Жаңы 2016-жыл менен!

Жаңы 2016-жыл менен!

24 декабря 2015

Урматтуу БААУ студенттери, бүтүрүүчүлөрү, окутуучулары жана кызматкерлери!

Сиздерди келе жаткан Жаңы 2016-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Жаңы жыл сак-саламаттык, кубаныч, эсенчилик менен келишин тилеймин.

Учурдан пайдаланып, университетибиздин өнүгүшүнө кошкон өтө кымбат салымыңыз, көрсөткөн колдооңуз, камкордугуңуз үчүн сиздерге чоң ыраазычылык билдиргим келет. Кетип бара жаткан жылда, биз алдыбызга татаал милдеттерди койдук, аларды ишке ашыруу үчүн сабыр, жогорку кесипкөйлүк, толугу менен берилип иштөө талап кылынды. 2015-жыл БААУ жашоосунда чоң жетишкендиктер, жаркын окуялар менен айрыкча маанилүү болгонуна эч күмөнүм жок. Алардын арасынан, психология боюнча магистрдик программанын ачылышын, университетибиздин Борбордук Азияда алдыңкы 5 жогорку окуу жайдын катарына киргенин, Чыгыш Европа жана Евразия өлкөлөрүнүн арасында жүргүзүлгөн эл аралык кадырлуу QS рейтингинде 106 орунга татыктуу болгонун, жаңы донорлордун тартылганын, натыйжалуу уюмдук түзүлүштүн курулганын белгилегим келет. Ал эми Борбордук Азиядагы эң мыкты, инновациялык БААУ кампусунун ачылышы албетте жылдын эң башкы окуясы болуп саналат.

Келе жаткан жылда биз университетти өнүктүрүүнү улантабыз. БААУ өз алдына чоң милдеттерди койгон. Биз бардык финансылык операциялардын натыйжалуулугун, ачыктыгын жана тазалыгын камсыздоо аркылуу, аларды жүргүзүү процесстерин жакшыртуу боюнча ишибизди күчөтүүнү көздөп жатабыз. Академиялык бөлүмдөргө финансылык каражаттарды колдонууда көбүрөөк өз алдынчалыкты берүү ниетибиз бар. Биз Борбордук Азиядагы Америка университетинде окутуу жана билим алуунун сапатын жогорулатуу боюнча ишибизди улантабыз.

Биздин таланттуу жана эмгекчил кызматкерлерибиздин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактуу аракеттери менен, БААУ абройлуу, перспективалуу рейтингдерде өз ордун жакшыртууну жана Борбордук Азияны изилдөө тармагында дүйнөдөгү алдыңкы позицияларды ээлөөнү каалайт.

2016-жыл үйүңүзгө бакыт, таалай, берекет алып келсин!

 

Терең урматтоом менен,

Эндрю Б.Вахтель

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028