Эндрю Вахтель Кыргыз Улуттук университетинин Ардактуу профессор наамын алды

Эндрю Вахтель Кыргыз Улуттук университетинин Ардактуу профессор наамын алды

4 марта 2016

2016-жылдын 4-мартында БААУ президенти Эндрю Вахтелге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети тарабынан “Ардактуу профессор”  наамы ыйгарылып, күбөлүк тапшырылды. КУУ проректору Эрмек Усекеев мейманга академиялык мантияны жана конфедерат баш кийимин кийүүгө жардам берди.

Бул иш-чара КУУ башкы имаратынын ири жыйналыш бөлмөсүндө салтанат менен өткөрүлдү.

Тараптар эки университет ортосунда билим берүү багытында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Кызматташууну бир учурда бир нече багытта ишке ашыруу көздөлүүдө: билим жана иш тажрыйбасын алмашуу; лекцияларды окуу, симпозиум жана конференцияларга практик-адистердин катышуусу, профессордук-окутуучулук курам менен алмашуу; симпозиум, семинар, конференцияларды биргелешип уюштуруу; окутуу жана илимий программаларды биргелешип иштеп чыгуу, өрчүтүү жана өркүндөтүү; басылмалар жана материалдар менен өз ара алмашуу.

Салтанат аземи аяктагандан кийин, жогорку окуу жайлар тарабынан алгачкы жолу биргелешип өткөрүлүп жаткан “Ачык лекция” берилди. Аталган ачык лекция Эндрю Вахтель тарабынан “Постсоветтик өлкөлөрдө жогорку билим берүүнүн өнүгүшү” аттуу темада КУУ студенттерине жана профессордук-окутуучулук курамына өткүрүлдү.

БААУ президенти, - профессор, мурдагы СССР элдеринин адабиятын, маданиятын, тарыхын изилдеген тилчи жана адабиятчы, Европа жана АКШнын университеттеринде 25 жылдан ашуун илимий жана педагогикалык тажрыйбанын ээси - лекцияны окуп жатып, учурдагы абалды, постсоветтик өлкөлөрдөгү жогорку билим берүү системасынын өнүгүүсүнүн артыкчылыктары, дүйнөдөгү заманбап билим берүү тренддери, эл аралык рейтингдерге умтулуусу эмне үчүн маанилүү болгондугу жана дагы башка көптөгөн маселелер жөнүндө айтып берди.  

Угуучулардын көңүлүн алган баяндамадан кийин, ар түрдүү – эмне үчүн студенттердин окугусу келбейт, сынактарда көчүрүүнү кантип таштатса болот – деген сыяктуу көптөгөн суроолор берилди, КУУ окутуучулары болсо сабак берүүнүн интерактивдүү ыкмалары жана БААУ сабактарына катышуу боюнча кайрылууларын билдиришти. 

– “Интерактивдүүлүктүн жоктугу жаш куракта эмес. Анткени БААУда улуу муундун өкүлдөрү да ийгиликтүү түрдө окутушат. Буга болгону көңүл керек. Сабакка келдиң, жөн эле лекцияны окудуң, кеттиң – кандай оңой иш. Болгондо да окутуучуларга эле эмес, студенттер үчүн дагы оңой. Интерактивдүүлүк – бул жөн гана суроо-жооп эмес. Мында суроону берүү, ар түрдүү көз караштарды билдирүү, талашып тартышуу, студент менен окутуучу биргелешип бул суроолорго жооп издегени камтылат. Бир гана туура жооп болушу мүмкүн эмес, көбүнчө бир нече жооп пайда болот. Мунун бардыгы – студенттерден да күч-аракет жумшоону талап кылган биргелешкен иш. Алардын болсо кээде ойлонгонго да моюну жар бербейт... Сандар, белгилүү күндөр, формулалардын жыйындысы сыяктуу билимдин өзү эле эмес, ошолорду пайдаланып, ошолордун негизине таянып иш кылуу абдан маанилүү. Билим берүүнүн милдети – студентти жайлуулук, комфорт аймагынан чыгууга дуушар кылуу деп эсептейм. бЯ считаю, задача образования – заставить студента выйти из зоны комфорта. Башка маданият, тил, доорго кирип, ал жерде багыт табууну үйрөнө билиш керек. Бул үчүн көптү билип, бул билимди колдоно билиш керек” – деп, Эндрю Вахтель жолугушуунун аягында баса белгиледи.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028