген үмүттөбүз. Ошондой эле биз сиздердин айрым окуучуларыңар БААУнун Инновациялык колледжинде же болбосо БААУнун өзүндө окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деген ойдобуз. БААУ – бул эң оболу кыргыз-америкалык университети жана биз үчүн Кыргызстандын коомун колдоо маанилүү. Бизде коомдун ар кандай катмарларынан чыккан студенттерге колдоо көргөзгөн көптөгөн программаларыбыз бар жана биз окуу жайы катары коомго пайда алып келип жатканыбыз үчүн ишенимге ээ болгубуз келет”,- деп белгиледи.

БААУнун вице-президенти Чыңгыз Шамшиев: “Жакшы билим берүү сенин кайда жашарыңдан жана кайсы социалдык катмарга таандык болгонуңдан көз карандысыз түрдө баарына жеткиликтүү болушу керек. БААУда жөндөмдүү, таланттуу студенттерди колдогон стипендиалдык программалар көп. Биз алар тууралуу Бер-Булак мектебинин окуучуларына маалымат беребиз”,- деп оюн билдирди.

Өз кезегинде мектептин директору Гульнара Мамбетиманова БААУнун жетекчилигине көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Биз БААУга абдан ыраазыбыз. Биздин мектепте көптөн бери компьютерлер жетишсиз болуп келген. Эми бизде окуучуларыбызга замандын талабына төп келген сапаттуу билим берүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жаралды. Биздин сунушубузду колдоого алганыңарга рахмат. Айылдын деңгээлиндеги мектеп үчүн бул чоң белек. Бул талашсыз түрдө билим берүүнүн сапатынын жогорулоосуна өбөлгө түзөт”.

Мектептин жетекчилиги билдиргендей, компьютерлердин бир бөлүгү информатика кабинетине жайгаштырылса, калган бөлүгү мугалимдердин билим берүү процессинде колдонуусу үчүн класстарга орнотулат. БААУ техникаларды орнотуу жана кызмат көрсөтүүдө, ошондой эле программалык камсыздоо жаатында техникалык колдоо көрсөтүүнү убадалады.

БААУ жана О. Турсуматов атындагы Бер-Булак жалпы билим берүү орто мектебинин ортосундагы кызматташуу улантылат. Кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарынын бири – бул мектепти БААУ жана БААУнун Инновациялык колледжи тарабынан ишке ашырылып жаткан мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программасына кошуу.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028