Чет элдик эмес, Борбордук Азиялык

Чет элдик эмес, Борбордук Азиялык

13 июля 2015

Маектешибиздин аты-жөнү Нил Тарман Клэнси Полинг (Neil Thurman Clancy Pauling), же Даррэн уулу Нил. Аны менен биринчи жолугуп, орусча билет бекен деген сурооңузга “Ну, я думаю, что я говорю по-русски очень хорошо” – деп орусча таптаза жооп бергенде анча-мынча чочуп да кетишиңиз мүмкүн.

Нил өзү Нью-Йорк штатынын Нью-Рошелл шаарынан болот, университетте 4-курста, негизги адистиги боюнча Эл аралык мамилелерди, Россия жана мурдагы Советтер Биримдигине өзгөчө көңүл бөлүп билим алат. Борбордук Азия саясатын, орус жана өзбек тилдерин үйрөнүү үчүн берилген стипендия боюнча Кыргызстанга келгенине бир жылдай болуп калды.

- Сөзүбүздү баштасак, эмне үчүн алгач орус тилин үйрөнөйүн деп чечтиң?

- Мен дайыма мурдагы Советтер Биримдигине, бул өлкөнүн эли жөнүндө кызыгып жүргөм. Саясий көз караш менен алып караганда, орус тили абдан маанилүү тил. Ошондой эле, мен өзүм өсүп чоңойгон Вестчестер Каунти аймагында орус тилдүү чоң топ жашайт, алардын арасында өзбекче сүйлөгөндөр да бар. Андыктан, мен мекениме кайтканда досторум, тааныш кошуналарым менен орус тилинде сүйлөөнү тажрыйба кыла алам.

 

- Тил үйрөнүп баштаганыңа эң чоң түрткү эмне болду?

- Бул бир кызыктай угулушу ыктымал, бирок мен бир жолу YouTube аркылуу улуттук кийимчен казак орустардын ырдаганын көргөм. Ошондон баштап бул тилди абдан жакшы көрүп калдым.   Убакыттын өтүшү менен, кызыгуум чыгыш дүйнөсүнө ооп баштады, ошентип мен татар маданиятына кызыктым, андан ары жолум Кыргызстанга чейин уланып келди.

 

- Бишкекке келгенден бери эмне кылып жүрдүң?

- Августтан бери Бишкектеги “London School” жеке менчик тил мектебинде окудум. Негизинен орус тилине басым кылдым, бирок аны менен катар өзбек тили боюнча сабак алдым. Экинчи семестрде Борбордук Азия саясаты боюнча сабак алганга мүмкүнчүлүк болду. Борбордук Азиянын экономикасы жана Россиянын эл аралык мамилелери жөнүндө билим алдык. Сабактардын бардыгы орусча өтүлдү. Ал эми июнь айынан бери Борбордук Азиядагы Америка университетинин жайкы окуу практикалык программага мүчөмүн.

 

- Кыргызстанга келүү чечимин кантип чыгардың?

- Wikipedia булагында Кыргызстан жөнүндө бир эки барак окугандан кийин, бул өлкөгө болгон кызыгуум дагы да күчөдү. Чындыгында бул жөнүндө тамашалуу бир окуя да болгон. Бир жолу башка бир чет өлкөдөн иш-сапардан үйгө кайтып баратканда, учакта жанымда “Манас” аэропортунда иштеген бир эже отуруп калды. Ал мага азыр колдонуудан чыгып калган кагаз түрүндөгү эски бир сомду берди. Анан мени келе жаткан 2-3 жылдын ичинде сөзсүз түрдө Кыргызстанга келеримди айтты. Бул окуя 3 жыл мурун болгон. Албетте, ал учурда мен муну тамаша катары эле кабыл алып койгом, бирок акыры мунун түбү  менин бул жерде болгонум менен аяктаганына сүйүнөм. Көп нерсени үйрөндүм, ар улуттагы досторго ээ болдум. Пост-советтик чөлкөмдө ар түрдүү улуттардын, маданияттардын көптүгү бул жердин эң чоң байлыгы деп эсептейм.

 

- Борбордук Азия элдеринин кулк-мүнөзү, менталитети жөнүндө эмне айта аласың? Сен көнүп калгандан катуу айырмаланат бекен?

- Ооба, чоң айырмачылыктар бар. Өзгөчө Нью-Йорк сыяктуу ачык эмес коомдон келген киши үчүн бул дароо сезилет. Нью-Йоркто көчөдө бирөөнүн жанында кетип бара жатып, ал сага салам да айтып койбойт. Бирок бул жерде көп адамдар мен менен саламдашат, мен менен сүрөткө түшөт, а түгүл тамагым үчүн да акча төлөп коюшат. АКШда мен мындайга эч жолуккан эмесмин. Жалпы жонунан бул аймактын элинин меймандостугу абдан баалуу.

 

- Борбордук Азия өзүн эмнеси менен кызыктырды?

- Мен мурда “Globe Trekker” телепрограммасын көрчүм. Алып баруучу көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып, алардын тарыхы, маданияты, тамак-аштары жөнүндө айтып берчү. Программанын бир сериясы Борбордук Азия жөнүндө болгон. Европа менен Азиянын ортосунда жайгашып, маданияттардын, тарыхтын, элдердин, тамак-аштардын аралашкан жери деп айтылган. Бул жерди телевизордон суктанып карап отурдум, таптакыр башкача дүйнө экенине таң калдым.

