БААУда Манас таануу сабагын Вахтель мырза окуйт

БААУда Манас таануу сабагын Вахтель мырза окуйт

7 августа 2012

БААУда Манас таануу сабагын Вахтель мырза окуйт

- Урматтуу, Эндрю мырза  Америкалык билим берүү системасынын жалпы өзгөчөлγгүнө токтоло кетсеңиз жана Кыргыз Америка  университети кандай системада окутулат, Америкалык системадабы же аралашпы?

- Айта кетиш керек, Америкалык билим берүү системасы бир гана өткөн Советтер Союз учурунан гана эмес Европалык билим берүү системасынан да өзгөчөлүнүп турат. Эң биринчиден дайыма билимдин конституциясын жакшы өздөштүрүш керек. Тажрыйбалуу, иштеп кетүүгө жөндөмдүү адамдардын саны күн сайын өсүүдө. Биздин билимге көз карашыбыз башкача. Бизде болсо ич арада суроолорду бергенге өзү аракеттенгенге, өз алдынча маселе чечүүгө көп көңүл бурулат. Көз карандысыз болууга аракеттенет. Акыркы 20 жылдын ичинде заман таптакыр башкача нукка бурулду. Анын үстγнө компьютер, технология, мобилдик телефондор менен иштегендер көбөйүп жатат. Кимге кандай маалымат  кызык болсо чөнтөк телефондон эле маалыматтарды таап, ар түрдүү фактыларды ал жактан тактап алууга дагы толук мγмкγнчγлγктөр бар.

            Америкалык билим берүү системасы ар дайым өзгөчө. Кандай гана адам болбосун  тынбай иштеш керек. Канчалык көп билсең, ошончолук өзүңө акыбети кайтат. Ошондуктан өзүңдүн артыңда дайыма кандайдыр бир баланс болуш керек. Мына ошондо биз тажрыйбалуу боло алабыз. Америкалык ситемада профессор менен студенттин пикир алышуусунун ортосунда  статус жок. Ата менен баладай эле каалаган убагыңда маектешип, билбегениңди сурап ала аласың. Дагы бир өзгөчөлүгү Америкалык система дайым кененирээк болгонунда. Эгерде сен Россиянын экономисти болсоң 25 курс окуп, экономиканы абсолюттук түрдө билип чыгасың. Ал эми Америкада 12 курс  экономика болсо астрология жана социология курсунда жалпысынан алганда көбүрөөк билесиң. 25 курскка караганда  бул 5 жылга, 6 жылга, 2 жылга же 6 айга азыраак жана пайдалуу болгонунда. Биздин методубуз заманбап. Негизинен биздин билим берүүбүз 100 пайыз Америкалык системада окутулат. Билим сапаты боюнча Борбор Азиядагы эң алдыңкы жана сапаттуу университет.

 

-          Манас таануу сабагынан лекцияны өзүңүз окуйт экенсиз. Бизге бул абдан кызык болуп жатат. Ушул жөнүндө айтсаңыз?

-          Бул жөнүндө биздин билим берүү министрлиги тарабынан  Манас таануу сабагы  программага киргизилсин, студенттерге окутулсун деп чечим чыгарылган. Чынында эле баарына кызык болуш керек. Студенттерге эпос деген эмне? Эпос кандайча жаралган? Кыргыз улуттук эпосу башка элдердин эпосунан эмнеси менен айырмаланат?-деген кызыгуулар жаралат. Мына ушул сабак менин кесибиме жакыныраак болгондуктан, тагыраак айтканда, менин эң негизги китебим бул - улуттук мамлекеттин маданияты. Манас таануу сабагы буга абдан шайкеш келген сабактардын бири. Башка университетерден канчалык деңгээлде сабак өтөөрүм башкалар үчүн  абдан кызыгууну жараткан болсо керек. Ал эми  өзүм  үчүн бул өтө  пайдалуу.

