БААУ Президенти жана кызматкерлери “Кыргыз Республикасында интернетти өнүктүрүү перспективалары” аттуу интернет боюнча Борбордук Азиядагы биринчи симпозиумга катышышты

БААУ Президенти жана кызматкерлери “Кыргыз Республикасында интернетти өнүктүрүү перспективалары” аттуу интернет боюнча Борбордук Азиядагы биринчи симпозиумга катышышты

18 декабря 2014

2014-жылдын 10-декабрында БААУ Президенти Эндрю Вахтель, Финансы боюнча Вице Президент Талант Султанов жана Программалык Жабдууларды Иштеп Чыгуу факультетинин деканы Алмаз Баткенов “Кыргыз Республикасында интернетти өнүктүрүү перспективалары” аттуу интернет боюнча Борбордук Азиядагы биринчи симпозиумга катышышты.

Кыргыз Республикасынын Стратегиялык Изилдөөлөр Улуттук Институту (СИУИ), Интернет Коому, Улуттук Маалымат Технологиялар Борбору, жана Борбордук Азия Изилдөө жана Билим Берүү Тармагы бул иш-чараны уюштурушту.

Мындай конференция Борбордук Азияда биринчи жолу өткөрүлдү. Заманбап маалымат технологиялары боюнча Европанын жана Кыргызстандын мыкты адистери симпозиумга катышышты.

 

Кыргыз Республикасынын Вице Премьер Министри Эльвира Сариева, Интернет Коомунун Европа аймактык бюросунун мүдүрү Фредерик Донк, КР СИУИ мүдүрү Талант Султанов, Интернет Коомунун Ааламдык Интернет Экосистема башкармалыгынын Интернет технологиялар бөлүмүнүн жетекчиси Олаф Колкман, Борбор Азияда аймактык өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн Башкы изилдөөчүсү Джеймс Коуи, ISOC, Дүйнөлүк Банктын бөлүм башчылары, “Гугл” компаниясынын кызматкери Максат Мусаев өз куттуктоо сөздөрү менен симпозиумду ачышты.

 

Сиддхартха Раджа Дүйнөлүк Банктын Маалымат жана коммуникация технологиялары боюнча саясат адиси “Улуттук кенен тилкелүү интернет байланышынын маанилүүлүгү” темасындагы докладын окуган.

 

Андан кийин БААУ Президенти Эндрю Вахтель “Академиялык программаларды өнүктүрүү жана интернет” аттуу билдирүү менен чыккан.

 

Ал Кыргызстан алдыда интернет тармагында дагы көптөгөн иштерди кылышы керектигин, бирок өлкөнүн бул багытта чоң потенциалы бар экенин баса белгилеген.

 “Менин оюмча, өкмөт өлкөнүн байланыш тармагын өнүктүрүү менен кандай пайдаларды аларын түшүнгөндө, интернет секторун өрчүтүү толук мүмкүн. Бул аркылуу онлайн режиминде иштөө сыяктуу жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат, мындайча жумуш менен камсыздоо маселесин чечсе болот. Интернетти колдонуунун эң негизги эрежелери менен кыргыз жаштарын жана калктын бардык катмарларын тааныштыруу чоң мааниге ээ. Өлкөдө интернетти өнүктүрүү үчүн жакшы инфраструктураны түзүүнүн дагы мааниси зор” – деп БААУ Президенти билдирген. 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028