Миграция боюнча мыкты эссе конкурсу

Миграция боюнча мыкты эссе конкурсу

10 июня 2016

Борбордук Азиядагы Америка унивеситетинин Тян-Шан аналитикалык борбору (БААУ ТАБ) конкурс жарыялайт 

МИГРАЦИЯ БОЮНЧА МЫКТЫ ЭССЕ КОНКУРСУ

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн.

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын студенттери учурдагы миграциянын бардык аспектилерин камтыган, саясатты курууга болгон миграциянын таасирин, ошондой эле коомчулукка тийгизген саясий, экономикалык жана социалдык таасирин көрсөткөн эссени жазууга чакырылат (теманы тандоо студенттин өз ыктыяры).   

Мыкты эссени карап чыгып жана тандоо үчүн мамлекеттик мекемелердин, жогорку окуу жайлардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз жана адилетүү калыстар тобу куралат.  Конкурстук иштер өз актуалдуулугу жана маанилүүлүгүнө, автордун миграция тармагындагы негизги суроолорду чече билүүсүнө карай бааланат.

Мыкты деп табылган алдыңкы эссенин авторуна 300 АКШ доллары ыйгарылат, ал эми экинчи жана үчүнчү орундарга ээ болгон эсселердин авторлору тиешелүү 200 жана 100 АКШ доллары менен сыйланышат[1]. Андан сырткары,  үч көрүнүктүү эссенин авторлору сертификаттар менен сыйланышат.

Мыкты деп табылган үч эссе жана көрүнүктүү деп сыйланган эсселер БААУ Тян-Шан аналитикалык борборунун Central Asia Policy Review журналынын атайын санында чыгарылат.

Конкурска катышуу үчүн эссе 2016 жылдын 10 июнуна чейин жиберилүсү зарыл. Эссени кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазууга болот.

Конкурска катышуу үчүн эссени жана суроолорду төмөнкү даректерге жиберүү зарыл:

Айнур Таирова: tairova_a@auca.kg

Татьяна Злобина: zlobina_t@auca.kg

 

--

БААУ ТАБ (https://auca.kg/ru/tspc/)коомчулуктун кызыкчылыгын көздөгөн; изилдөө жана анализ жүргүзүүчү, ошону менен катар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүнү, эффективдүү жана негизделген чечимдерди иштеп чыгууну жана аткарууну көздөгөн  инновациялык, коммерциялык эмес уюм.

2016 жылга чейин ТАБ жалпысынан 1 млн. АКШ долларынан көбүрөөк суммадагы гранттык программадагы төмөнкү долбоорлорду жүзөгө ашырган: талаптарга ылайык башкаруу, айлана чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү, адам укуктары, миграцияны башкаруу.

Миграция боюнча эн мыкты эссе конкурсу Ачык коом институтунун (OSF) колдоосу менен жүзөгө ашып жаткан: “Эффективдүү миграция боюнча саясатын иштеп чыгуу учүн Кыргыз Республикасында жагымдуу абалды түзүү: мамлекеттик миграция мекемелеринин потенциалын өнүктурүүгө көмөктөшүү жана Кыргыз Республикасында миграция тармагындагы билим берүүнү демилгелөө” долбоорунун алкагында өтүп жатат.

 

[1]Акчалай сыйлыктар КР Улуттук Банкынын курсуна карата Сом менен ыйгарылат.  

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028