 

-          Жаңы программаңыз жөнүндө айтсаңыз. Биз Академиянын жаңы мууну деген программаңызды билебиз. Мындан кандай жыйынтык алдыңыздар?

- ЖМА (Жаңы муун академиясы) Борбор Азиядагы Америка Университетинин алдындагы бир жылдык даярдоо программасын окутат. Бул идея БААУнун демөөрчүлөрүнө жана мага таандык. Биз БААУнун алдында мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайларына даярдайбыз. Академиянын башкы максаты Кыргызстандын бардык областтарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүн жогорку билимге ээ болуусуна көмөктөшүү болуп саналат. Республикабыздын жогорку окуу жайларына тапшырууда алыскы райондордун бүтүрүүчүлөрү борборубуздун бүтүрүүчүлөрүнө тең келе албашы мүмкүн. Себептери көп. Мында негизги эки себеп, алар орто мектепте начар билим алышы же материалдык жактан кыйынчылыктар болуп эсептелет. Ошондуктан БААУга бүтүрүүчүлөр үчүн атайын бир жылдык алдын ала даярдоочу жаңы муун академиясын уюштурган.

Мында негизги эки багыт эске алынат. үй-бүлөнүн материалдык абалы жана кандидаттын жогорку академиялык мүмкүнчүлүгү. Конкурсанттар бир топ финансыга документтерди тапшырышат жат жазуу, сунуштамалар, арыз бланкаларын толтуруу, диплом жана грамоталардын көчүрмөлөрү. Экинчи топто жарым финалисттер англис тили боюнча тесттен жана аңгемелешүүдөн өтүшөт. Жогоркулардын негизинде мыктылары тандалып алынат. Бизди айрыкча окууда мыкты ийгиликтерди камсыз кылгандар, коомдук иште активдүүлүгүн көрсөткөн, спортсмен жана чыгармачыл балдар кызыктырат. 2013-14 - окуу жылына карата жаңы билдирмелерди күтөбүз. Академиялык программа сентябрдын башында ишке кирет. Айта келсек, оңой болот эмеспи аны убакыт көрсөтөт. Ошондуктан, азырынча жыйынтык чыгарыш али эрте. ЖМА программабыз ишке ашса дүйнө жүзү боюнча илимдин борбору болооруна шек шок.

 

-          Региондо кандай иш-чаралар жүрүп жатат? Биз билебиз Оштогу кошумча билим берүү борбору тууралуу (КББ).

-          Биз Ошто КББ ачтык. Эми бул кандай өнүгөөрүн көрөбүз. Бирок, бир жылдын ичинде муну да жолго койо алаарыбызга үмүттөнөм. Мына биз Бишкекте балдардын жайкы курстарын ачтык. Эгер булар ийгиликтүү иш алып барып кетсе, күзүндө Ошко жана Кыргызстандын башка  шаарларына ачуу планыбызда бар. Бирок, бул оңой эмес, өзгөчө Нарында адам аз болгонуна байланыштуу бул программа өзүн-өзү актабай калышы мүмкүн. Ошондуктан, келээрки эки жылдын ичинде Кыргызстандын шартына ылайыктап бул программаны иштеп чыгуу керек. Ушул программанын алкагында  студенттер күндө билим алуунун үстүндө гана болуш керек. Мындай шартта сырттан окуп жетишээрлик деңгээлде билим алуу мүмкүн эмес. Бирок, КББ программасынын алкагында келечектеги жаштарга жаңы жетишкендиктерди, мүмкүнчүлүктөрдү ачып беребиз.

 

-          Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуудагы төлөм системасы кандай жана каржылык колдоосу тууралуу айта кетсеңиз?