 

- Бир нече жолу тамак-ашты сөз кылдың, абдан жаккан окшойт ээ?

- Бул жердин тамагы мага абдан жагат, чүйгүн даамдуу тамактардын кайсынысы эң мыктысы деп да тандай албайм. Албетте палоо болуш керек. Бешбармак да мыкты. Бир жолу мен чет өлкөлүк студенттер менен кыргыз бир үй-бүлөгө конокко бардык. Үй ээси бизди бешбармак менен тосуп алды. Арабызда эң улуу ким болгонун сурады. Мен эң улуусу болгондуктан, мага койдун башын устукан кылып берди. Анан “бул жерин мындай кес, тигиндей кес, кулагын кес” деп үйрөттү. Бул мага абдан жакты, анткени мен мурда жеп көрбөгөндөрүмдүн даамын билгим келет. Америкадан кете элегимде, мен абдан көп эт жечүмүн деп ойлоп жүргөм, бирок бул жерге келгенде мен канчалык жаңылып жүргөнүмдү билдим.

- Маданий шокко учурадыңбы? Күтпөгөн нерселер болдубу?

- Бир абалга учурадым. Албетте, ар үй-бүлөнүн өз тартиби болот, бирок менин байкашымча бул жерде эркек кишилер үй оокатын кылат дегенди эч ким күтпөйт. Мен азыр жашап жаткан үй-бүлөдө тамак ичкенден кийин идиш-аягымды жууюн деп ар бир жолу аракет кылганда, энем (host-mother) мага күлөт. Анан мен эркек киши да тамак бышыра аларын далилдегенге аракет кылдым. Үйдөгүлөргө “кок-а-вин (coq au vin)” деген француз тамагын жасап бердим. Мында тоок сарымсак татымалына чылап бышырылат. Мен күткөндөй эле, бардыгын таң калтырып, алкыштарга ээ болдум.

Дагы бир нерсеге көнө албадым. Даамдуу тамактарды канчалык жакшы көрсөм дагы, 3-4 табак тамакты бир отуруп эле түгөтө албайм. Бирок энем улам эле табагыма тамак куя берет да “Нил, жей кой, жей кой!” дей берет.

 

- Университетте кандай сабактарды окуп жатасың?

- Орус тили боюнча эң жогорку деңгээл бул жерде ортоңку, мен аны бүтүрүп койдум. Ошондуктан, “Борбордук Азияда саясат” деген сабакты гана алып жатам. Сабакты жергиликтүү профессор берет, бирок ал дүйнөнүн төрт бурчун кыдырыптыр, Америкада да окутуучулук кылган. Сабактардын сапаты жогору, Америкадагыдай. Студенттер талаш-тартыштарга көп катышат, профессорлор сабактарды жакшы түшүнүп жатканыңды текшерип турушат.

 

- Практика да кылып жүрөсүң, туурабы?

- Мен Борбордук Азия Университетинин Тоо коомчулуктарын изилдөө институтунда тажрыйба алып жүрөм. Улуттар аралык жана жер байлыктары үчүн болгон чатактардын үстүндө иштөөдөмүн. Буга чейин мурдагы Советтер Биримдигинде улуттук идентификация боюнча изилдөө долбоорун жүргүзгөм. Өзбектер Кыргызстанда эң чоң азчылыкты түзгөндүктөн, алардын жарандык жана улуттук-этникалык идентификациясынын маанисин изилдегем. Ошондой эле алардын жанында 1940-жылы сүргүнгө учураган кавказдыктар да бар. Өздөрүн Кыргызстандын жарандары катары кабыл алса да, өзбек элинин өкүлдөрүнүн жарандык идентификациясы улуттук-этникалык идентификациясы менен дал келгенин таптым. Жакынкы изилдөөлөрүм боюнча, өзгөчө кыргыз-өзбек мамилелеринде улуттук-этникалык жаңжалдардын көбү ресурстар үчүн болгон күрөштүн айынан келип чыкканы маалым болууда. Азыркы учурда мен шаарда кеңседе иш кылып жатам, бирок бир аз убакыттан кийин Жалал-Абад, Ош аймактарына чыгып, жер-жерлерде илимий изилдөөлөрдү улантам. Бул жерде өзбек тараптын көз карашын көрүү татаал. Ошондуктан, өзбекче/орусча документтерди изилдөө ишим үчүн издеп жатам. Бул толугу менен жаңы иштелип жаткан долбоор, ошон үчүн мен бул иштен абдан толкунданып жатам. 

- Келечектеги пландарыңда Борбордук Азияга орун барбы?

- Жакынкы келечекте, өзгөчө иш максаты менен мен сөзсүз түрдө бул жерге кайтып келем деп ойлойм. Мисалы, келечекте дипломаттык эмгек жолумду баштагым келет, анан мен өзүмдү Вашингтондо бир конторада отурам деп ойлобойм. Элчиликте, мисалы Бишкекте... же Борбор Азиянын башка ордо калаасында иш кылгым келет

 

Макала Аида Кентассова тарабынан Журналистика жана массалык коммуникациялар факультетинин “ММК үчүн эффективдүү материал даярдоо” сабагы үчүн даярдалган.

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028