БААУ Беловодское айылындагы балдар үйүнө барып келди

БААУ Беловодское айылындагы балдар үйүнө барып келди

3 октября 2014

 

belovodskiy orphanage

2-октябрда БААУ өкүлдөрү Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан Балдар үйүнө кайрымдуулук көрсөтүү максаты менен барып келди. Биз Балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана кызматкерлери менен сүйлөшүп, аларга кийим-кече, тамак-аш, таттуу, англис тили боюнча оюндарды жана куралдарды, оюнчуктарды алып бардык. Бул жардам Unity Fund клубу жана Коомчулук менен байланыштар кеңсесинин демилгеси менен жыйналган. Уюштуруучулар жана балдар үйүнүн кызматкерлер кош көңүл калбаган БААУ студенттерине жана кызматкерлерине коомубуздун алсыз мүчөлөрүнө берген жардамы үчүн чоң ыраазычылыгын билдирет. 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028