-                  Дайымкы байланыш кымбат турат. Анткени, бул акчаларды элдердин төлөөсүнө туура келет. Акыркы 20 жылда ушул баада негизгиси докторантурада, магистратурада окуса кымбат деп эсептелчү. Айта кетсек, бизде 1 студент үчүн 5 миң доллар сарпталат. Биз дагы ошого жараша билим беришибиз керек. Биздин студенттер негизинен окуусуна 2 миң доллардан төлөшүп, ал эми 3 миң доллар аларга университет тарабынан коротулат. Мындай акчаны биз ар кандай демөөрчүлөрдөн табабыз. Негизинен чет өлкөдөн келет.

          Биз улам кийинки муундарга жардам берип турушубуз керек эмеспи. Биздин бүтүрүүчүлөр кобүнчо жергиликтүү корпорацияларга жана башка ишке орношо алышат. Ал эми азыр жергиликтүү компаниялар менен болгон келишимди кеңейтерибизге ишенем. Биздин университетте студенттерге татыктуу билим алып чыгууга жана көп нерселерге жетишүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол себептен Америка университетинин билим берүүгө жумшалган инвестициясы жетишээрлик түрдө студенттердин келечеги үчүн арзан инвестиция болуп эсептелет.

 

-          Сиздердин окуу жайдын жаңы салынып жаткан имараты качан ишке берилчүудөй?

-          Менимче кийинки окуу жылында даяр болуп калат. Биз болсо 2013-14-жылдардын ичинде тагыраак айтканда, ушул окуу жылдын 2 семестрында окууга көчүп келе баштайбыз. Максимум 2017-жылы толук көчүп келип калабыз деген үмүттөр бар. Жакында биздин вебсайтыбызда курулушта орнотулган видео камера аркылуу жүрүп жаткан курулуш иштери боюнча толук көрүп, маалымат алсаңыздар да болот.

 

-          Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Кыргызстан сизге жактыбы?

-          Менин мекеним болгон Чикагодо тоолорду көрө албайсың. Ал эми Кыргызстандын тоолору абдан кооз. Өзгөчө мага Кыргызстандын жаратылышы жагат. Кышында аттар менен аңчылыкка чыгып, лыжа тебүүгө да болот. Жайкысын ат менен сейилдейм. Бул абдан укмуш. Негизинен жаратылыштын койнунда, таза абада эс алганды сүйөм. Бир гана Борбордук Азияда эмес дүйнө жүзүн кыдыргым келет. Бул бир эсептен кызык, эл көрүү, жер көрүү дегендей. Ошондуктан, мен көп сейилдейм. Анан дагы абдан көп окуйм. Заманбап жана классикалык адабияттарды жактырам.

 

-          Канча балаңыз бар?

-          Эки балам бар. Алар Чикагодо жашашат. Улуусу он сегизде. Кичүүсү онго толот. Эң улуу уулум жакында Кыргызстанга келип Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып көрүп, кооздугуна абдан суктанды. Жакында дагы Кыргызстанга келип, эс алып кетүүнү пландаштырып жатат.

 

-          Бош убактыңызда эмне кыласыз?

-          Биринчиден, менде бош убакыт аз. Өзүмдүн убактымдын 33 пайызын эс алууга жумшасам керек. Ал эми бул жактан ойлогон ойду ишке ашырыш үчүн көп талыкпай эмгектенүүгө туура келет. Анан албетте, көп жакшы достор бар. Алар менен баарлашып, чер жазам.

 

-          Улуттук ашкананын өзгөчөлүгү эмнеде экен?

-          Ашканасынын байлыгы башка элдердин ашканасы менен болгон байланышында жатат. Кыргыз ашканасынан өзгөчө мен жусай менен жасалган мантысын жактырам.

 

-          Кыргызстандагы эсте калган, кызыктуу күндөрүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

-          Эсте калган  күндөрүм университеттеги ар кандай фестивалдарга, студенттерге байланышкан. өзгөчө эң алгачкы иноуграция берген биринчи күнүм. Жана досторум мени мергенчиликке биринчи жолу барган күнүм. Бул дагы кызыктуу күндөрүмдүн бири десем жаңылышпайм.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028