3 ноября 2022
#alumni#LifeAfterGraduation#MAT
Версавия Гура 2021-жылы БААУнун Окутуу боюнча магистрдик программасын аяктаган. Университетти бүтүргөндөн кийин ал Fulbright Окутууда мыктылык жана жетишкендик программасына кабыл алынып, учурда АКШнын Мэдисон шаарындагы Висконсин университетинде курстарды өтүүдө. Бул маекте Версавия студенттерди сүйгөн иштери менен алектенүүгө шыктандыруу үчүн өзүнүн окуясын бөлүшөт.
Версавия БААУда окуган мезгилин эстеп, ал жактагы билим берүү маданиятына ыраазы болгонун белгиледи: «БААУ ар кандай багыттарда терең билим алууга эң сонун жер. Өзгөчө окутуучулардын колдоосу жана жардамы мага сын-пикир алып, окутуучулук кесипти баштоого жардам берди. Университетти аяктагандан кийин Кара-Балтадагы мектепте иштеп, окутуучулук кесибимди уланттым. Ошондой эле, мен мектепте мугалимдерге насаатчылык кылуу жана студенттерге кеңеш берүү менен алектенем. Студенттерге кабыл алуу процессинде жана эл аралык экзамендерге даярданууда жардам берем».
Fulbright Окутууда мыктылык жана жетишкендик программасына арыз берүү, TOEFL тестинен өтүү жана маектешүү сыяктуу үч негизги этапты ийгиликтүү бүтүргөндөн кийин, учурда Версавия АКШнын Висконсин штатындагы Мэдисон шаарында жашайт. Версавия Висконсин университетинде окутуучулук курстардан өтүп, Вел Филлипс Мемориал орто мектебинде практикалык стажировкада. «Fulbright Окутууда мыктылык жана жетишкендик программасы — Кыргызстандагы мугалимдер үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Мен бул программага окутуучулук көндүмдөрүмдү өркүндөтүү жана билим алуу менен чет өлкөлүк тажрыйбага ээ болуу үчүн катыштым», — деп бөлүшөт Версавия.
Версавиянын программасы жаңы эле башталганы менен, ал Fulbright программасынан кийинки жашоосуна пландарды түзүп койгон: «Мен үйгө кайтып, бул жерден үйрөнгөн ыкмалар менен иш-чараларды Кыргызстандагы студенттериме практикалоону пландап жатам. Мындан тышкары, өз тажрыйбамды бөлүшүү үчүн мектепте мугалимдерге мастер-класстар жана тренингдерди уюштурам».
«БААУ студенттерине кеңешим: ар дайым кесиптик багытыңыз болсун, жана бул жолдо сизди алдыга сүйрөй турган сырдуу күч — сүйгөн ишиңизди аткаруу жана аны шыктануу менен жасоо экенин унутпаңыз».