БААУ “Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасынын биринчи бүтүрүүчүсү

БААУ “Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасынын биринчи бүтүрүүчүсү

7 июля 2015

Али Реза Йаса, БААУ Борбордук Азияны изилдөө институтуна караштуу “Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасынын биринчи бүтүрүүчүсү. Мекени Афганистан, Социология адистиги боюнча бакалавр даражасын Афганистандагы Америка университетинде жана Катеб университетинде алган. Ийгиликке жетүүнүн жолу канчалык кыйын болгондугу тууралуу маек кылдык.

“Үй-бүлөбүз менен Иранда жана Пакистанда качууга аргасыз болгонбуз. Көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдук, акча маселеси алардын бирөөсү гана болгон. Бала кезимден бери үй-бүлө колуман келишинче жардам кылдым, кичүү бир туугандарымдын билим алуусу дайым үстөмдүккө ээ болуп келген. Менин Борбордук Азиядагы Америка университетинин магистратурасына тапшырганым, биринчи жолу үй-бүлөмө жардам берүүдөн жана өзүм ачкан англис тилин үйрөтүү мектебин башкаруудан маанилүүрөөк болду. Ишимди токтотуу мен үчүн оор болду, мындан улам биринчи семестрге кечигип калгам. Жалаң гана окууга көңүл бурарымды күткөн эмесмин, ошондой эле каада-салттар менен заманбап турмуш айкалышкан өлкөгө келгеним мени абдан таң калтырды. Бул жерде мусулман, христиан, иудейлер, а түгүл атеисттер менен бирге окуй турганыма да таң калдым. Ар башка диндерди туткан, дүйнөнүн төрт бурчунан келген студенттер менен окуу, дем берүүчү атмосфераны түзүп, өз ара түшүнүү, толеранттуулук, чыдамдуулук, маданияттардын ар түрдүүлүктү даңазалайт.

Борбордук Азияны өз жеринде изилдөө мага көптөгөн жергиликтүү кыргыз жана Борбордук Азиянын башка республикаларынын жарандары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берди. Жергиликтүү маданиятка толугу менен чөмүлүү өтө баалуу, сабактарда талкууланган көптөгөн маселелерди изилдөөдө түшүнүктөрүмдү тереңдетүүдө чоң жардам берет. Мекеним Афганистан Борбордук Азия менен узун чек араны бөлүшөт. Мен дайыма тарых, баалуулуктар, каада-салттарда окшоштуктарды байкайм. Тилде, тамак-ашта, үрп-адаттарда жалпылыктар болгону да көрүнүп турат. Бул абал мени 2014-жылы Эл аралык аялдар күнүн майрамдоо үчүн институттагылар үчүн афган түшкү тамагын уюштурууга түрттү, ошондой эле профессор Эмил Насритдиновго ыраазычылык билдирүү катары 2015-жылы май айында дагы бир афган түшкү тамагын да уюштургам.

Борбордук Азияны изилдөөгө болгон кызыгуум, байыркы тарыхтын түбүнө чейин жетүү кумарым менен коштолгон, бирок көңүлүм тез эле антропология тармагына өтүп кеткен. Антропология жана этнографиялык изилдөөлөргө болгон кызыгуум, ошондой эле магистрдик ишимдин темасы профессор Насритдиновдун сабагында пайда болгон. Эл аралык мамилелер, саясат таануу, тарых, антропология жана социология сыяктуу ар түрдүү дисциплиналардын жардамы аркылуу чөлкөмдү изилдөө мүмкүнчүлүгү менин күчтүү жана алсыз жактарымды аныктоого, кайсы тармактарга көбүрөөк кызыкканымды аныктоого жардам берди. Натыйжада мен өзүмө көбүрөөк ишенем, аз тынчсызданам, эми мен докторантурада кайсы багытты тандарымды билем. Бир жарым жылдын ичинде ушундай чоң жетишкендерге жетүү, өзүмдү жетилтүүдөгү эң мыкты кадам болду. Бул ийгилик агай-эжейлеримдин, группалаштарымдын чоң камкордугусуз, жардамысыз мүмкүн болмок эмес.

Профессорлорумдун чоң тажрыйбасы, достук чөйрөсү, сабактардагы талкуулоолор, маданият күндөрү, а түгүл виза кеңсесинин кызматкерлеринин жардамы менин бул жердеги жүргөн кезимди жашоомдогу унутулгус убакытына айландырды. Окуунун оордугуна карабастан, антропология жана социология профессорлору окуу процессин мен үчүн пайдалуу гана эмес, дем берүүчү жана жагымдуу да кылып беришти. Мен өзүмдү БААУ бүтүрүүчүсү деп айткандан сыймыктанам, ошондой эле “Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасынын биринчи бүтүрүүчүсү болуу мен үчүн абдан чоң сыймык”.

 

“Борбордук Азияны изилдөө” магистрдик программасы жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн магистрдик программанын жана Борбордук Азияны изилдөө институтунун интернеттеги баракчаларына кириңиз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028