Бермет Исмаилова, Студенттердин координатору

Бермет Исмаилова, Студенттердин координатору

15 сентября 2014

 

1.      Сиздин Студенттик Кеңештеги ишиңиз эмнени камтыйт?


Мен студенттердин координатору болуп иштейм. Менин жумушум бардык студенттердин университеттеги окуудан тышкары ишмердигин жөнгө салууну көздөйт. Негизинен, мен студенттик кеңеште иштеген студенттердин ишине, жана башка бардык студенттердин университеттеги окуудан тышкары ишмердигине көзөмөл жүргүзөм.


2.      Университет жетекчилигинин студенттик кеңешке кылган көзөмөлү канчалык күчтүүжана алардын мамилеси кандай?


Студенттик Кеңеш университеттин жетекчилиги менен студенттер арасында байланыштыруучу көпүрө милдетин аткарат. Эгер студенттердин окуу боюнча же башка ар кандай маселелери пайда болсо, кеңеш ортомчу катары кызмат кылат. Бир айда бир жолу университеттин жетекчилигинен Академиялык маселелер боюнча вице-президент менен студенттик кеңеш менен жыйналыш уюштурат. Бул жыйналышта окуу боюнча маселелер талкууга алынат. Эгерде кимдир бирөө окуу боюнча студенттик кеңешке же мага кайрылса биз бул маселени дароо жетекчиликке жеткиребиз. Ошондой эле башка маселелер, ар түрдүү абалдар боюнча биз жетекчиликтин өкүлдөрү менен дайыма жолуга алабыз.


3.      Студенттер студенттик өкмөттө иштөөгө канчалык кызыгышууда?


9 кызматтык орун бар, ага 20 чамасында талапкер чыгууда, демек болжол менен бир орунга экиден талапкер дал келүүдө. Кээде студенттер кеңеш иштебейт же начар иштейт деп арызданышат. Тилекке каршы студенттер Кеңештин колунан бардык нерселер келе бербегенин түшүнбөйт. Мисалы, окуу акысы же Wi-Fi орнотуу боюнча чоң маселелер кеңеш тарабынан чечилбейт. Албетте, кээде талапкерлер аткарылбас убадаларды беришет, муну талаша албайбыз. Кийин шайлоочулар сурак алышат, ошондо аткарылбаган убадалар үчүн арызданат. Менин оюмча, студенттер Студенттик Кодекс менен таанышып, Кеңештин колунан эмне келерин билип алып, куру сөздөрдү бербеш керек.


4.      Студенттерге шайлоо кампаниясында өз талапкерлигине үгүттөөдө эмнелердиколдонууга уруксат берилген.


Үгүттөө башталар менен маалыматтык жарыяларды жайгаштырууга уруксат, шайлоого бир күн калганда бардык бул жарыялар алынышы керек. Өз үгүттөө каражаттарында башка талапкерлер боюнча терс маалыматтарды жайгаштырууга болбойт.


5.      Студенттик Кеңеш өздөрүнүн иш-чаралары үчүн каржылоону кайдан алат?


Каржы каражаттарынын эң чоң бөлүгү университеттен берилет. Кыргызстан боюнча биздин студенттик кеңештин гана өзүнүн капчыгы бар. Ошондой эле, университеттин окуудан тышкары ишмердигине жигердүү катышкан, муктаж студенттерге стипендия берүү үчүн атайын эсебибиз орун алган. Университет берген акча каражаттарынын чоң бөлүгү негизинен ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү үчүн колдонулат. Кээде биз акча чогултабыз, мисалы “Sream” музыкалык конкурска билеттерди сатабыз. Ошондой эле студенттер үчүн ар түрдүү гранттарга багытталат, биз дайыма Брейн-Ринг конкурсун каржылайбыз. Бардык сарпталган акча каражаттары үчүн колубузда керектүү каржылык документтер, чектер, дүмүрчөктөр бар.


6.      Кээде студенттер Кеңеш эмне иш кылары жана акчаны кайда жумшаганы тууралуу эчнерсе билбегендери боюнча арызданышат. Студенттик Кеңеш кылган ишмердигининтазалыгы далилдөө үчүн кандай чара көрөт?


“New Star” гезитинде бурчубуз бар, анда биз чечкенге аракет кылып жаткан маселелер, көрүп жаткан чараларыбыз тууралуу жазабыз. Бирок эгерде кимдир бирөө биз эмне иш кылып жатканыбызды, акчаны кантип сарптап жатканыбызды бизден билгиси келсе, биздин эшик дайыма ачык, 104-бөлмөгө келишсин, суроолор беришсин. Мен жогоруда айтып кеткендей колубузда бардык финансылык документтер бар.


7.      Алдыда шайлоо болгону турат. Студенттерди шайланууга эмне түртөт?


Студенттик Кеңеште иштөө иш-чараларды уюштурууну үйрөнүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп саналат. Уюштуруу иштери студенттик кеңештин негизги иштеринин бири. Ошондой эле мында иштөө баарлашуу жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрөт, анткени кеңеш дайыма жетекчилик менен байланышта болот. Мисалы студенттер дайыма жетекчиликтин ишмердигине даттанышат, кеңештин жардамы менен алар өз суроолорун жетекчиликке түздөн-түз бере алышат жана өз маселелерин жана ой-пикирлерин айтып бере алышат. Булар кеңеште иштөөнүн артыкчылыктарынын кээ бирлери гана. 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028