БААУнин жаңы кампусунун салтанаттуу ачылыш аземи

БААУнин жаңы кампусунун салтанаттуу ачылыш аземи

6 ноября 2015

2015-жылдын 31-октябрында Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) Бишкектеги жаңы кампусунун салтанаттуу ачылыш аземин өткөрдү.

Бул салтанатка АКШ Мамлекеттик департаментинин башкы катчысы Джон Керри, Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппараттын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева, билим берүү министри Эльвира Сариева, Бард Колледждин вице-президенти Джонатан Беккер, БААУ камкорчулар кеңешинин төрагасы Вильям Ньютон-Смит, “Ачык коом фондунун” өкүлдөрү сыяктуу кадырлуу меймандар катышкан.

Керринин сөзүнөн: “Бул университет, Борбордук Азиядагы Америка университети силерди – студенттерди окутуунун алтын стандарты болуп саналат. Бул жерде критикалык ой жүгүртүүгө, жалпы кабыл алынган көз караштарды талашып тартышууга үйрөтөт. Силер жөн гана берилген маалыматты ала бербестен, аны терең изилдеп, талдап, акылыңарда иштеткенди, керек болсо окутуучунун айтканына каршы чыгып талашууну билишиңер керек. Мына дал ушундай билим, чыныгы билим болуп саналат. Бул окуу жайда кайдыгер, жазганчаактар үчүн эмес. Бул жерде мүмкүн болушунча эң мыкты болгонго эрктүү болуу зарыл.

“Бул жаңы кампус Орто Азияда жеке менчик каражаттардын эсебинен курулган, толугу менен экологиялык технологияларды колдонгон алгачкы курулуш долбоор болгону менен өзгөчө. Геотермалдык ысытуу жана муздатуу, заманбап канализациялык жана ирригациялык системалар, чөлкөмдөгү энергияны пайдалуу колдонуудагы эң жогорку көрсөткүчтөр бул жаңы имаратта ишке ашырылган. ”, деп Джон Керри кошумчалаган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев куттуктоо билдирүүсүн жиберген. Билдирүүнү Мира Карыбаева окуп берген: «1993-жылы негизделген БААУ Кыргызстандын жогорку билим берүү системасындагы эң ийгиликтүү үлгүлөрүнүн бири болду. Университет жыйырмадан ашуун мамлекеттен келген студенттерден, көптөгөн беделдүү адистерди чыгарды. Ушул жаңы имарат дүйнөнүн төрт бурчунан келген жаштардын дүйнөнү, анын ичинде Кыргызстанды туура тарапка багыттай турган ой-пикирлеринин алмашуу ордосуна айлансын».

Эльвира Сариева: “БААУ КР жана АКШ ортосундагы мамилелердин тарыхында эң жаркын жана маанилүү долбоор болуп саналат. Бул университет, улуттук жана эл аралык деңгээлде жогорку көрсөткүчтөргө жеткен билим берүүгө жеке менчик акча каражаттарын инвестиция кылуунун мыкты үлгүсү болуп эсептелет.

Сөз айтчулардын бардыгы сүйлөп бүткөндөн кийин, БААУ Президенти Эндрю Вахтель университеттин жаңы имаратынын курулушуна катышкандардын бардыгына ыраазычылыгын билдирди.

“Америка Кошмо Штаттары университеттин бардыгына дем берген, АКШнын жогорку билим берүүгө карата мамилесин, билим берүүдөгү либералдык системага өзгөчө белгилеш керек. Кыргызстандагы шарттарга ылайыкташтырып, тажрыйбага таянып, биз бул системаны бир аз өзгөртүп өздөштүрдүк, албетте биз муну Орто Азияда Кыргызстанда гана ишке ашыра алмакпыз, ошондуктан, берилген мүмкүнчүлүк үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдиргим келет. Ошондой эле, биздин камкорчулар кеңешине да рахмат айтам. Аларсыз биздин университет азыркыдай болмок эмес. Университетибиздин бардык кызматкерлерине, акыркы алты ай ичинде ушул жерди даярдап, болгон күчүн аябагандары үчүн ыраазымын. Жыйынтыктап айтканда, студенттерибизге, окутуучуларыбызга, кызматкерлерибиздин бардыгына да рахмат айтмын, аларсыз биздин университет суук дубал бойдон калмак. Университетибиздин жандуу руху бул жердеги кишилердин аркасында жашап жүрөт. Биздин студенттер, окутуучулар, кызматкерлер – бардыгы ар бир күнүбүзгө дем берет. Алар үчүн эртең менен жумушка келебиз, күнүбүздү өткөрөбүз. Алар жөн гана сонун кишилер болгону үчүн, бардыгына ыраазычылыгымды билдиремин” – деп, Эндрю Вахтель сөзүн жыйынтыктады.

Ачылыш салтанаты чүйгүн азыктар менен тамактануу жана майрамдык салют менен аяктады.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028